23 Мар 2023

Бишкек афишасы, Үчтүн Айы 25 - 31

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Үчтүн Айы 25 - 31


“Эсимде”

Үчтүн айынын 25: Ч. Айтматовдун “Материнское поле” повестинин мотивдеринен поэтикалык драма. Баасы: 200 сом. Өтчү жери: А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык Драм Театры, пр. Чүй, 28. Башталышы: саат 15:00. Телефон: +996 312 464-417, +996 312 530-442.


“Демон” 

Үчтүн айынын 26: “Демон” спектакли - адамдын жан дүйнөсүн тазалоо жөнүндө, кечирим жөнүндө, салтты сактоо жөнүндө, жакын жашаган ар кандай элдердин маданиятын аралаштыруу жөнүндө баян. Баасы: 200 сомдон жогору. Өтчү жери: Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук Орус Драм театры, тыныстанов көч., 122. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 312 662-032.


Jazz Party

Үчтүн айынын 27: Salt Peanuts менен джаз кечеси. Баасы: 250 сом. Өтчү жери: Студио 247, Эркиндик бул., 37. Башталышы: саат 20:00. Телефон: +996 557 247-000.


Шахмат фестивалы

Үчтүн айынын 27: бир убакта гроссмейстерлер менен  ойнолуучу оюндун сеансы, чоң фигуралар менен шахмат оюну жана баардык катышуучулар жана коноктор үчүн концерттик кызыктуу шаңдуу программалары менен өтө турган “Интеллектуалдуу бала - Кыргызстандын келечеги” аттуу шахмат фестивалы. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: “Бишкек парк” СБ, Киев көч., 148. Башталышы: саат 12:00. Телефон: +996 312 312-031.


Арт-коучинг Бишкекте

Үчтүн айынын 28: “Өз кыялыңды тарт” ( "Нарисуй свою мечту") темасында сүрөтчү жана психолог менен арт-коучинг сессиясы. Мааракенин программасында: таанышуулар, интерактивдүү тапшырмалар, сүрөтчү менен иштөө, тажрыйбалуу психолог менен иштөөнү чечмелөө. Баасы: 500 сом (орундун саны чектелген). Өтчү жери: “Галерея-М”, Манас пр., 40. Башталышы: саат 14:00.  Телефон: +996 555 505-043.


“Түлкүнүн баласы-амалкөй”

Үчтү айынын 28: Токойдун кичинекей жашоочулары Коенек, Мамалак жана Түлкүнүн баласы жөнүндө балдар үчүн музыкалдуу куурчак спектакли. Баасы: 100 сом. Өтчү жери: М. Жангазиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Куурчак Театры, Абдрахманов көч., 230А. Башталышы: саат11:00. Телефон: +996 312 670-617, +996 312 670-641.


“Авторду издөөдөгү алты персонаж”

Үчтүн айынын 30: Луиджи Пиранделлонун бир аттуу пьесасынын мотивдеринен мистикалык фарс. Баасы: 200 сом. Өтчү жери: Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук Орус Драм Театры, Тыныстанов көч., 122. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 312 662-032.



Спасибо! Мы уже звоним Вам.