13 Апр 2017

Бишкек афишасы, Чын Куран 13 - 19

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Чын Куран 13 - 19


FoodExpo 2017

Чын куран,13: Алдыңкы өндүрүүчүлөр жана дүйнөлүк камсыздоочулар менен бирге тамак аш эл аралык көрсөтүү өтөт. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Кыргыз Улуттук спорт жана маданият академиясынын манежи, Ахунбаев көч., 97. Башталышы: саат 11:00. Телефон: +996 777 966-665.


SOCIAL DANCE SHOW PARTY

Чын куран, 13: "Un Paso" бий мектеби ачылганына 2 жыл болгонуна карата майрам кечеси. Баасы: 250 сом. Өтчү жери: “Оливье” Ресто-бары. Манас проспекти, 28/1. Башталышы: саат 19:00. Телефон: +996 700 882-886.


“Князь Игорь”

Чын куран, 15: Үч көшөгөлүү опера. Баасы: 100 сомдон (билетти алдын ала онлайн ticket.kg сайтынан сатып алсаңыз болот). Өтчү жери: Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык Опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 661-841.


Кыргызстандын заманбап искусствосунун уламыштары

Чын куран, 16: Тематикалык кече. Программада: Кыргызстандын чыгармачыл адамдары менен таанышуу, “Уламыштар” фильмин көрүү, талкулоо. Баасы: 200 сом. Өтчү жери: “Studio 247” арт-студиясы, Эркиндик булвары, 37. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 557 247-000.


“Жизель”

Чын куран, 16. “Жизель” - Зарина Мухаметшинанын кечеси. Баасы: 100 сомдон башталат (билетти онлайн ticket.kg сайтынан сатып алсаңыздар болот). Өтчү жери: Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык Опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 661-841.


Швейцариядагы билим алуу боюнча семинары

Чын куран, 18: Глион Жогорку Окуу Жайы жана Ле Рош Мейманкана Менеджмент институтунун өкүлдөрүнүн катышуусундагы семинар.

Семинарда Сиз:

- Кантип мейманкана жана туризм боюнча престиждик жогорку окуу жайларга өтүүнү биле аласыз

- Эки өлкөдө кантип билим алуу болот

- Төлөмү бар стажировкага өтүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар жана башкалар.

Баасы: кирүү акысыз (алдын ала каттоодон өтүү зарыл). Өтчү жери: “Dodo Pizza” пиццериясы, Шопоков көч., 101/1. Башталышы: саат 15:00. Телефон: +996 777 372-501.


Wednesday Live Jazz

Чын куран, 19. “Соленые Орешки” тобу менен Джаз кечеси. Баасы: 150 сом. Өтчү жери: “Chicken Star”, Эркиндик булвары, 36. Башталышы: саат 20:00. Телефон: +996 558 041-111.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.