20 Сен 2018

Бишкек афишасы, Аяк оона айы 20 - 26

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Аяк оона айы 20 - 26



"Гүлдөр жана канаттулар"
Аяк оона 20: Кытай сүрөтчүсү Хе-Шуй-Фa көргөзмөсүнүн ачылышы. Баасы: кирүү акысыз. Өткөрүү орду: Кыргыз улуттук Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи, Абдрахманов көч., 196. Башталышы: 15:00. Тел: +996 312 661-623.


"Кийизге чагылтуу" 
Бугу айынын 20-26: КМКТАУ бүтүрүүчүүлөрүнүн, окутуучу Ахматов Райкулдун педагогикалык ишмердүүлүгүнүн, 25 жылдык мааракесине арналган көргөзмөсү. Баасы: кирүү акысыз. Өткөрүү орду: Сүрөтчүлөр уюмунун С.Чуйков атындагы галереясы "Эмен сейил багы", көч. Пушкин, 78А. Башталышы: Саат 11:00. Тел: +996 312 662-343, +996 707 189-497.


Latino кечеси
Аяк оона айынын 21: Бийлер кечеси. Dresscode: Классика.  Баасы: 100 сом. Өткөрүү орду: Bar  @191, көч. Абдрахманов, 191. Башталышы: 20:00. Тел: +996 312 661-234.


Жаңы танго
Аяк оона айынын 22: Александр Митеневдин аккардеондо аткаруусу.  Баасы: 500 сом. Өткөрүү орду: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы, пр. Чүй, 253. Башталышы: 18:30. Тел: +996 312 614-672.


Jazz Live
Аяк оона 22: Борбордук Азиядагы Рей Блюнун биринчи гастролдук турундагы аткаруусу. Бишкекте, музыкант салттуу джаз жана  New York мэйнстрим стилиндеги инструменттик программасын тартуулайт. Баасы: 1000 сом (алдын ала орундук брондоо төмөнкү  телефон аркылуу: +996 779 211-211). Өткөрүү орду: Easy Pub, көч. Токомбаев 21A / 4. Башталышы: 20:00. Тел: +996 559 773-083, +996 770 787-674.


Үй-бүлөлүк фестиваль
Аяк оона 23: Үчүнчү үй-бүлө фестивалы. Программада: Концерт,  шаардын мыкты
ресторан жана кафелеринен тамак-аш, ошондой эле балдар жана чоң кишилер үчүн 
жарманке жана мастер-класстар болот. Баасы: кирүү акысыз. Өткөрүү орду: Эски аянт. Башталышы: 10:00. Шилтеме: http://familyfest.info/bishkek


Улуу Британияда билим берүү боюнча жолугушуу
Аяк оона 25: Британиянын алдынкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен жолугушуу - суроолорду берүү жана талаптарын, тапшыруу убактысын жана арзандатуулары тууралуу маалымат алуу үчүн зор мүмкүнчүлүк. Баасы: акысыз кабыл алуу (алдын-ала каттоодон өтүү зарыл, https://goo.gl/D5on6S). Өткөрүү орду: Conference Cafe, Токтогул көч., 124.  Башталышы: 16:00. Тел: +996 312 906-262 (кошумча 500), +996 779 188-333.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.