31 Окт 2019

Тайландтагы эс алуу

Туризм жаңылыктары
Тайландтагы эс алуу

Ноябрь - Тайландта эс алуу үчүн эң ыңгайлуу убакыт. Тайланд-бул күнөстүү жана жылмаюу тартуулаган жер, денеңиз гана эмес, жан дүйнөңүз дагы тынчытыка келип, чындап эс алгандай болосуз! Тайландтын туристтик жайларын баш багып, өлкөнүн тарыхы тууралуу билсеңиз болот. Өзгөчөлөнгөн архитектуралык курулуштар, балык кармоо, кызыктуу сатып алуулар, жагымдуу жөө жүрүштөр сизге унутулгус сезим тартуулайт. Баарыңыздарды кызыктырган,  “Тайландтын кайсыл жерлерине баруу керек”, деген суроого жооп берели.      

1.Аюттайя тарыхый шаары 

Аюттайяны эки түрдүү жагынан таанууга мүмкүн.  Аютайинин жарымы урандыларга толуп турат, алар талкалангандан кийин ЮНЕСКОнун тизмегине киргизилген жана шаар -парк  катары саланат. Ушул эле убакытта шаардын экинчи тарабында жай баракат, заманбап шаар чектелүү инфрастуктурасы менен өз турмушун сүрүп келет.  Аюттаяда жүргөндө Тайланд маданияты менен бирге өлкөнүн кызыктуу тарыхы тууралуу маалымат ала аласыз. Кайсыл бир убакытта бул шаар байыркы Сиам Ханышалыгынын борбору болсо, азыркы учурда экскурсиялык программага кирген жөнөкөй өлкө гана болуп калды. Бул жерде жайнаган бар, куркүрөгөн түнкү жашоо жана мода болгон  СПА-салондор жок. Бирок Сиам ханышалыгына кызыккандар үчүн бул жер кызыктуу келет.


2.Самуи  аралы (Сиам булуңу)

Көл жээгинде эс алууну сүйүчүлөр үчүн Самуи абдан ылайыктуу жер. Сиам булуңунда жайгашкан укмуштуудай кооздука ээ Самуи аралы саякатчылардын эң жакшы көргөн жерлердин бири.  

Самуини кокос пальмалар аралы, деп атап коюшат. Аталган арал көгүлтүр деңиз, кооз шаркыратма жана аппак көл жээктери менен дүйнөгө белгилүү. Эң эле таанымал жерлери аралдын чыгыш тарабында жайгашкан жана шаңдуу кечээлерге жана өнүккөн инфраструктурага.


3. Чоң Будда (Паттайя)

Чоң будда,  Пхукеттин эң негизги туристтик жайы. Айкел ак мрамордон жасалган жана Тайландтын падышасы - Пумпион Адульядеттын элесине тургузулган. Айкелдин курулушу 2002 жылда башталып,  азыркы күнгө чейин уланып келүүдө. Деңиздин деңгээлинен 400 м бийиктикте жайгашкан жана бийиктиги 45 м. түзөт. Токой арасындагы бетон жол аркылуу бул айкелге келүү мүмкүн. 

Бул жердин туристтерди кызыктыруучу жери - храмдын ичинде сувенирлерден тышкары, мрамор таштары сатылат, анын бетине өзүңүздүн каалооңузду жазып калтырып кетсеңиз болот. Кийин ал таш айкелди тургузууда колдонулат 


4. Дой Интханон улуттук паркы  (Чиангмайдан 100 км алыстыкта) 

Тайландтын эн чокусунда эмнелерди көрүүгө болот?  Дой Интханон - өлкөнүн эң бийик тоссу, бийиктиги 2565 м. Бул жер Тайландтын чатыры, деп коюшат.

Бул жердин өзгөчөлүгү - инфраструктуранын курчоосунда табигаттын кооздугуна суктанууга шарт түзулөт. Туристтер үчүн ыңгайлуу үйлөр, ресторандар жана дүкөндөр салынган. 

Чокуда 2 ступа (буддалык сыйынуучу жай): күрөңү- хандыкы жана бозу - ханышаныкы. Алар бири-бирин тике карап турат, бул нерсе кандайдыр бир мистиканы элестет. Бул жерде тартылган сүрөттөр канчалык кызыктуу жана өзгөчө болорун элестетип жатасызбы!?


Спасибо! Мы уже звоним Вам.