09 Ноя 2017

Бишкек афишасы, Жетинин Айы 09 - 15

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Жетинин Айы 09 - 15


Көргөзмө-жарманкеси “Бишкек-2017”

Жетинин айынын 9-13: «Бишкек-2017» жалпы эл аралык 25чи юбилейлик көргөзмө-жарманкеси. «Бишкек-2017» көргөзмөсү Кыргыз Республикасы  боюнча телебайланыш жана маалымат технология тармагындагы, химиялык өнөр жай, транспорт, логистика жана жеңил өнөр жай боюнча жалгыз жана жалпы иш-чарасы. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Кожомкул атындагы спорт сарайы, Тоголок Молдо к., 40. Башталыш сааты: 10:00. Байланыш номери: +996 777 750-757, +996 312 610-120.


Арт-терапия “Жүрөгүңө эшикти издеп табуу”

Жетинин айынын 11: Программада:
-өзүбүзгө көңүл буруу жана мээмибизди стрестен бошотуу,

-кайра өзгөртүп түзүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча ички көрүнүш жана ресурстарды кабыл алуу

-өз табиятыбызды издөөгө жоомарттуулук жана өзгөчөлүк

Баасы: 500 сом. Өтчү жери: Cultura Nomada мультимедиялык искусство студиясы, Байтик-Баатыр к. 70, Бизнес-центр Soho, 5 этаж. Башталыш сааты: 15:00. Каттоо үчүн байланыш номери: +996 553 757-757 (WhatsApp).


"Трубадур"

Жетинин айынын 11: «Трубадур» сюжети испан А. Г. Гутьеррес драматургтун пьесасынан алынып 1836 жылы Мадрид шаарында ийгиликтүү коюлган. «Трубадур»- учкур карама-каршы, аралаш кагылышуулар, күчтүү, романтикалык сезимдер менен коштолгон драма. Баасы: 100 сомдон башталат (билеттерди онлайн ticket.kg сайтынан сатып алсаңыз болот). Өтчү жери: Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Опера жана Балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталыш сааты: 17:00. Байланыш номери: +996 312 661-841.


Китептердин жарманкеси

Жетинин айынын 11: Жарманкеде ЭКГ Китеп Сериясы жана андан сырткары китептер дагы сунушталынат. Hertfordshire Press басма үйү бизге евроазиялык авторлорунун кооз чыгармаларыны, жакшы таанымал болгон маданиятыны ,  айтып жана көрсөтүп берген. Орто Азиянын жана жалпы Евроазиялык мейкиндигинин жашоосун жана маданиятын чагылдырат. Бул күнү китептерге 90% га чейин арзандатуулар пландаштырылууда.  Өтчү жери: Sierra Coffee, Манас проспекти 57/1. Башталыш сааты: 11.00.


“Жизель”

Жетинин айынын 12: Жизель балетинин негизинде эски поэтикалык уламыш  “вилиссах” - үйлөнүү тоюна  чейин каза болгон келин тууралуу баяндалат. Баасы: 100 сомдон жогору (билеттерди онлайн ticket.kg сайтынан сатып алсаңыз болот). Өтчү жери: Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Опера жана Балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталыш сааты: 17:00-18:30. Байланыш номери: +996 312 661-841.


Мыкты кинолордон мыкты обондор

Жетинин айынын 11: Концертте, баарына маалым болгон кинолордон баарына маалым болгон обондору коюлат. Көркөм жетекчиси жана дирижёру Нур Омурбаев. Баасы: 300 сом. Өтчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы, Чуй проспекти, 251. Башталыш сааты: 18:30. Байланыш номери: +996 312 614-015, +996 550 204-020.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.