Борбор Азия турлары

Kyrgyz Concept менен бирге саякаттоого убакыт келди

Биздин өнөктөштөр

Кыргызстан боюнча, Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүнѳ турлар

Кыргызстандагы Kyrgyz Concept компаниясы мекендештерге жана башка өлкөлөрдѳн келген конокторго Азия боюнча эксклюзивдүү турларды сунуш кылат.

Орто Азия – бул жан дүйнөнүн өзгөчө абалы. Бир жолу көрүп жана өмүр бою унута албайсыз! Баштапкы көрүнүшүн сактап калган кооз жаратылышы, бай тарыхы бар байыркы шаарлар, табышмактуу уламыштар,архитектура эстеликтери, жыпар жыттуу специялары менен чыгыш базарлары, өзүнчө бир башкача болгон маданияты жана жергиликтүү калктын кайталангыс меймандостугу ... Бул жана башка көп нерселер сизди кайдыгер калтырбайт жана кайра-кайра кайтып келүүнү эӊсетет!

Ысык-Көлдѳ жыл бою эс алуу

Тоӊбогон туздуу Ысык-Көлдү "Кыргызстандын бермети" деп аташат. Укмуштуу сулуулугу менен айырмаланган көл Тянь-Шандын улуу, ак кардуу чокулары менен курчалып, дүйнө жүзүндѳ тереӊдиги боюнча үчүнчү орунду ээлейт. Көлдүн айланасында экскурсия кылыш үчүн көптөгөн кооз жерлер бар: бийик шаркыратмалар, калың ийне жалбырактуу токойлор, тоолуу жайыттар, укмуштуу кызыл аскалар. Чалып же онлайн түрүндѳ Ысык-Көлгѳ жолдомо заказ бериӊиз.

Тур издөө

Kyrgyz Concept турагенттиги Улуу жибек жолунда же Көчмөндөрдүн изи менен деп аталган эксклюзивдүү турларды сунуш кылат, дем алыш күндөргѳ турлар, бир нече өлкөлөр боюнча туташтырылган турлар, ден соолукту жакшыртуучу турлар: эко-резорттор жана кымыз менен дарылоо, активдүү эс алууга турлар, ошондой эле кызуу турлар абдан жагымдуу баалар менен. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана башка өлкөлөргѳ турларды биздин сайттан онлайн сатып алыӊыз!

Сиз көпкѳ эстей турган мыкты багыттар жана жерлер!

Ачып көрүү

Спасибо! Мы уже звоним Вам.