Auburn University - Высшее образование в США

Особенности программы

Багыт

США

Мүнөздөмөлөр

0

Кабыл алуу мөөнөтү

бугу, баш оона

Длительность программы

Бакалавриат - 4 жыл

Магистратура - 2 жыл

АКШнын түштүк-чыгышындагы, Алабама  штаты, түштүктүн  жүрөгү болуп эсептелет. Штаттын ылдам өнүгүп жаткан  шаарларынын бири Оберн болуп саналат. Forbes версиясы боюнча, ал бизнести өнүктүрүүгѳ жана мансап куруу үчүн ,  жыйырма чакан америкалык шаарларынын бири . Ал ошондой эле АКШнын төрт "абдан билимдүү" шаарлардын бири болуп эсептелет.

от 2404560 KGS $34 400
close

АКШнын түштүк-чыгышындагы, Алабама  штаты, түштүктүн  жүрөгү болуп эсептелет. Штаттын ылдам өнүгүп жаткан  шаарларынын бири Оберн болуп саналат. Forbes версиясы боюнча, ал бизнести өнүктүрүүгѳ жана мансап куруу үчүн ,  жыйырма чакан америкалык шаарларынын бири . Ал ошондой эле АКШнын төрт "абдан билимдүү" шаарлардын бири болуп эсептелет. Мындан тышкары, Оберн американын, калктуу жашоосу үчүн мыкты шаар катары таанылат.

Auburn University - 1856-жылы түзүлгөн ири АКШнын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат. Бул  жерде дүйнө жүзү боюнча  25 000 студент билим алат.

Окуу жайдын билим берүү системасынын негизги белгилеринин бири академиялык билим берүү менен илимий-изилдөө иштери тыгыз байланышта болгондугу. Студенттер лабораторияларда практикалык билим алууга окуунун биринчи жылынан киришет. Мисалы, Auburn Universityде студенттик космостук  программасы иштейт: бул программа боюнча, адистердин жетекчилиги астында студенттер спутникти долбоорлоо, куруу жана ишке киргизүү менен алек.

Auburn University окуунун дагы бир өзгөчөлүгү кооперативдик билим алуу (Co-Ор) болуп саналат. Бул,  академиялык билим менен практиканы айкалыштырганга   мүмкүндүк берүүчү билим берүү программасы. Мугалимдер студенттерге төлөнө турган тапшырмаларды беришет. Ошентип, студенттер,  түздөн-түз окуу жайдын ичинде баа жеткис практикалык тажрыйбага ээ болот, ошондой эле каржылык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүктѳрү бар .

Кампустагы жашоо - жаркын жана каныккан. Университетте 300 студенттик уюмдар, топтор менен клубдар бар. Кампуста жыл бою спорт жана эс алуу иш-чаралары өткөрүлүп  турат: концерттер, көркөм өнөр көргөзмөлѳр, семинарлар, илимий симпозиумдар, эл аралык фестивалдар жана спорттук иш-чаралар.


Auburn University жергиликтүү парктын территориясында жайгашып, 200дөн ашуун гектар жерди ээлейт. Университеттин түзүмүнѳ 13 колледж жана 400 имараттар кирет. Спорттук борбордо заманбап машыгуучу зал, бассейн, виртуалдык жасалма гольф, ири спорттук стадион, ошондой эле жарга чыгуу жасалма үч тоо бар. Ошондой эле студенттик кампуста, театр, көркөм музей, китепкана, музыка жана бий залдары, ден соолук борбору, жатакана, ашкана жайгашкан.

Эмне үчүн Auburn University де билим алуу керек?

- Auburn University - Америка Кошмо Штаттарынын  100 мыкты жогорку окуу жайларынын бири;

- Auburn University биология багытындагы АКШнын 17 мыкты жогорку окуу жайларынын бири катары таанылат;

- НАСА үчүн илимий эксперттерди жана астронавттарды даярдайт;

- студенттер жашоо үчүн сапатына жараша он мыкты америкалык жогорку окуу жайларынын бири.

 # 103 улуттук жогорку окуу рейтингинде (U.S. News & World Report, 2018)

# 56 инженердик  программалар (U.S. News & World Report, 2018)

 # 17 студенттик канааттандыруу тизмесинде  (The Princeton Review's)

Университет төмөнкү багыттарды сунуш кылат:

Айыл чарба:                                                                                                  

Айыл чарба бизнеси жана экономика

Айыл чарбадагы байланыш

Айыл чарба бизнеси жана билим берүү

Агрономия жана топурактар

Жерди пайдалануу тартиби

Мал чарбачылык

Айлана-чөйрө

Токойчулук

Табигый токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу

Балык уулоо

Бакчылык

Канаттууларды багуу

Архитектура жана дизайн:

Архитектура

Ички дизайн

Курулуш

Графикалык дизайн

Айлана-чѳйрѳ дизайны

Кийим дизайны

Мода өндүрүшүнүн башкаруу

Бизнес, финансы жана экономика:

Бухгалтерия

Авиация менеджменти

Бизнес жана маркетинг

Бизнес -аналитиги

Бизнес-менеджмент

Аналитика

Аналитика жана сапаттык анализ

Ишкердик жана үй-бүлөлүк бизнес

Адам ресурстарын башкаруу

Эл аралык бизнес

Менеджмент

Маалыматтык системалар менен башкаруу

Маркетинг

Кесиптик Учуу башкаруу

Тармак башкаруу

Инженерия:

аэрокосмостук техника

биосистемалык инженерия

химиялык инженерия

информатика

жарандык инженерия

лаборатория технологиясы

машина курулушу

материалдар

өнөр жай системалык инженерия

ЭЭМ үчүн программаларды иштеп чыгуу

Электротехника

Компьютердик  илимдер



Ошентсе да чечим кылган жоксузбу? Анда  Auburn Universityнин  белгилүү бүтүрүүчүлөрү тууралуу көбүрөөк билүүгө чакырабыз:

Тим Кук - Apple компаниясынын генералдык директору, Джимми Уэлс - Wikipedia негиздөөчүсү, NASA астронавты- Джим Восс, Kей Айви - Алабама губернатору, Aктавия Спенсер - актриса, "Academy Award"  лауреаты, Гарольд  Мелтон, - Жогорку сот, Кристи Ковентри - сүзүү  боюнча олимпиада чемпиону.


Путь в Университет

- Аттестат

- Результаты TOEFL iBT 60 или выше

Бакалавр

- Аттестат

- Результаты TOEFL iBT 79


Путь в Университет (Магистратура)

- Диплом Бакалавра

- Результаты TOEFL iBT 68 или выше

Магистратура

- Диплом Бакалавра

- Результаты TOEFL iBT 80 или выше


Студенческий городок Auburn University состоит из 32 общежитий. Все они расположены рядом с библиотекой и учебными корпусами. Практически во всех общежитиях есть своя прачечная, столовая или общая кухня. Студенты проживают в двухместных комнатах, объединённых с другими комнатами на этаже общей ванной. 

Стоимость проживания в резиденциях от 600 300 сом ($8700) за год

Путь в университет от  2 404 560 ($34 400 ) за 1 год 

Бакалавриат от 2 193 740 сом ( $31 384) за 1 год 

Пусть в университет (Магистратура) от 1 098 129 ($ 15 710) за 1 семестр

Магистратура от  1 098 129 ($ 15 710) за 1 семестр

Адрес: Тыныстанова 231, г. Бишкек, Кыргызстан

Почта: education@concept.kg

Тел: +996 312 900883

Моб.: +996 777/701/557 900883

Whatsapp: +996 554 900883

Skype: kc_edu

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Популярдуу программалар

Эмнеге 2 350 000 кардар Kyrgyz Concept тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.