04 Сен 2019

Германиянын ак сарайлары

Туризм жаңылыктары
Германиянын ак сарайлары

Германия - тарыхы абдан бай жана улуу мурастарга ээ өлкө. Көптөгөн кооз жерлери дүйнөнүн ар тарабынан туристтерди өзүнө тартып турат. Германияга барып келүүнүн бирден бир себеби - бул анын укмуштуудай ак сарайлары.Германиянын аймагында 25 миңден ашуун ак сарай жана чиркөөлөр жайгашкан. Тилекке каршы, азыркы учурда алардын көбү урандыларга айланган, бирок бүгүн мен силерге мурунку абалын жоготпогон укмуштуудай кооз болгон жана кирүүгө ачык ак сарайлар тууралуу айтып берем. Сиздер үчүн орто кылымдын жасалгалары менен суктанууга жана өзүңүздү ал замандагы адамы катары сезүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Падышалык саякатка чыгууга даярсызбы?) 

1.Нойшванштайн - Бавариянын эң кооз хан сарайы жана Германиянын эң атактуу хан сарайы, деги эле бүтүндөй дүйнөгө белгилүү. Бул дал ошол Диснейдин логотибинде чагылдырылган  хан сарай :) Кайсыл бир учурда бул жай Бавариянын падышасы Людвиг II-нин мүлкү болуп эсептелчи, азыр болсо дүйнөгө белгилүү туристтик жерге айланды. Бул жерге келген саякатчылардын айтымына караганда хан сарай жайдыр-кыштыр кооздугун жоготпойт.        

2.Гогенцоллерн

Бул сарайды караганда : ичинде сөзсүз түрдө баатырлар, аскер бар болушу керек, деген ой келет! Хан сарай готикалык стилде жасалгаланган, анын бирден бир өзгөчөлүгү катары булуттардын үстүндө турганы, анткени ал 855 метр бийиктиктеги тоонун үстүндө курулган.Гогенцоллерде көптөгөн чыныгы баалуу падышалардын асыл буюмдар, таажылары,  улуу Фридрихтин кийимдери жана мындан сырткары көптөгөн башка кымбат баалуу нерселер сакталып турат. 

3.Анхольт

Сиз чыныгы хан сарайда жашап көрүүнү кыялдандыңыз беле?

Эгер сиздин жообуңуз - ООБА болсо, анда сиз үчүн - Анхольт хан сарайы эң ылайык келет. Бир тарабында байыркы атагы чыккан шаардын музейи, экинчи тарбында мейманкана жайгашкан. Хан сарайда 28 бөлмө жайгашкан, алардын ар бири өзгөчө дизайынге ээ жана көптөгөн экспонаттар коюлган. Бул жерде көптөгөн кызыктуу нерсерди көрүп кете аласыз. 

4.Лихтенштейн

Жомоктогудай хан сарай бийик зоонун үстүндө жайгашкан. 

Дүйнөдө хан сарайды курган ээсинин чыныгы мураскерлери биздин заманган чейин ээлеп калгандар абдан аз. Бактыга жараша, Урахс герцогтору меймандос болуп, азыркы учурда Лихтенштейин хан сарайына эркин кирүүгө болот. Хан сарайда көптөгөн  курал-жакактар сакталган. Алыс эмес жерде башка хан сарайдын калдыктарын көрүүгө болот. Ал эми хан сарайда туруп айлананын кооздугуна суктанууга болот. 

5.Кохем

Миң жалдык тарыхы бар, Кахем ак сарайы  Мозель дарыясынын үстүндөгү тоонун бетинде жайгашкан. Жасалгалары орто кылымдын стилинде аткарылган. Саякатчылар үчүн ашкана, хан сарайдын калгаларына кирүүчү жер, баатырдык зал, балкон, курал-жарак сакталуучу жай, ошондой эле готикалык, романдык жана аңчылыкка арналган бөлмөлөр ачык. Сырткы аянтында каппела, конок үйү, байыркы кайтаруучу мунара жайгашкан. 


Спасибо! Мы уже звоним Вам.