Ысык-Көлдүн ороонуно 3 күндүк тур

Баанын ичинде:

  • Экскурсилар

Мезгил:

Мүнөздөмөлөр:

0

Бур турда Кыргызстандагы атагы чыккан жер - Ысык-Көл көлүнө барасыңар. Андан сырткары "Бурана" мунарасына, Рух-Ордо көркөм маданият борборуна, Жети-Өгүз өрөөнүнө жана Жомок каньонуна барабыз. Бул кыска 3 күндүн ичинде Ысык-Көлдүн күнгөй жана тескей жээктерин кыдырып келебиз.

от 290 $ 25 230 KGS

Күн: 3 / Түн: 2

Турду брондоо
close

Эртең менен гид жана айдоочу менен жолугуу жана укмуштай кооз, кол тие элек жаратылышы менен туристтик жерге айланган Чоң-Кемин өрөөнүнө жолго чыгабыз. Жолдон “Бурана” мунарасын, эшиктеги чакан музейди жана балбал таштарды көрө кетебиз. Мунаранын башына чынып өрөөндүн кооз жаратылышын көрө аласыңар. 

Калмак-Ашуу айылына келүү жана жергиликтүү конок үйүнө жайгашуу. Күндүн экинчи жарымында Калма-Ашуу капчыгайына саякатка чыгабыз. Конок үйүнө кайтуу. Айылды жөө кыдырып, жергиликтүү калк менен таанышып, айыл менен кененирек таанышсаңар болот.

Кошумча кызматтар (кошумча акы төлөнөт):
- Боорсок шоу 
- Ат менен сейилдөө

Тамак-аш: түшкү жана кечки тамактар

Эртең мененки тамактан кийин Ысык-Көлдүн түндүк тарабы менен Каракол шаарына жол тартабыз.

Ачык асман алдындагы Петроглиф (ташка чегилген жазуулар) музейине жана Чолпон-Ата шаарындагы Рух Ордо көркөм маданият комплексине экскурсия болот. Көлдүн алыскы чыгышында жайгашкан Каракол шаарына жөнөйбүз. Шаарга келгенден кийин Советбек байкенин үй бүлөлүк конок үйүнө жайгашуу. 

Күндүн экинчи жарымында мыксыз жыгачтан курулган орустардын чиркөөсүнө, Дунган мечитине ( дунгандар – Батыш Кытайдан келген этникалык мусулман кытай эли) жана 19-кылымдагы орус айылын элестеткен Купеческий Проезд көчөсүнө экскурсия болот. Мындан сырткары, жергиликтүү аялдар жасаган сувенирлер дүкөнүнө кирип чыгабыз. Конок үйүнө түнөө.

Тамак-аш: эртен мененки тамак

Таң эрте ачыла турган мал базарына барсаңар болот (жекшемби күндөрү гана иштейт). 

Эртең мененки тамактан кийин укмуштай кызыл жарларга бай жана “жети өгүз” формасы бар Жети-Өгүз районуна жөнөйбүз. 

Боконбай айылында тушку тамактануу. Жомок Каньонуна саякат. Каньон көп жылдар аралыгында шамалдын таасири астында ар түрдүү формага айлангандыгынан ушундай аталышты алган. Каньондогу кээ бир формалар белгилүү обьекттер менен окшошуп кетет жана ошого жараша атап коюшкан. Мисалга алсак бир тоо кыркасын “Кытай Дубалы” деп атап коюшкан, анткени ал “Улуу Кытай дубалы-сепилине” окшош. Андан сырткары ажыдаар, бегемот, жылан, уктап жаткан алп жаныбарга окшош статуяларды жана көптөгөн чептерди көрө аласыңар. Бул статуялар укмуштай формасынан сырткары ар кандай түскө да ээ. 

Бишкек шаарына болжолдуу саат 17:дөн кийин келебиз.

Тамак-аш: эртең мененки жана түшкү тамак

Топтогу киши саныТөлөмү (долл)/киши башына
1870 USD
2495 USD
3-4460 USD
5-6340 USD
7-8290 USD
Бир  кишилик жатакана үчүн кошумча төлөм45 USD

*Турдун төлөмү КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт

Төлөмгө камтылган кызматтар
Эки кишилик жатаканаЧоң-Кемин - конок үйү (1 түн)
Каракол -  конок үйү (1 түн)
ТранспортКондиционери бар ыңгайлуу унаа
Гид кызматы (англ/орус)Камтылган
Тамак-ашэртен мененки тамак 2, тушку тамак 2, кечки тамак 1
Кирүү төлөмдөрүКамтылган
Ичуучу суу1 литр/киши башына/бир күнгө
Төлөмгө камтылбаган кызматтар
Жеке чыгымдар
 Чон-Кеминдеги боорсок шоу 65 Долл
 Чон-Кеминде ат менен сейилдөө30 Долл/киши башына
Тамчыдагы фелт шоу50 Долл

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмнеге 2 350 000 кардар Kyrgyz Concept тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.