01 Дек 2016

Бишкек афишасы, Бирдин Айы 01 - 07

Күндүн табылгасы
Бишкек афишасы, Бирдин Айы 01 - 07


Вино кечеси

Бирдин Айы 1: Шеф-повар даярдаган кечки тамак. Баасы: 2000 сом. Өтүү жери: “Кростини” рестораны, Абдрахманов көч. 191. Башталышы: саат 20:00. Телефон: +996 312 661-234.


Аскага чыгуу боюнча Борбор Азиянын чемпионаты

Бирдин Айы 1-4: Баасы: такталууда. Өтүү жери: Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясы, Ахунбаева көч. 97. Башталышы: саат 13:00.


«Dostuk Music Fest»

Бирдин Айы 3: АКШ жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына карата уюштурулган концерт. Долбоордун ичинде Кыргызстанга «Henhouse Prowlers» америкалык тобу келет. Баасы: Кирүү акысыз. Өтүү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Абдрахманов көч, 167. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 312 892-589, +996 555 407-447.


«Маленький Принц» мюзикл

Бирдин Айы 3: Антуан-де-Сент Экзюперинин чыгармасынын негизинде коюлган мюзикл. Баасы: такталууда. Өтүү жери: Тунгуч концерттик залы, Чүй п-ти, 168А. Башталышы: саат 15:00. Телефон: +996 550 334-455.


SAS: From EGO to Ld көргөзмөсүнүн ачылышы

Бирдин Айы 4: Алуа Девайндын көргөзмөсү. Көргөзмөнүн башкы идеясы Эгодон өзүнө ишенүү жана өзүн таанууга айлануусу. Баасы: кирүү акысыз. Өтүү жери: Chicken Star, Эркиндик бульвары, 36. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 558 041-111.


“Фантазия галереясы. Сезимсиз” аттуу спектаклинин ачылуусу

Бирдин Айы 2-4: Театр жөнүндө биз көнгөн түшүнүгүнөн айырмаланган эксперимент. Вербатим жанрында коюлган автордук салттуу-интерактивдүү спектакль. Баасы: 500 сом (сөзсүз катталуу керек). Өтүү жери: Сүрөтчүлөр галереясынын көргөзмө залы, С.А. Чуйков атындагы “Эмен паркы”, Пушкин көч. 78А. Башталышы: саат 19:00. Телефон: +996 555 158-873.


“Паяцы” операсы

Бирдин Айы 4: Баяндоонун негизинде чыныгы болгон окуя - Калабрияда, Монтальто шаарынын жанында кыдырып жүргөн театрдын актеру өзүнүн аялын кызганып сахнанын үстүндө өлтүрүп койгон. Баасы: 100 сомдон өйдө ( билетти төмөнкү сайттан онлайн сатып алууга болот ticket.kg ). Өтүү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Абдрахманов көч, 167. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 661-841.


Oregon State University - ийгиликтүү келечекке биринчи кадам

Бирдин Айы 6: Алдыңкы изилдөөчү университеттин өкүлү кийинки темалар жөнүндө маалымат берет:

1. OSUга кантип тапшыруу керек

2. Кандай программаларды тандаса болот - илим, технология, инженерия, математика

3. Стипендиялар жана арзандатуулар тууралуу

4. ЖРТ деген эмне? Окууну бүтүп кантип иштеп калуу мүмкүн?

Баасы: кирүү бекер ( алдын ала катталуу керек). Өтүү жери: Kyrgyz Conceptтин кеңсеси, Исанов көч. 42/1. Башталышы: саат 14:00. Телефон: +996 906-262 (500).

Спасибо! Мы уже звоним Вам.