16 Ноя 2017

Бишкек афишасы, Жетинин Айы 16 - 22

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Жетинин Айы 16 - 22



Көргөзмө

Жетинин айынын 16-19: “Фарфордогу жибек  жолу жөнүндөгү Пекин аңгемеси” заманбап каллиграфия, Китай живописи жана керамика искусствосун тартуулайт. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Чуйков атындагы КРнын “Дубовый парк” сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залы, Пушкин көч., 78А. Башталышы: саат 15:00. Телефон: +996 312 662-343, +996 770 587-870, +996 707 189-497.


Кыргыз-Жапон Музыка Фестивалы

Жетинин айынын 16: Концерт Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы дипломатикалык карым катнаштын орногонунун 25 жылдыгына арналат. Программада: бийлер, ырлар, жапон барабандары жана көптөгөн башка нерселер. Баасы: кирүү акысыз (орун чектелген). Өтчү жери: “Сейтек” балдар жана жаштар Улуттук борбору, Абдумомунов көч., 197. Башталышы: саат 18:00.


Бишкек-Алматы: Чексиз жана кезексиз искусство

Жетинин айынын 17: Алматынын жана Бишкектин диджейлеринен жарык инсталляциялар, топтомдор. Баасы: 300 сом. Өтчү жери: Асанбай борбору, Токомбаев көч., 21А. Башталышы: саат 21:00. Телефон: +996 312 979-500, +996 775 979-500.


Зымырыт шаарынын сыйкырчысы

Жетинин айынын 18: Элли кыз жана анын Тотошка деген күчүгүнүн мыкаачы Гингеманын айынан аларды укмуштудай окуялар күтүп турган Сыйкырдуу өлкөдө болуп калуусу жөнүндө жомок . Баасы: 100 сомдон өйдө. Өтчү жери: Ч.Айтматов атындагы Орус Драм Театры, Тыныстанов көч., 122. Башталышы: саат 11:00. Телефон: +996 312 662-032.


Арт көргөзмөнүн ачылышы

Жетинин айынын 19: Сынамык арт көргөзмөнүн ачылышы: Даарыканадагы диско. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Chicken Star, Эркиндик бул., 36. Башталышы: саат 17:00.


“Тоолордун падышасы”

Жетинин айынын 19: Балдар масстер-классы. Программада: киришүү бөлүгү, интерактивдүү оюндар, чыгармачыл бөлүгү. Баасы: 70 сом (алдын ала жазылуу зарыл). Өтчү жери: Гареев атындагы КРнын НАН Ботаникалык бакчасы, Ахунбаев көч., 1А. Башталышы: саат 13:00. Телефон: +996 558 555-208, +996 550 773-988.


“Достук симфониясы”

Жетинин айынын 22: Жапониялык жаш музыканттардын  жана дирижерлордун катышуусундагы Абдраев атындагы музыкалык мектептин Симфоникалык оркестринин концерти. Баасы: 100 сом (орундар чектелүү). Өтчү жери: Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залы, Чүй пр., 251. Башталышы: саат 15:00. Телефон:  +996 312 660-374, +996 772 800-376.



Спасибо! Мы уже звоним Вам.