06 Июн 2019

Грузияга жөнөйлү!

Туризм жаңылыктары
Грузияга жөнөйлү!

Кичинекей, жарык өлкө бир көргөндө эле өзүнө сүйдүрүп алат.

Келгиле көрөлү, эмнеси менен Грузия өзүнө тартып алат?


1.Адамдары

Менин оюмча саякатта жүргөндө эң башкысы – бул адамдар. Груядагы адамдар абдан ак көңүл жана жанга жакын келишет, алардын айтып берген окуялары абдан кызыктуу жана таң каларлык болот. Бул жакка келгенде доторуңузда жүргөндөй, жада галса үйүңүздө жүргөндөй болосуз. Көп эле өлкөлөр мындай сезимди тартуулай албайт. Буга кошумча жан эриткен ырлар, укмуштуудай бийлер жана тосттор!


2.Ашканасы

Грузия жөнүндө кеп болуп жатканда анын ашканасы тууралуу айтпай кетүүгө болбойт. Грузин улуту көптөгөн түрдүү тамактарга бай. Башка өлкөлөрдө 3-4 улуттук тамак болсо, Грузияныкы ондон ашат. Оджахури, хинкали, чкмерули, пхали, грек жаңгактары менен салат, хачапури жана лобио сыяктуу укмуштуу тамактары адамдарды тамшандырат. Бул жерде итальян жана япон тамактары көп деле баалана бербейт, жергиликтүү калк ресторандарда улуттук тамактарды тандашат.    


3.Деңизи

Көптөгөн туристтер Грузияга келгенде өлкөнүн деңиз жайгашкан жерин жактырышат. Пляждар абдан көп болгондуктан биринчи жолу келген туристтер көп кызыктуу варианттардын ичинен бирөөнү тандай албай калышат.


4.Вино жана коньяк

Винолор жана коньяктары бүтүн дүйнөдө бааланат. Булар тууралуу айтып отурууну кереги жок го, деп ойлойм. Анткени баарыбыз эле дүкөндөрдөн грузин азык-түлүгүн көрсөк керек. 500 түр жүзүм жана вино иштеп чыккандарына 8000 жыл. Булардын баары суктанарлык туурабы?


5.Тоолору

Грузиянын ар бөлүгөндө түрдүү тоолор жайгашкан: Боржомиде жылуу жана  мелмиреген, Сванетидеги ак мөңгүлү, Казбегидеги бийик тоолор.

Эртең менен хачапури жеп, чайдан уртап тоонун кооздугуна суктанып эс алып кетиңиз!

Спасибо! Мы уже звоним Вам.