06 Апр 2017

Бишкек афишасы, Чын Куран 06 - 12

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Чын Куран 06 - 12

“Кыргызстандын кайрадан жаралуу күнү башталган күн”

Чын куран Айы 6-14: 2010 жылдын Чын куран айынын 7не арналган сүрөткөргөзмө. Баасы: 40 сом. Өтүү жери: Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр мурасканасы, Абдрахманов к, 196. Башталышы: 10:00


Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү

Чын куран Айы 06: Улгайган адамдар үчүн спорттук таймаштар жана флешмоб. Баасы: такталууда. Өтүү жери: Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры, Тыңыстанов к, 122. Башталышы: 15:00. Байланыш номуру: +996 555 712-821.


Джаз. Бишкек. Жаз-2017

Чын куран Айы 07: Эл аралык Джаз фестивалы. Баасы: 1000 сом. Өтүү жери: “Тунгуч” театры, Чүй проспекти, 168А. Башталышы: 19:00. Байланыш номуру: +996 312 901-198.


Опералык концерт

Чын куран Айы 09: Операнын солисти Бактыгүл Бокоеванын концерти. Баасы: 100 сом (билеттерди алдын ала онлайн ticket.kg сайтынан сатып алуу мүмкүн). Өтүү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры, Абдрахманов к, 167. Башталышы: 17:00. Байланыш номуру: +996 312 661-841.


“Чолпон”

Чын куран Айы 08: 60 жыл мурун Михаил Раухвергер жазган балет. Баасы: 100 сомдон жогору (билеттерди алдын ала онлайн ticket.kg сайтынан сатып алуу мүмкүн). Өтүү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры, Абдрахманов к, 167. Башталышы: 17:00. Байланыш номуру: +996 312 661-841.


CACIB-FCI иттердин көргөзмөсү

Чын куран Айы 08-09: Эл аралык иттердин көргөзмөсү. Баасы: кирүү акысыз. Өтүү жери: ”АЮ Гранд-комфорт” Соода борбору, Чолпон-Ата к, 2. Башталышы: 09:00. Байланыш номурлары: +996 555 222-225, +996 770 222-225.


“Айболит дарыгер”

Чын куран Айы 09: Кичине балдарга балет. Баасы: 100 сомдон жогору (билеттерди алдын ала онлайн ticket.kg сайтынан сатып алуу мүмкүн). Өтүү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры, Абдрахманов к, 167. Башталышы: 11:00. Байланыш номуру: +996 312 661-841.

Ынтымак кубогу-2017

Чын куран Айы 09: Мотокросс боюнча таймаш. Баасы: такталууда. Өтүү жери: КР мотокросс федерациясынын мото-треги. Башталышы: 10:00. Байланыш номуру: +996 555 433-043.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.