25 Май 2017

Бишкек афишасы, Бугу Айы 25 - 31

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Бугу Айы 25 - 31



Корея татымы - 2017

Бугу айынын 25: Корея маданият айынын алкагындагы кулинардык фестивалы. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: “Алтын Дракон” рестораны, Элебаев көч. 60. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 312 579-771.


“Балалыка карай”

Бугу айынын 26: Балдар коргоо күнүнө карата Eco-quiz. Викторинада кызыктуу жана билим берүүчү суроолор. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: “Экодемия” кафеси, Фрунзе көч., 429Б. Башталышы: саат 20:00. Телефон: +996 779 910-226.


Mr Oscar & Grand band

Бугу айынын 26: Mr Oscar & Grand band аткаруусунда жандуу музыка кечеси. Баасы: 400 сом. Өтчү жери: Арт-студия “Studio”, 247,  Эркиндик көч., 37. Башталышы: саат 20:30. Телефон: +996 708 552-266, +996 555 009-912.


Веломарафон

Бугу айынын 27: Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосундагы веломарафон. Багыт: Түштүк Магистралы - Советский - Чуй - Раззаков - Эски Аянт. Баасы: такталууда. Өтчү жери: 12-чи кичи району, чиркөөнун маңдайында. Башталышы: саат 09.00. Телефон:  +996 555 924-998, +996 779 924-998.


“Гүл каникулдары”

Бугу айынын 27 - Кулжа айынын 1: Гүлдөрдүн жана өсүмдүктөрдүн көргөзмө - жарманкеси. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: “Сейтек” балдар борбору , Абдумомунов көч., 197. Башталышы: саат 10:00. Телефон: +996 551 043-844.


Эки өлкөнүн маданият жана достук фестивалы

Бугу айынын 27: Фестивальдын программасында: Жапон искусствосун, маданиятын жана салттарын чагылдырган ар түрдүү иш-чаралар. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Кыргыз-Жапон адам өнүгүү борбору. Турусбеков көч., 109. Башталышы: саат 11:00. Телефон: +996 312 906-580.


Гала опера

Бугу айынын 28: Опера cолисттеринин концерти. Программанын ичинде - опера фрагменттери. Баасы: 100 сомдон өйдө. Өтчү жери: Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 17:00.  Телефон: +996 312 661-841.






Спасибо! Мы уже звоним Вам.