01 Мар 2018

Бишкек афишасы, Жалган куран айы 01 - 07

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Жалган куран айы 01 - 07


GSB эл аралык пикир алышуу кечеси

Жалган куран айынын 01: Эгер сиз жаңы адамдар менен таанышкыңыз келсе жана жана эл аралык байланышты өнүктүрүүнү кааласаңыз эл аралык пикир алышуу кечесине келиңиз. Кече англис тилинде өтөт. Баасы: 300 сом. Өтчү жери: “Сиерра” кофейнясы, Горький көч. 1Г. Башталышы саат 19:00 facebook.com


“Чиполлино”

Жалган куран айынын 01: Акыйкаттык үчүн күрөшкөн пияз-бала жөнүндөгү балакайларга жомок. Баасы: 100 сом (билеттерди онлайн түрүндө ticket.kg сайтынан сатып алсаңыздар болот). Өтчү жери: А.Өмуралиев атындагы драма театры, Огонбаев көч. 242. Башталышы саат 14:00. Телефон: +996 312 530-442


Pishpek City band

Жалган куран айынын 02: Pishpek City band жаңыча курамда чыгат. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Зузмановичтин чемоданы, 4 кчр, 6/2. Башталышы: саат 21:00. Телефон: +996 550 223-667, +996 553 041-870.


Концерт

Жалган куран айынын 04: Италия музыка сүйүүчүлөрү үчүн “Бланко синакори” дуэтинин аткаруусундагы концерт болуп өтөт. Баасы: Концертке кирүү КРдагы Италиянын консул кызматынын атайын чакыруусунун аркасында Абдрахманов ч., 175/а. көчөсү аркылуу жүргүзүлөт. Өтчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы, Чүй пр, 253. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 666-463.


“Ак куу көлү”

Жалган куран айынын 04: Россия балетинин жыздыздарынын аткаруусундагы балет. Өтчү жери: А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры, Абдрахманов көч, 167. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 661-841.


“Лондондо ишкерлик-билимин кантип алса болот?”

Жалган куран айынын 06: өткөрүлө турган семинардан сиздер:

-City, University of London окуу жайына тапшыруу жолдорун

-Университеттеги кайсы адистиктер популярдуу жана рейтинги жогору болуп саналарын

- Окуу жайдын студенттердин тажрыйбасын көтөрүүгө арналган жумуштар

- Аталган окуу жайдан жеңилдиктерди кантип алса болот деген сыяктуу суроолорго жооп аласыз.

Баасы: Кирүү акысыз (алдын ала катталуу керек). Өтчү жери:  Kyrgyz Concept, Исанов көч., 42/1. Башталышы: саат 15:00. Телефон: +996 777 372-501.


“Жаздын гүлдүү Магиясы”

Жалган куран айынын 01-08: Коллекционер-гүл өстүрүүчүлөр клубунан бөлмө өсүмдүктөрүнүн көргөзмө-жарманкеси. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: БДБ Сейтек, Абдумомунов көч., 197. Башталышы: саат 10:00. Телефон: +996 551 043-844.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.