14 Фев 2019

Чемоданды чогулталы

None
Чемоданды чогулталы

Сапарга чыгып жатып «Бир нерсе унутуп калган жокмунбу? Жүгүм ашыкча болуп кеткен жокпу?» деген  сыяктуу суроолор сизди кыйнап келеби?

Мындай ыңгайсыз учурларга жол бербөө үчүн төмөнкү кеңештер сизге жардам бериши мүмкүн:

  • ·         Тизмек түзүп алыңыз ( калың жана жука кийим сөзсүз алыш керек. Анткени кандай гана ысык өлкөгө барбаңыз, кечке мал сууктап кетиши мүмкүн. Ал эми суук өлкөдө жука кийимди отелдин ичинде кийишиңиз мүмкүн)
  • ·         Дары-дармек алууну унутпаңыз (сиз бөлөк өлкөгө баратасыз, сизге аба-ырайы жакпай калышы мүмкүн, тааныш эмес тамак-аш, чымын-чиркейлер ж.б. Жок дегенде төмөнкү дары-дармектерди алууңуз зарыл: оору басаңдатуучу, үшүп калууга, алергияга каршы, дене табын басаңдатуучу, трамваларда керектөөчү дарылар (бинт, йод, лейкопластырлар, перекись),күнгө күйүп калуудан каршы жана күндөн коргоочу кремдер.)
  • ·         Колдон келишинче аз бут кийим алганга аракет кылыңыз (анткени бут кийим көп орунду ээлейт, бардык киймге жарашыктуу,  универсалдуу бут кийим алуу керек)
  • ·         Кийимдериңизди валик түрүндө бүктөп, салыштырыңыз, (мындай учурда кийимдериңиз бырышпайт жана аз орунду ээлейт).
  • ·         Универсалдуу киймдерди алганга аракет жасаңыз. (Көп кийимдер менен жарашкан, бырышпаган жана жеңил киймдерди алсаңыз жаңылбайсыз)
  • ·         Зарядкаларды жана проводаларды көз айнектин кабына салып алсаңыз болот. Бул учурда алар чачышпайт жана сумкаңызда сизге ыңгайсыздык жаратпайт.
  • ·         Вакум түрүндөгү баштыктарды кодонуңуз.
  • ·         Оңой сына турган нерсерлерди кийимдерге ороп коюңуз.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.