11 Май 2017

Бишкек афишасы, Бугу Айы 11 - 17

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Бугу Айы 11 - 17


Шаарлардын форуму 2017

Бугу айынын 12: Бул шаарлардын өнүгүүсү, эксперттердин мастер-класстары жана муниципалитеттердин жана шаардык адамдардын эмгектештигинин эң жакшы тажрыйбаларынын презентациясы, идеяларды талкулоо жана натыйжалуу чечүүлөрдү издөө. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Абдрахманов көч., 208. Башталышы: саат 09:00дө. facebook.com


Ден соолук фестивалы

Бугу айынын 12: Кызыл крестинин туулган күнүнө карата ден соолук фестивалы. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Асанов атындагы парк, Токомбаев көч.. Башталышы: саат 17:00дө. facebook.com


Халида Шимованын жеке көргөзмөсү

Бугу айынын 13: Көргөзмөдө май живописинин техникаларында жана тушь, акрил менен жибекте жасалган 40тан ашык кеңири форматтагы сүрөттөр көрсөтүлөт. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: М Галереясы, Манас пр., 40. Телефон: +996 550 551-293.


Ак куу көлү

Бугу айынын 13: Балет 4 аракетте. Сюжеттин негизи - бул Зигфрид канзаданын сүйүүсүн жана каардуу сыйкырчыдан сыйкырдалган ак куу-кыз Одеттаны аңгемелөө жомогу. Баасы: 100 сомдон өйдө (билеттерди онлайн ticket.kg сайтынан алса болот). Өтчү жери: Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 17:00дө. Телефон: +996 312 661-841.


Европа күнү

Бугу айынын 14: Европа күнү жана ачык эшиктер күнү BISте. Баасы: кирүү акысыз (жаныңызга паспортуңузду алып алуу керек). Өтчү жери: Бишкек Интернешнл Скул (BIS), Бронированная көч., 67А. Башталышы: саат 10:00дө. Телефон: +996 312 214-406, +996 706 200-200.


Үч торомпой

Бугу айынын 14: Балдар жана чоңдор үчүн жомок. Башталышы: 100 сомдон өйдө. Өтчү жери: Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 11:00дө. Телефон: +996 312 661-841.


IX корея киносунун фестивалы

Бугу айынын 15-17: Фестиваль Корея Республикасынын киноматографиясынын Кеңешинин колдоосунда өтөт. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: “Манас” кинотеатры, Мира пр., 47 А.




Спасибо! Мы уже звоним Вам.