16 Май 2019

Дүйнөдөгү эң кооз шаркыратмалар

Туризм жаңылыктары
Дүйнөдөгү эң кооз шаркыратмалар

Саламатсыңарбы, достор.

Биз көптөн бери саякаттап жүрөбүз, бирок буга чейин шаркыратмаларга барган жокпуз.

Анда эмесе дүйнөдөгү эң кооз шаркыратмаларга карай сапар тарталы. 


Ниагара шаркыратмасы,  США/Канада

Ниагара шаркыратмасы Ниагар дарыясында жайгашкан, Американын беш улуу көлүнүн төртөөнүн суулары  бул дарыяга кошулуп агат. Ниагара шаркыратмасынан көптөгөн суулар өткөндүктөн Түндүк Американын эң күчтүү шаркыратмасы болуп саналат. Шаркыратманын бийиктиги - 21 метр. Шаркыратманын узундугу - 1150 метр. Эң кооз көрүнүштү Канада жээгинен көрүүгө болот.     

Кайетур шаркыратмасы, Гайана

Кайетур - дүйнөдөгү эң кооз шаркылатмардын бири. Уламыш боюнча бул шаркыртма Кай аттуу индеецтер башчысын атынан коюлган. Кай өзүнүн элин куткарып алыш үчүн өзүнүн жанын тобокелдикке салган жана каноэ дарыясын сүзүп өткөн. Кайетур аккан суунун энергиясы укмуштуудай кубулушту жаратат - дайыма бороон болуп турат. Кичинекей жерде дайыма майда толкун жүрүп турат, дайыма шамал жана күн бүркөк болгондой сезиле берет. Бул шаркыратманын алдынан чыккандан кийин күндүн нуру тийип, шамал акырындан тынчыйт. 


Виктория шаркыратмасы, Замбия и Зимбабве

Виктория - табияттын керемети ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмегине кирген. Бул шаркыратма 120 метр бийиктиктен Замбези камчыгайынын дарыясына агып каттуу үн чыгарып, Викториянын үстүндө калың туман пайда кылат. Ошондуктан жергиликтүү тургундар аны “Гүрүлдөгөн түтүн” деп коюшат.  Шаркыратма эки чоң парктын аймагында жайгашкан. Алар - “Гүрүлдөгөн түтүн” атуу парк Замбияда жана Виктория-Фолс (Victoria Falls) Замбабведе орун алган. Улуттук парктын ичинде көптөгөн жырткыч жаныбарлар бар. Алардын ичинде пилдер, жирафтардын үйүрү, дарыяда көптөгөн гиппопотамдар жашайт.  “Гүрүлдөгөн түтүн” улуттук паркына Түштүк Африкадан эки носорог алып келинген.


Нурананг шаркыратмасы, Таванг, Индия

Бонг-Бонг, деген аталыш менен да белгилүү болгон шаркыратманын  түсү бозомок тартып турат, айланасы калың токой менен курлчалган жана бул Индиянын түштүк-чыгышынын өзгөчө кооз жери болуп саналат. Индиянын башка шаркыратмаларынан айырмаланып Нуранангтын башталышы дарыялардан эмес,  альп көлдөрүнөн жана Гималай тоосунан аккан булактардан башталат.


Игуасу шаркыратмасы, Аргентина и Бразилия

Игуасу дарыясы “Чоң суу”. деп которулат.  Бул дарыяны бойлой үч километр узундуктагы 100 шаркыратма агат. Көп учурда Голивуд кинолоруна декорация катары колдонулат, мисалы Индиана Джонс жана Джеймс Бондтун айрым эпизодттору тартылган ушул жерде тартылган.      



Спасибо! Мы уже звоним Вам.