22 Фев 2018

Бишкек афишасы, Бирдин Айы 22 -28

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Бирдин Айы 22 -28


“Ажыдаар”

Бирдин айынын 22: Трагифарс жанрындагы философия тамсили. Баасы: 100 сом (билеттерди бул онлайн ticket.kg сайтынан алса болот). Өтчү жери: А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драм театры, Чүй пр., 28. Башталышы: саат 18:00. Телефон:+996 312 464-417, +996 312 530-442.


Эркин Турдубаев менен кече

Бирдин айынын 22: Программада Эркин Турдубаевдин аткаруусундагы ырлар. Баасы: 250 сом. Өтчү жери: Studio 247, Эркиндик бул., 37. Башталышы: 21:00. Телефон: +996 557 247-000


“Дүйнө жүзүнүн опера залдары"

Бирдин айынын 23: Эл аралык конкурстардын жана фестивалдардын лауреаттарынын катышуусундагы Кыргызстандагы биринчи классикалык музыканын 3d mapping концерти. Баасы: 700 сомдон жогору. Өтчү жери: Асанбай борбору, Токомбаев көч., 21/4. Башталышы: саат 19:00. Телефон: +996 551 314-314.


“Үч торопой”

Бирдин айынын 25:  Балдар үчүн достук жөнүндө жомок. Баасы: 100 сомдон жогору (билеттерди бул онлайн ticket.kg сайтынан алса болот). Өтчү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык Опера жана Балет Театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 11:00. Телефон: +996 312 661-841.


“Чөлдүн дем алуусу”

Бирдин айынын 25: Концерттин программасында: араб бийлеринин шоусу жана Ориенталь классикалык чыгыш бийинин койуусу, шыктандырган табла соло жана мистикалык дербиштер бийи, экспресивдүү араб фольклор бийи жана суктандырган модерн. Баасы: 250 сом. Өтчү жери: “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр үчүн улуттук борбор, Абдумомунов көч., 197. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996  551 507-119.


Star Art Space

Бирдин айынын 25: Эдвард Томпсондун жана анын окуучуларынын сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Chicken Star, Эркиндик бул., 36. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 558 041-111.


Индия музыкасынын фестивалы

Бирдин айынын 25: Программада музыка, бийлер, ырлар жана йога. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Индия окуу борбору, Фрунзе көч., 429Б. Башталышы: саат 10:00. Телефон: +996 556 601-513.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.