24 Апр 2019

Бильбонун баскан жолун көздөй

Туризм жаңылыктары
Бильбонун баскан жолун көздөй

Толкин-Туризм

Толкин-туризм - туризм жаатындагы феномен: “Шакектердин кожоюну” (Властелин колец”) китебинин жана үч бөлүмдүү кинонун күйөрмандары үчүн уюштурулган саякат. Бул саякатта чыгармага тийиштүү жерлер көрсөтүлөт. Питер Джексон тарабынан үч бөлүмдүү кино тартылгандан кийин Толкин-туризм Жаңы Зеландиянын көңул ачуу индустриясына айланган.

Кинонун негизни тартуу жери  Жаңы Зеландия болгон, өлкөнүн кооз жерлери “Шакектер кожоюну” киносунун эң сонун декорациясы болуп берген. Жыл сайын миңдеген күйөрмандар легендардуу кинонун тартылган жерин көрүш үчүн Жаңы Зеландияга келишет.


Эгер хобиттин баскан жолун көздөй Жаңы Зеландияга саякат жасоого аттансаңыз, анда сиздин жол өлкөнүн чоң шаарларынын бири болгон Окленд шаарынан башталат. Бул шаар Түндүк аралда жайгашкан. Окленд шаарынын түштүк тарабы көздөй жол тартсаңыз кинодогу белгилүү жерлерди өз көзүңүз менен көрө аласыз.

Маматтын шаары же Хобиттон

Бильбо, Фродо, Сэм жана алардын достору жашаган айыл Александрев үй-бүлөсүнө таандык фермада жайгашкан. Хобиттердин айылына кириш үчүн бир аз акча төлөш керек болот, бирок ишенип коюңүз ошого татыктуу жер, өкүнүчтө калбайсыз.


Мордор-Тонгариронун улуттук паркы

Орто Жерде(Средиземье) жайгашкан Мордор эң эле коркунучтуу жер - Тонгариро улуттук паркында жана анын жанында жайгашкан Ротаруа жана Туало көлүндө тартылган. Рангипонун айрым жерлерин көргөндө дароо эле Мордор Кара киришинин айланасын таанууга мүмкүн, ал эми Факапапа муз тебүү курорту -  бул Горгорот гөңсөсү жана Эмин Муйил тайпак тоосу. Бул паркта күйүп турган жанар тоо дагы бар. Бул жанар тоонун бири болгон Руапехунда кинодогу каргашалуу Ородуин тоосу.

  

Маккензи

Маккензи чөлкөмү - Жаңы Зеландиянын эң бийик тилкеси болгон Кука тоосунда жайгашкан жер. Бул тоонун урматына ал жерде жайгашкан улуттук паркка аталыш берилген, кийин парк ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмегине кирген.

Бул паркка келсениз Пелен түздүгүндө Гондордун жана Рохандын аскерлери Саурондун жоокерлери менен салгылашкан жерлерге күбө болосуз.



Хобиттердин дүйнөсүнө тийиштүү мындан башка жерлер толтура...

Айтыңызчы, Бильбонун баскан жолун көздөй сапар тартууну эңсеп калдыңызбы? Же жок дегенде киносун кайрадан көруп чыгууну каалап калдыныз, туурабы?:)


Спасибо! Мы уже звоним Вам.