04 Май 2017

Бишкек афишасы, Бугу Айы 04 - 10

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Бугу Айы 04 - 10


“Европалык Уюм балдардын көз карашы менен”

Бугу айынын 4: Балдар сүрөттөрүнүн жарманкесинин ачылышы. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Чуйков атындагы “Эмен сейил багы” көргөзмөсүнүн ачылышы, Пушкин көч., 78А. Башталышы: саат 13:00. Телефон: +996 771 920-551.


Плов фестивалы

Бугу айынын 5: Фестивалда ашпозчудан пловдун ар кандай түрү көрсөтүлөт. Баасы: 150 сом. Өтчү жери: “Joma’ кафеси Токомбаев көч., 9/2. Башталышы: саат 12:00. Телефон: +996 (555; 709; 777) 514-499.


Chicken Star Birthday Party

Бугу айынын 05: Ресторандын ачылыш күнүнө карата кече. Баасы: 700 сом. Өтчү жери: Chicken Star, Эркиндик булвары, 36. Башталышы: саат 19:30. Телефон: +996 558 041-111.


“Жаратылыш белектери”

Бугу айынын 6: Фестиваль-пикник. Программада: Жердик продукциясынын сатылуусу, жаратылышта пикник-эс алуу, эстрада жылдыздары менен оюн-зоок программасы, конкурстар жана белектердин ойнолушу.


“Теремок”

Бугу айынын 7: Балдар үчүн кооз жомок. Баасы: 200 сомдон өйдө. Өтчү жери: Ч. Айтматов атындагы Орус драма театры, Тыныстанов көч., 122. Башталышы: саат 11:00дө. Телефон +996 312 662-032


“ Жер эне”

Бугу айынын 7: Үч көшөгөлүү балет-ораториясы, Ч. Айтматовдун бир аталыштагы повести менен. Баасы: 100 сомдон өйдө (билеттерди онлайн ticket.kg сайтынан алсаныздар болот). Өтчү жери: Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 17:00дө. Телефон +996 312 661-841.


Испания виносу менен кечки тамак

Бугу айынын 10: Кечки тамак менюсунда: Каталониядан келген ак винолордун дегустациясы, Капрезе салаты, жашылчалар менен парга бышырылган Форель жана фирмалык бармуздагы менен жемиш салаты. Баасы: 999 сом (баары ичинде). Өтчү жери: “Bellagio” рестораны, Эркиндик булвары, 9. Башталышы: саат 19:00дө. Телефон: +996 703 587-777, +996 312 976-868.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.