14 Дек 2017

Бишкек афишасы, Бештин Айы 14-20

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Бештин Айы 14-20


Танго кечеси

Бештин айынын 14: Аргентина танго кечеси. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Chicken Star, Эркиндик бул., 36. Башталышы: саат 21:00. Телефон: +996 558 041-111.


Жаңы жылдык устакана

Бештин айынын 15-17: Программада: мастер-класстар, көргөзмө-жарманкеси, Кыргызстандын тактекейлеринин өнөрчүлөр бирдигинен мастер-шоу, винтаждан жасалган Жаңы жылдык карагай оюнчуктарын коллекциясы. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Чуйков атындагы КРнын сүрөтчүлөр уюмунун көргөзмө залы, Пушкин көч., 78А. Башталышы: саат 10:00. Телефон: +996 312 662-343.


Жарманке

Бештин айынын 16: Белектердин кайрымдулук жаңы жылдык жарманкеси. Берилген акчалар оор абалдагы балдардын жардамына кетет, Бишкектеги Биринчи балдар хосписинин бөлмөлөрүнө. Баасы: 200 сом. Өтчү жери: “Асанбай” борбору, Токомбаев көч., 21/4. Башталышы: саат 10:00. Телефон: +996 775 979-500.


“Аида”

Бештин айынын 16: “Аида” операсын Суэцк каналынын ачылышына байланыштуу египеттик хедивдин буйругу боюнча Джузеппе Верди жазган.  Операнын негизине либретто операсын түзүүгө салымын кошкон француз египтологу Марриэттин папирустарынын биринен чечмеленген байыркы египеттик легенда камтылган. Баасы: 100 сомдон жогору (билеттерди ticket.kg онлайн сайтынан алса болот). Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 621-619.


Классика музыкасынын концерти

Бештин айынын 19: “Манас” Президенттик камера оркестринин концерти. Баасы: 400 сомдон өйдө (билеттерди ticket.kg онлайн сайтынан алса болот). Өтчү жери:  Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Филармония, Чүй пр., 253. Башталышы: саат 18:30. Телефон: +996 312 665-921, +996 555 915-374, +996 705 662-485.


“Чиполлино”

Бештин айынын 20: Балдар үчүн бала-пияз жөнүндө жана акыйкат үчүн күрөшүү жөнүндө жомок. Баасы: 100 сом (билеттерди ticket.kg онлайн сайтынын алса болот). Өтчү жери: А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык Драм Театры, Огонбаев көч., 242. Башталышы: саат 11:00. Телефон: +996 312 530-442.


Көргөзмө

Бештин айынын 20: “Кышкы маанай” көргөзмөсү”. Көргөзмөдө живопись, графика, скульптура, автордук куурчак, кийизден жасалган буюмдар, батик, көркөм керамика, жасалгалоолор жана башка көптөгөн нерселер көрсөтүлөт. Баасы: такталууда. Өтчү жери: М Галереясы, Манас пр., 40. Башталышы: саат: 12:00.  Телефон: +996 550 551-293.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.