31 Янв 2019

Дүйнөдөгү эң романтикалуу жерлер

Туризм жаңылыктары
Дүйнөдөгү эң романтикалуу жерлер

Сүйүшкөндөр күнү жакындап келе жаткандыгына байланыштуу дүйнөдөгү эң романтикалуу жерлер тууралуу айтып берүүнү чечтик.

Бул жерден баардык жерлер берилген эмес, бирок сүйүшкөндөр үчүн бүтүндөй дүйнө да жетпейт :)


Верона (Италия)

Байыркы Верона-Ромео жана Жульета жашаган жер.

Шаардын темирден жасалган жолдорундан кол кармашып сейилдөө жана Капулетинин үйүнүн балконунда бири-бирин эркелетип,  кызыл винодон уртап, ресторандардын биринде эт жана балыктан жасалган белгилүү тамактардан даам татуу сүйүшкөндөргө унутулгус кубаныч тартуулайт.

Монтерей Бэй (США, Калифорния штаты)

Киттер көргүңүз келсе, эң эле романтикалуу жер.

Монтерей Бейдин сууларында бул укмуштуудай жандыкты жыл бою көрүүгө мүмкүн. Эң эле көлөмдүү сүт эмүүчүлөрдүн бири болгон киттер, алардын  назиктиги, эне киттердин баласына болгон мээрими (кичинекей бала киттер кичинекей мышыктар сыяктуу сүйкүмдүү келишет), мына ушуларды көрүп адамдар жакшырак сезип түшүнө башташат.



Игуасу шаркыратмасы  (Бразилия)

Стихия жана сүйүү, булардан башка эмне күчтүү боло алат?

Шаркыратмалардын каскады болгон Игуасу расмий түрдө дүйнөнүн 7 кереметине кирген.

Жергиликтүү индейтердин ишиничи боюнча илгери жылан кудайы М’Бой Наипи аттуу кызды сүйүп калат, кыз болсо Таробу деген аскерди тандап кетет. Алар качып жөнөшөт, жолдон дарыяны өтүүгө аракет кылышат, бирок жини келген коркунучтуу жандык куйругу менен жерди жарып, сүйүшкөндөрдү эки жакка бөлүп салат. Жигитти бийик пальмага, кызды болсо маңдайында жайгашкан жээктеги зоого айлантып салат. Ошондон бери аларды бир гана көк желе байланыштыра алат.


Афродитанын бухтасы (Кипр)

Бейиштей болгон жерди аталышы көптөгөн сүйүшкөн туристерди өзүнө тартып турат.

Уламыштарга ылайык ушул суулардан сүйүү жана сулуулук кудайы болгон Афродита кургактыка чыккан. Өзүнү күйөрмандары менен жолугушудан мурда ал ушул сууларга жуунчу. Бухтада сууга түшүү тыя салынса дагы, жакын жерде жайгашкан пляжда жылуу суусуна түшүп ырахат алсаңыз болот. Эгер сүйүшкөндөр түн ортосунда Афродитанын булүңун сүзүп өтсө,, алар түбөлүккө бирге болушат, деп айтылат.


Париж

Романтикалык жерлерди эстеп жатып Парижды унутуу мүмкүн эмес. Анткени Париж сүйүүнүн мекени экендигин баары билишет.

Бул жерде жайшашкан романтикалуу жайлар бир ган 14 февралга эмес, бир жумага жетет. Эйфель Мунарасы, Нотр Дам собору, көптөгөн романтикалуу кафелер жана кууш көчөлөр. Париж романтикага бай шаар.

“Парижди көрүп анан кийин өлүү” деген сөз эсиңиздеби, мен бул сөзгө кошулбайм, анткени Парижди көргөндөн кийин жашагың келе баштайт!


Спасибо! Мы уже звоним Вам.