28 Мар 2019

Дүйнөдөгү эң эле кызыктай болгон мыйзамдар

Туризм жаңылыктары
Дүйнөдөгү эң эле кызыктай болгон мыйзамдар

Илгерки убакта кабыл алынган айрым мыйзамдар азыркы учурда маанисин жоготуп күлкүлүү сезилет. Дүйнөдөгү эң эле кызыктай болгон мыйзамдарды назарыңыздарга сунабыз :)


Темир жол вокзалында өбүшүгө болобу?

Францияда жана Улуу Британияда темир жол вокзалында өбүшүүгө тыйуу салынган.  Францияда бул мыйзам 1910-жылы кабыл алынган, анткени поездерди кечиктирилишине себепкер болгон. Ал эми Британиянын түндүк-чыгышында жайгашкан Уорингтон шаарында “Өбүшүүгө болбойт” деген жазуу орнотулган. Бирок өбүшкөндөр үчүн өзүнчө жер бөлүнгөн.

Анан кантип жакшы көргөн адамың менен коштошу мүмкүн?  


Башка планеталыктарга парковка

Франциянын аймагында жайгашкан жүзүм талааларына учуу тарелкаларды кондурууга тыю салынат.

“Менин учуу тарелкамды кайсыл жакка кондурам?” деген суроо пайда болду.


Аюлар дагы сууга түшкүсү келет!

Хайфа шаарында көлдүн жээгине аюну алып келүүгө тыю салынат, бирок аюлар дагы сууга түшкүсү келет :(

“Аюм менин, кечирип койчу бүгүн үйдө эле каласың”.


Төөгө минип алып балык кармоо

Айдаходо төөгө минип алып балык кармоого болбойт. Бул тыю сууну экономдоо максатында пайда болгон.


Бубликтен тешикче

Небраска штатындагы Лехай шаарныда бубликтин тешикчелерин сатууга тыю салынган.


Электрикти чакырыңыз

Австралиянын Виктория штатында электр лампычканы бир гана профессионалдардын алмаштырууга акысы бар. Эгер үюңүздө лампычка күюп кетсе сөзсүз түрдө электрикти чакырыңыз керек. Эгер электрикке кайрылбастан өзүңуз лампычканы алмаштырсаңыз 10 доллар өлчөмүндө айып пул төлөшүңүз керек болот.



Спасибо! Мы уже звоним Вам.