18 Окт 2018

Бишкек афишасы, Тогуздун Айы 18 - 24

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Тогуздун Айы 18 - 24


“Келечек шаарын курабыз!”

Тогуздун айы 19: Имараттарды түзүү жанна куруу боюнча балдарга мастер-класс. Айтылган мастер-класс колдун моторикасын, абстрактуу ой жүгүртүү, сабырдуулук жана тыкандыкка үйрөтөт. Баасы: 200 сом. Өтчү жери: Асанбай борбору, Токомбаев көч., 21А. Башталышы: 19:00. Телефон: +996 770 779-840.


Шарап дегустациясы

Тогуздун айы 19: 4 түрдүү шараптын жана ар бир шарапка ылаыйкталган даам ооз тийүүсү (закуска) менен дегустация өтөт. Сомелье базалык даамдар боюнча экскурсия өткөрөт жана катышуучулардын суроолоруна жооп берет. Баасы: 1500 сом (баасына дегустация, даамдарды ооз тийүү жана билим берүү кирет). Өтчү жери: @191 бары, Абдрахманов көч., 191. Башталышы: 19:00. Телефон: +996 550 586-717.


III кайрымдуулук саркеч көргөзмөсү

Тогуздун айы 20: Даун Синдрому менен балдар катышкан саркеч көргөзмөсү өтөт. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Абдрахманов көч., 191. Башталышы: 16:00.


Күзгү чарбачылык Экофестиваль 

Тогуздун айы 20: «EcoFarm Fest» фестивалынын багыты - коомчулук арасында туруктуу өнүктүрү жана экологиялык өнүгүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу. Фестивальдын программасында: лекциялар, мастер-класстар, чарбачылык жарманке, тамак зонасы, балдар үчүн ойноочу жай. Баасы: 900 сом (баасына тамак жана суусундуктарды алууга купон киргизилген). Өтчү жери: Москва көч., 150. Башталышы: 11:00. Телефон: +996 559 119 444.


Ачууланган чал

Тогуздун айы 21: Үй жаныбарлардын ээлерине жан дили менен берилгендиги жөнүндө баян. Баасы: 100 сом. Өтчу жери: Абдрахманов көч., 230А. Башталышы: 11:00. Телефон: + 996 312 670-641.


“Чоң (бойго жеткен) жаш баланын баяндары”

Тогуздун айы 21: Чыңгыз Айтматовдун чыгырмалары боюнча көргөзмөнүн ачылышы. Авторлору: Фирсова Айжан, Сейталиева Сайкал, Адиль Сейталиев, Асылкан Талип. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Асанбай борбору,  Токомбаев көч., 21А. Башталышы: 19:00. Телефон: +996 770 779-840.


Джаз кечеси

Тогуздун айы: “Соленые орешки” музыкалдуу тобунун Jazz кечеси. Баасы: 200 сом. Өтчү жери: Жибек-Жол пр., 487А. Башталышы: 21:00. Телефон: +996 703 436-008.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.