07 Июн 2018

Бишкек афишасы, Кулжа Айы 07 - 13

None
Бишкек афишасы, Кулжа Айы 07 - 13


Концерт

Кулжа айынын 07:  “Алтай-земля предков” (“Алтай-ата бабалардын жери”) концертинин программасында: Кай аттуу тамак менен ырдоо чеберлеринин уникалдуу маданияты менен таанышуу, ошондой эле Алтайдын салт адаттарын бий менен көрсөтүү. Баасы: 500 сомдон жогору (билеттерди бул онлайн ticket.kg сайтынан алса болот). Өтчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония, Чүй пр., 253. Башталышы: саат 18:30. Телефон: +996 774 893-974.


Үстөл оюндарынын клубу

Кулжа айынын 08: Компания үчүн оюндар. Кутучада еврогемдер, варгеймдер, дөңгөч менен куруу оюндары, Flight Gamesден коффиндер жана 40 жакын ар кандай кутучалар. Баасы: оюндар акысыз. Өтчү жери: “Secom” билим борбору, Байтик Баатыр көч., 71. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 556 045-313.


Жандуу музыка кечеси

Кулжа айынын 08: Clouds тобу менен жандуу музыка кечеси. Баасы: 100 сам. өтчү жери: Chicken Star, Эркиндик бул., 36. Башталышы: саат 21:00. Телефон: +996 558 041-111.


“Красная таблетка”

Кулжа айынын 09: “Красная таблетка” заманбап искусствосунун көргөзмөсүнүн ачылышы. Көргөзмөдө инсталляция, видео, фото, графиктер, документация жана башка түрлөрдөгү көркөм ишер көрсөтүлөт. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук сүрөт искусство музейи, Абдрахманов көч., 196. Башталышы: саат 15:00. Телефон: +996 550 628-386, +996 709 936-328.


Чыгармачылык кече

Кулжа айынын 09: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артискасы Асель Айдарованын чыгармачылык кечеси. Баасы: 100 сомдон жогору. Өтчү жери: А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук Академиялык опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 661-841.


“Кармен”

Кулжа айынын 10: “Кармен” - бул опера искусствосунун шедеврларынын бири. Мазмунунун негизинде - цыган кызы Кармендин жана аны сүйүп калган солдат Хосенин трагедиялык тагдыры. Баасы: 100 сомдон жогору (билеттерди бул онлайн ticket.kg сайтынан алса болот). Өтчү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 661-841.


“Токой салкыны”

Кулжа айынын 10: Кросс-Кантри боюнча мелдеш. Аралык - 2.5 километрге жакын. Баасы: 400 сом. Өтчү жери: Карагач кичине токойу. Башталышы: саат 10:00. Телефон: +996 550 694-888.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.