23 Мар 2017

Бишкек афишасы, Жалган Куран 23 - 29

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Жалган Куран 23 - 29


Бизнес солонкасы
Жалган куран 23: Тема: «Интернет аркылуу сатуу каналын түзүү кандай?». Баяндамачы: Куренкеев Айбек - I DO MARKETING компаниясынын башкаруучу өнөктөшү. Баасы: 300 сом. Өтчү жери: Kyrgyz Concept конференц залында, Исанов көч., 42/1. Башталышы: 18:00. Тел: +996 559 808-514.


Жоогазын

Жалган куран 23-24: Улуттук реклама жана PR боюнча Фестивал ушул тарапта окуган студенттер, мугалимдер жана практиканттардын ортосунда сүйлөшүү жана таржрыйба бөлүшүү үчүн өтөт. Баасы: такталууда. Өтчү жери: Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, Фрунзе көч., 547. Телефон: +996 312 465-725.


«Үндүн сыйкырлуу күчү»
Жалган куран 23: Балдар Филармониясынан көрсөтүү концерт. Баасы: 50 сомдон баштап. Өтчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы, Чуй проспекти, 251. Башталышы: 11:00. Тел: +996 312 660-368, +996 772 800-376.


Китеп мафиясынын жыйналышы

Жалган куран 24: Эки китеп боюнча талкуулар өтөт: бул Эрих Мария Ремарктан “Карызга берилген жашоо” жана Джеймс Боуэнден “Боб аттуу көчөдөгү мышык”. Баасы: такталууда. Өтчү жери: Sierra Coffee кафеси, Манас пр., 57/1. Башталышы: 18:00.


Бизнестин ишкердик күн тартиби

Жалган куран 24: Бул демилгенин максаты бизнес-коомчулуктун стратегиялык артыкчылыктарын улуттук стратегия деңгээлине чыгаруу жана Кыргызстанда ишкер климатын түзүү. Баасы: акысыз кирүү. Өтчү жери: “Hyatt Regency Bishkek” мейманканасы, Абдрахманов көч., 191. Башталышы: 09:00. Телефон: +996 312 882-286.


Классикалык музыка концерти
Жалган куран 24: Маэстро Джованни Анжелери катышуусу менен концерт. Баасы: кирүү акысыз . Өтчү жери: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы, Чуй пр., 251. Башталышы: 18:30. Тел: +996 312 660-167, +996 312 666-463, +996 550 204-020.


“Жизель”

Жалган куран 26: Станиславский атындагы Москва академикалык Музыкалык театрынын солисттерин катышуусу менен эки бөлүмдөн турган балет. Баасы: 1200 сомдон баштап (билетти ticket.kg сайт аркылуу сатып алса болот). Өтчү жери: Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: 17:00. Телефон: +996 312 661-841.


Велосезондун ачылышы - 2017

Жалган куран 26: Чоң колонна болуп өтө турган веломарштын маршруту: Чүй пр. - Манас пр. - Боконбаев көч. - Байтик Баатыр көч. - Жеңиш паркы. Баасы: акысыз кирүү. Жолугушуу жери: Абдрахманов көч-Чүй пр. кесилишинде. Башталышы: 10:00. Телефон: +996 550 694-888.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.