12 Дек 2019

Суук күндө жылуу көз ирмемедер

Туризм жаңылыктары
Суук күндө жылуу көз ирмемедер

Мурунку жумада кычыраган суук кышта жылынып, күчкө толуп келүүгө эң ылайк жерлери тууралуу сөз кылганбыз. Мындай жерлер абдан көп жана бир макаланын ичинде айтып бүтүү мүмкүн эмес.

Келгиле анда уланталы?)


Мексика

Жаркын түстөргө бай, жомоктогудай кызыктуу жана дайыма жылмаюу тартуулаган өлкө - сөз албетте, Мексика тууралуу болуп жатат. Музыка, бий, таза, тунук деңиз, кооз табият, күндүн кооз батканы, чытырман токойлор жана вулкандар. Мексикага жөн гана ыңгайлуу эс албастан, ажайып жерлерди, жараталыштын өзгөчөлүгүн көрүп, элдин маданияты жана байыркы тарыхы менен жакындан тааныша аласыз.

Мексиканын сезону ноябрдан апрелге чейин созулат. Бул учурда аба ырайы +30°C, суусу +28°C чейин жылыйт. Мексикага Lufthansa Group авиакомпаниянын жардамы менен жетүүгө мүмкүн. Аталган авиакомпания азыркы учурда Түндүк Америка багытына абдан ыңгайлуу баадагы авиабилеттерди сунуштап жатат!


Бразилия 

Бразилия дегенде дароо  Рио-де-Жанейродогу карнавалдар, Амазонканын чытырман токойлору жана Игуасунун күркүрөгөн каскаддары эске түшөт. Мындан сырткары атактуу Ипанема жана Копакабана, мыкты мейманкалар, укмуштуудай ашкана жана футболу сизге абдан сонун сезимдерди тартуулайт.

Бизде кычыраган суук кыш болуп жаткан учурда Бразилияда ысык жай болот. Жыл сайын февраль айында Рио-де-Жанейро жана башка шаарларда карнавалдар өткөрүлөт. Бул карнавалдарда каалаган адам катыша алат. Шаңдуу кечээлер Рио, Сан-Паулу жана Салвадоре шаарларында өтөт. 

    

Шри-Ланка

Шри-Ланка өзүнүн кызыктуу экскурсиялык программасы менен өзүнө тартып турат. Кыш айында келген саякатчы бул жерде күндүн жылуугунан күч алып жагымдуу эс алуу өткөрө алат. 

Аба ырайынын жылуулугу 29°C чейин көтөрүлөт, куйкалаган ысык болбойт. Ошондуктан популярдуу эксурсияларга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Байыркы Анурадхапура шаары, белгилүү Сигирия аскасы жана албетте, чай плантациялары. Шри-Ланка - бул Индия оканында жайгашкан арал, ошондуктан кааласаңыз тынч деңизге түшүп, кааласаңыз чоң толкунду кармап серфинг тебе аласыз.          


Анда эмесе, кыштын суук күнүндө жагымдуу жылүү эс алуу үчүн кайсыл жакка барууну чечтиңиз?

Спасибо! Мы уже звоним Вам.