16 Дек 2016

Бишкек афишасы, Бирдин Айы 15 - 21

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Бирдин Айы 15 - 21


Мотицуки

Бирдин айы 17: Байыркы япон элинин салты боюнча жаны жылдын алдында күрүч данынан токоч даярдоо ыкмасы менен таанышуу. Баасы: кирүү акысыз. Өтүү жери: Кыргыз-Япон адамзатты өнүктүрүү центри, Турусбеков көч.109. Башталышы: 12:00. Телефон: +996 312 906-580 (кош. 80)


Жаңы жылдык мастер-класс: Балатылар

Бирдин айы 17: Даярдалган материалдардан башкача балатыларды жаратуу ийрими. Баасы: 200 сом. Өтүү жери: №18 Китепкана, Исанов көч. 78. Башталышы: 14:00. Телефон: +996 557 540570, +996 555 466-524.


Алиса кереметтер дүйнөсүндө

Бирдин айы 17: Сүйүктүү каармандар менен өтүүчү спектакль. Баасы: 200 сомдон жогору (билеттерди онлайн түрүндө ticket.kg сайтынан алуу мүмкүн). Өтүү жери: Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук Орус Драма Театры, Тыныстанов көч. 122. Башталышы: 11:00. Телефон: +996 312 662-032, +996 312 899-447.


“Көк түбөлүктүк”

Бирдин айы 17: Операнын солисти Алмаз Истанбаевтин концерти. Баасы: 100 сомдон жогору (билеттерди онлайн түрүндө ticket.kg сайтынан алуу мүмкүн). Өтүү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык Опера жана Балет Театры, Абдрахманов көч. 167. Башталышы: 17:00. Телефон: +996 312 661-841.


“Вегетарианчылык- сулуулук жана ден-соолук” фестивалы

Бирдин айы 17: Программада: “Вегетарианчылык: тарыхы жана түрлөрү” билдирмеси, “Вегетарианчылык жана йога” сахнада көргөзүүсү, пайдалуу азык-түлүктөрдү презентациялоо, вегетариандык кулинария боюнча мастер-класс, ыр, бий, мантралар жана индиялык таттуулар. Баасы: 10 сом китепканага кирүүгө бир эле жолу жароочу билет үчүн (жаныңызда инсандыкты тактоочу күбөлүгү болуу керек). Өтүү жери: Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Абдрахманов көч. 208. Башталышы: 14:00. Телефон: +996 707 671-004, +996 556 601-513, +996 700 601-513.


Жаңы жылдык бөбөктөр кечеси

Бирдин айы 18: Кеченин прграммасында: белгилүү каармандар, көңүлдүү бөбөктөр ырлары, шайыр бийлер, кызыктуу жаңы жылдык сюжет, белектер жана швед стөлү. Баасы: 1900 сом. Өтүү жери: Hyatt Regency Bishkek мейманканасы, Абдрахманов көч. 191. Башталышы: 11:00. Телефон: +996 312 661-234.


Кыргыз күнү

Бирдин айы 18: Программада: презентация, интерактивдүү оюндар, Кара жорго боюнча мастер-класс. Баасы: 200 сом (алдын ала жазылуу керек contact@unum.global). Өтүү жери: “UNUM” Маданият центри, Горький көч. 83. Башталышы: 11:00. Телефон: +996 772 934-757.


Шахмат боюнча жаңы жылдык кубок

Бирдин айы 18: Шахмат сүйүүчүлөр Chess for Amateurs турнири шахматка кызыккандар жана сүйүүчүлөр үчүн өткөрүлөт. Баасы: 300 сом (сөзсүз катталуу керек form). Өтүү жери: Dodo Pizza, Шопоков көч. 101/1. Башаталышы: 11:00.Телефон: +996 555 180-940.


Джаз кечеси

Бирдин айы 21: Salt Peanuts менен ар жумалык джаз музыка кечеси. Баасы: 150 сом. Өтүү жери: Chicken Star, Эркиндик булвары, 36. Башаталышы: 19:00. Телефон: +996 558 041-111.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.