29 Ноя 2018

Бишкек афишасы, Жетинин Айы 29 - Бештин Айы 05

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Жетинин Айы 29 - Бештин Айы 05


Италия шарап кечеси

Жетинин айынын 29: Менюда: устрица татымалында деңиз тамактары менен салат, барбекю татымалында бышырылган кабыргалар, шоколад фонданы, шараптын үч түрүнүн дегустациясы. Баасы: 999 сом. Өтчү жери: Obama Bar&Grill Bishkek, Токтогул көч., 93. Башталышы: 19:00. Телефон: +996 778 685-002.


“Эсимде”

Жетинин айынын 29: Поэтикалык драма. “Эсимде” - “Я помню” спектакли - бул карыган аял Толгонайдын эл алдында, дүйнө жүзү алдында сыйынуусу… Баасы: 100 сом. Өтчү жери: Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драм театры, Чүй пр., 28. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 464-417.


Шайтан

Жетинин айынын 30: “Шайтан” спектакли - өзүндө этникалык музыканы, ритуалдык бийди жана Лермонтовдун поэзиясын бириктирген эпикалык коюу. Бул окуя - адамдын жан дүйнөсүн тазалоо жөнүндө, кечирүү жөнүндө, салтты сактоо жөнүндө, жакын жашаган ар кандай элдердин маданиятынын айкалышуусу жөнүндө. Баасы: 200 сомдон жогору. Өтчү жери: Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик академиялык орус драм театры, Тыныстанов көч., 122. Башталышы: саат 18:00.  Телефон: +996 312 662-032.


Концерт

Жетинин айынын 30: Музыкалык конкурстун отчёттук концерти. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония, Чүй пр., 251. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 312 614-672.


Жарманке

Бештин айынын 01: Кайрымдуулук немис жаңы-жылдык базар. Программада: ремеслолук товарлар, оюнчуктар, сувенирлер, жаңы-жылдык бышырмалар, салтка айланган куурулган колбасалар жана ысык глинтвейн, жана ошондойле маданиятуу программалар жана Санта Клаус. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Steinbräu, Герцен көч., 5. Башталышы: саат 13:00.  Телефон: +996 312 680-270, +996 312 432-144.


Көргөзмөнүн жабылышы

Бештин айынын 02: Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгана арналган күзгү мамлекеттик көргөзмө. Баасы: 40 сом. Өтчү жери: Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музеи, Абдрахманов көч., 196. Башталышы: саат 10:00. Телефон: +996 312 621-641.


Эл аралык волонтерлор күнү

Бештин айынын 05: Программада: волонтердук организациялардын жарманкеси, жалдын мыкты волонтерлоруна сыйлык берүү. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: МУКтун жаңы корпусу, Л. Толстой көч., 17А1. Башталышы: саат 09:00. facebook.com


Спасибо! Мы уже звоним Вам.