07 Ноя 2019

Жаңы жылдык Европа

Туризм жаңылыктары
Жаңы жылдык Европа

Жаңы жылга аз гана убакыт калды. Көчөлөр жаңы бышкан нан, токочтор жана корица менен жаттанганы, ар бурчтан чыгып жаткан жаңы жылдык музыка, күйюп-жанып турган жарыктар, жыгачтан жасалган үйлөр, кооз сувенирлердин үнү жана жалтырактары жана албетте, Санта Клаус, булардын баары жомоктогудай маанайды жаратат, туурабы?!

Жаңы жылдык жомокко баргыңыз келип жатабы? Кайсыл жакка жөнөйлү?


 Прага, Чехия

Прагада жаңы жылга болгон даярдык өзгөчө көрккө бөлөйт, башка эч бир майрам Жаңы жыл сыяктуу маанай бере албайт. Көчөлөр ысык каштан жаттынып турат, ал эми үйлөрдүн чатырларында жаткан кар кант пудрасына окшошуп калат. Сейилдөө үчүн Староместтик жана Вацлав аянттарына чыгыңыз: алар эң кооз жарманкелер менен кооздолот. Бул жерде актерлор костюмдалган оюндарды көрсөтүшөт, атайын бөлүнгөн  жерде пони жана койлорду жакындан көрүүгө болот. Бакыт алып келүүчү ат такасын алып кетиңиз, таканы темирчи сизди көзүңүзчө жазап берет. Буга кошумча байыркы чех трдельник жана жергиликтүү глинтвейин –сваржак сыяктуу татымдардын даамын татып кетүүнү утутпаңыз.


Цюрих, Швейцария

Цюрихте конокту тосуп алганды жакшы билишет. Эң алгач эле Цюрихте жайгашкан Европанын ийри бекетинин бири  болгон жерде сизди жаңы жылдык жарманке жана Swarovski кристаллы менен кооздолгон укмуштуудай балаты күтүп турат. Вердмюлеплац жарманкесин көрбөй кетүү мүмкүн эмес: күнүнө абдан чоң балатынын түзүлүшүндө тизилип алган хор жаңы жылдык гимндерди ырдашат. Кыска жана кирүүгө акысыз болгон концерттер Опера театрынын фоесинде күнүнө саат 17:30да өткөрүлөт. Театрдын так маңдайында шаардын эң мыкты муз тебүү аянтчасы болгон  жаңы жылдык кыштак жайгашкан. Банхофштрасстин үстүндө 12 миң от жанганда, “Кока-Коланын” жарнагынан Санта Клаус ыргып чыгып шаардагы кичинекей балдарды кызыл трамвайына түшүрүп ойнотуп, жанында болсо периштелер аларга кызыктуу жомокторду айтып бергендей сезим пайда болгондо Цюрих шаарына эң маанилүү майрамдырдын бири Жаңы жыл башталат!


 Мюнхен, Германия

Кечке маал 30 метрдик балатыда 2500 жарык күйгөндө Мюнхен сыйкырга бөлөнүп Жаңы жылдык шаң келет. Ушул эле жерде Мариенплацта даамдуу жыттар тараган, жаркыраган жарманке аянттан башталып кичинекей көчөлөргө чейин уланат. Жаңы жылга чейин Tollwood музыкалдуу-театр фестивалы өтөт, билеттер тез арада сатылып кетет. Ратушанын чокусунда күнүнө кечки саат беш жарымда бардыгына акысыз жаңы жылдык музыка жаңырып турат. Эски шаардан чыгып жатып Зенглинг калгаларынын тушунда жайгашкан жаңы жылдык трамвайга глинтвей жана таттуу токочторду алып жагымдуу музыка угуп кетиңиз. Ал эми ратушанын жанында кат салуучу жайга барып досторуңузга же болбосо Сантанын өзүнө кат жаза кетиңиз.   

 

Лондон, Великобритания

Лондондо жаңы жылдык жарманкелер ноябрь айында башталып калат, бирок бул майрамдын бүтүн кызыктарын көрсөтүш үчүн бир толук кыш мезгилин арнаса дагы жетпей калат. Бир эле Гайд-Паркта сыйкырдуу Winter Wonderland өлкөсү курулат. Бул өзгөчө жерди кайсыл жерден суктанууга ыңгайлуу болот: ийри бийик атракциондонбу байкоого арналган тегерек панорамаданбы? Жарманкеден ысык глинтвейдиби же  бардан муздак суусундук алуу керекпи? Муз үстүндө концерпи же өзүңүз абдан чоң муз аянтында коньки тебесизби? Бирөөсүн тандоого кыйын, мындай түрдүү тандоолорду башка жерден кезиктире албайсыз.   

Спасибо! Мы уже звоним Вам.