Прага-Вроцлав-Краков-Прага

Мезгил:


Чын Куран, Бугу, Кулжа, Теке, Баш Оона, Аяк Оона, Тогуздун айы

от 46000 KGS (552€)

Күн: 8 / Түн: 7

Турду брондоо
close

Прага шаарына учуп келүү.

Мейманканага группалык трансфер. Өз алдынча мейманканада жайгаштыруу.

Кечки сейилдөө ""Малострандык диндик " (кошумча). Гид менен сиздер шаардын көчөлөрү менен басып, Башы жок баатыр жанаАлтын кудук, Тынск ибадаткананын коңгуроолору жана еврей шаарынын тургундары жөнүндө уламыштарды угасыздар. Кеч киргенде Староместск аянттынын жарыктары менен маанайыңызды көтөрсөңөр болот. Андан кийин, биз сиздерди жайлуу погребке бир стакан ысык шарапка чакырабыз.

Каалагандарга Image Theatre көргөзмөсүнө барса болот- " Көлөкөлөрдүн театры" (кошумча).

Көлөкөлөрдүн театры же «Кара театр» - бул чыныгы табылга, калыштуу жана өзгөчө жер. Бул жерде аткаруулары укмуштуу жарык жана карангынын оюнунда негизделген. Кээде керектүү учурда, керектүү жерде да болуш кыйын. Эгер Image театрдын көрүүчү залында болсоңуз, анда сиздин колуңзудан бул нерсе келди деп ойлосоңуз болот.

Тамактануу

Прага Грады жана Эски шаар боюнча таанышуу экскурсиясы. Экскурсия программасында: Прага Грады - Европанын ири орто сарай комплекси, түзүлгөндөн тартып, бүгүнкү күнгө чейин бул Чех башчыларынын орду болгон: бир убакытта падышалардыкы жана азыркы учурда президенттердики; Кичине Тарап - шаардын абдан кооз багыттарынын бири, ал жерде эч кандай заманбап имараттары жок, болгону Эски шаар жана Старомест аянттынын курчап турган байыркы көчөлөр жана чиркөөлөр. Старомест аянтты, балким, Праганын эн кооз аянттарынын бири, ал өзгөчө орто кылымдардагы маанайды сактап калган.

Кечинде каалагандар үчүн "Пиво жөө туру" (кошумча). Уникалдуу Прага боюнча пиво жөө туру. Адамда ар дайым жылуу жүрөк жана муздак пиво болушу керек. Сиз бир нече дүйнө белгилүү праганын пиво жасоочу жана пиво ресторандарына бара аласыздар, жана 8 чех пиво сорттун даамдап көрөсүздөр. Профессионалдык «пиво» гиды сиздерге пиво жөнүндө, анын каада салттарын жана тарыхын аттып берет.

Чоң монастыр ресторанында шарап даамын менен кечки тамак. (кошумча). Чоң монастыр Страхов комплекс монастырында жайгашкан, 1140-жылы негизделген. Сиздерди 5 түрдү шарап виносу күтөт, ресторандарга үчүн атайын даярдалган вино жана салттуу чех тамактары менен кечки тамак. Бардык шараптар Түштүк Моравиядан чыккан, Зноймо шаарынын аймагы.

Тамактануу.

Прагадан Вроцлавга көчүү. Жолдон Эски шаар жана Клодзо чеби менен таанышуу экскурсиясы.

Клодзко –Польшанын түштүк-батышында байыркы шаар, XII кылымда курулган, чех менен поляк падышаларынын таандыгы болгон, Габсбургов монархия жана Немис империясын кээде «КичинеПрага» деп аташат, себеби, орто кылымдардагы көптөгөн эстеликтери бар. Сиз Эски Клодзко көчөлөрү аркылуу кызыктуу сейилдөө кылып, шаардын жанындагы бийик аскада уникалдуу коргонуу үчүн чепке барасыздар.

Вроцлав шаарына келүү. Мейманканада жайгаштыруу.

Тамактануу

Вроцлав шаар боюнча таанышуу экскурсиясы – ушул укмуш шаардын 12 аралдары жана жүздөн ашык көпүрө бар, «Европанын ыйык гүлү, шаарлардын арасындагы бермет». Эски шаардын базар аянттында Ратуштун анын байыркы күн сааттарын көрү, алар орто кылымдардагы Тумск аралдарын, 15 кылымдагы Ыйык Эльжбеттин чиркөөсүн эстеп калган, Рацлавицк панорамасына баруу. Ошондой эле, экскурсия учурунда туристтерге кичинекей кишилердин фигураларын көрсөтүшөт, себеби Вроцлавды «көпүрөөлөр жана кичинекей кишилердин шаары» деп аташат.

Вроцлав шаарын көрү үчүн бош убакыт.

Күндүн экинчи жарымында Краков шаарына көчүү. Мейманканада жайгаштыру.

Тамактануу.

Краков боюнча жөө таанышуу экскурсиясы : Эски шаар жана Вавель падыша сарайы орус тилин билген гид менен: Базар аянтты – уламыштардан жана көптөгөн тарыхый окуялар чогулган жер, Мариац чиркөөсү, Сукеннице тарыхый соода архитектура жайлары, Падыша жолу, Падыша сарайы жана Кафедралдык собору менен Вавель дөбөсү.

Величкага таанышуу экскурсиясы (кошумча).  Величка кичинекей шаар Краковтон 13 километр алысттыкта жайгашкан. Бул жерде Европанын ири жана байыркы бири болуп саналган туз кендери жайгашкан. Кендин тереңдиги 340 метр, ал эми жалпы узундугу коридор жыйынтыктары 350 километрди түзөт. Дүйнө жүзү боюнча туристтер жер астындагы кен кооздугуна суктанууга келишет. Андан тышкары, кендин абасы дарылык касиетке ээ, жер астындагы санаторий жабдылган.

Кечинде бош убакыт. Каалагандар үчүн " Элдик ансамблинин коштоосунда улуттук ресторанда кечки тамак " (кошумча).

Тамактануу.

Освенцимге автобус аркылуу таанышуу экскурсия (кошумча). Краков шаарынын батыш тарабындагы 60 км аралыгында чакан Освенцим шаар жайгашкан, бул жерде 1940-жылы Германиянын топтолуу лагерлердин комплекси түзүлгөн. Освенцим – бул жерде ири гитлердин лагери жайгашкан, ал жерде экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде 1,5 миллиондон ашык кишилерди кыйноого алынган. Освенцим – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген – бузулбастык корголгондуктан сакталган, адамзатка катары каршы кылмыш болгон бир эскертүү болуп калган. Музей крематорийлердинин урандылары, газ бөлмөлөрүнөн, темир жол платформаларынан жана мурдагы топтолуу стандын башка объекттеринен турат.

Вавелдеги Падыша сарайына жана Краков аянттынын Жер астындагы негизги базарына таанышуу экскурсиясы (кошумча). Падыша сарайы XI-XVII кылымдарда (ЮНЕСКО эстелиги) Польшанын башкаруучуларынын жашаган жери болгон. Вавелдеги жашаган жердин ички жасалгалары ренессанс стилиндеги чыныгы падышанын жасалгасындай. Сарайда падышалык бөлмөлөр, тактыс бөлмө, курал жана 2010 жылы ачылган, ал ар түрдү археологиялык парк, ал жерде өмүрдүн сүрөтүн көрө аласыздар. Долбоор жазуучулардын заманбап технологиялардын жардамы менен эл жыш орто шаардын кемчиликсиз иллюзияны жараткан.

Каалагандар үчүн " Казимежа ресторанында кечки тамак, "Еврей музыкасынын концерти " (кошумча).

Тамактануу.

Краковадан Прага шаарына баруу.

Жолдон Брно шаарына жакын Леднице-Валдица сарай комплексине кире аласыздар.  (Юнесконун эстелиги).

Моравии түштүгүндө, Дыйе дарыясынын жээгинде Леднице сарайы жайгашкан. Леднице жана Валдице сарайылары Леднице-Валдица сарай комплексине кирет, алардын аянтты 200 чарчы чакырымды түзөт, ал жер эн көп пейзаж комплекстеринин бири болуп саналат. Леднице сарайы, 5 кылым бою Лихтенштейн үй-бүлөлүк уя династиясы ээ болгон, ал өзүнүн кооздугу жана гармониясы менен таң калдырат.

Чех Штернберг сарайына сапар. Башка Чех сарайларына салыштырмалуу Штернберк өзүнүнсы жыпар жыттуу атмосфера, ички келбетинде көп назик обондору менен жана, ошондой эле, жарык толук ачык мейкиндиктери менен айырмаланып турат. Бул ынгайлуулугу бөлмөлөрдө эмеректер түзмө-түз ар бир көркөм чыгарма болуп саналганына ишенүү кыйын, ал дубалдагы сүрөттөр болобу, XVII–XVIII  кылымдагы атактуу голландиялык жана италиялык чеберлерге таандык иштери, кооздолгон фарфор идиштери, баалуу жыгач эмерек, кезек-айнек терезе же кичинекей мозаика мештери (Алар абдан көп, жана ар биринин өзүнүн кайталангыс стилине ээ).

Прага шаарына келүү. Мейманканада жайгаштыруу.

Тамактануу.

Бош убакыт.

Прага шаарына группалык трансфер. Прагадан учуу.



Турдун баасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

Мейманканада жайгаштыруу: Прагада 3 түн, Вроцлаведа 1 түн, Краковда 3 түн;

Эрте мененки тамактануу;

Прага, Клодзко, Вроцлава, Кракова, Леднице сарайы, Чех Штернберг сарайынаорус тилин билген гид менен таанышуу экскурсиясы;

Группаны чогу алып баруучусу;

Программа боюнча группалык трансфер;

Медициналык камсыздандыруу

Турдун баасына төмөнкүлөр кирбейт: кирүү билеттер кирбейт (дароо төлөм).

Кабыл алуучу компания бирдей маанидеги сапарын алмаштыруу жана убактысын өзгөртүүгө укугу бар.

Кызматтын баасына төмөнкүлөр кирбейт:

авиаучак

орус тилин билген гид менен кошумча экскурсиялар, транспорттык кызмат жана кирүү билеттери;

кошумча кечки тамактар; жеке трансферлер.

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмнеге 2 350 000 кардар Kyrgyz Concept тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.