17 Июл 2019

Чемоданды даярдайбыз

Туризм жаңылыктары
Чемоданды даярдайбыз

Кутман күң, сүйүктүү саякатчыларым! 

Сиз кезектеги саякатка чемоданды чогултканга даярсызбы? :)

Эң башкысы  эч нерсени унутпай,баарын алуу  керек! Саякатка жөнөп жатканда эмнелерди сөзсүз алышыбыз керек?

  

Документтер жана акча 

Документтер жана акчаларды өзүнчө салуу туура болот. Бир жакка учуп жатканда белиңизге сумка же моюнга илине турган чөнтөк капчык, өзүнчө кол жүктүн ордун элебегендей болгону жакшы.  


Даары-дармек

Жолго чыгып жатканда даары-дармексиз кетүүгө болбойт… Бирок эмне алыш керек?

  1. Оруу басаңдаткыч

  2. Суук тийүүдөн сактоочу даарылар (тамак оорусу, мурун бүтүү, жөтөл үчүн)

  3. Дене табын басаңдатуучу

  4. Диареяга каршы, тамак-аш сиңирүүгө жардам берген жана ферменттик даарылар.

  5. Антибиотиктер

  6. Антигистаминдик даарылар (аллергияга каршы)

  7. Кокустап калган учур үчүн керектелүүчү каражаттар (бинт, лейкопластырь, перекись, йод)

  8. Күндөн сактоочу каражаттар 


Техника

Жолго чыгуудан мурун бардык электорондук жабдууларыңыздын батарейкаларын толтуруңуз, эске тутуу карталарын тазалаңыз. Кубанттандаруучу, кошумча батарейка, аккумулятор жана переходниктерди алууну унутпаңыз. Уюлдук телефон жана башка маанилүү буюмдарды суудан сактоочу атаайын геросумкалар бар. Кубанттадыруучу жана проводниктерди көз айнек кабына салып клйсо болот. Бул учурда чубалбайт жана сизге тосколдук жаратпайт.  


Кийимдер

Бири-бири менен төп келген кийимдерди алыңыз:  бир шым же чолок шымга бир канча футболка. Бир баш кийип, көчөгө кийүүчү бут кийим, куртка жана көйнөк. Ыңгайлуу кийимдерди алганга аракет кылыңыз, бийик такалуу бут кийимдерди, кечээ көйнөктөрдүү жана кымбат баалуу жасалгаларды албаңыз. Жаңы сатып алууларга чемоданыңызда орун калтырыңыз. 

Бут кийимден болушунча аз алганга аракет кылыңыз (бут кийим көп орунду ээлейт)


Кана эми учууга даярсызбы?

Спасибо! Мы уже звоним Вам.