Улуттук тамактар

Бешбармак - бул тамактын аталышы “беш бармак” же “беш манжа” деген сөздөн келип чыккан, анын себеби илгери көчмөндөр тамак-ашты кашык же аш айры колдонбостон бир гана колу менен жешкен.  Бешбармакты колу менен жеп, артынан эт кайнатылган шорпону кесе менен ичишкен. Бул тамак койдун же жылкынын этинен жасалган майлуу тамак болуп эсептелет.

Курут - кыргыз элинин улуттук азыгы болуп саналат. Байыртан бери салт болуп келе жаткан куруттун жасоо ыкмасы:  кой, эчки же уй сүтүнөн сүзмө жасалат. Андан соң бир нече күн чүпүрөк баштыктарга салып суусу агызылат. Даяр болгон сүзмө туз менен аралаштырырылат жана сүзмөнү алып  5 см диаметринде тоголоктор жасалат. Аларды тактайга тизип, күнгө кургатылат.

Кымыз - Кыргыздарда “Кымызды ичкен түбөлүк жашайт, анткени бул суусундук даарылык касиетке ээ" деген кеп бар. Кымызды даярдоо үчүн чанач керек. Чанач – бул койдун терисинен  жасалган баштык. Чаначка жаңы саалган бээнин сүтү куюлат, анан арчадан сабынан жасалган жыгач менен бышталат. Быштагандан кийин сүттү бир нече кунгө тындыруу керек. Бул убакыттын ичинде табигый химиялык процесстер жүрө баштайт, бул учурда суусундукда пайдалуу микроэлементтер пайда болот . Жаны жасалган кымыздын  даамы өзгөчө болот.

Максым - байыркы суусундуктардын бири .Майдаланган буудайдан жасалат. Алгач  майдаланган буудайды казанга кууруп анан сууга кайнатылып даамына жараша туз кошулат. Муздагандан кийин айран же сузмө  менен аралаштырылат. Максым дан өсүмдүктөн жасалгандыктан ал абдан топукту келет, керек болсо тамак аштын ордуна ичсе болот.

Боорсок - бул ундан жасалган Орто Азиянын улуттук азыгы. Ар бир кыргыз уй-бүлөөсүндө боорсок сөзсүз түрдө жасалат. Боорсокту тамак берилгенге чейин жана
чай кымыз же шорпо менен  бирге берилет .Кесилген каамырды майга 20-30 секунд бышырылат. Бышкандан кийин казандан чыгарылып майын агыздыруу үчүн  темир чыпка же элеке салынат. Негизинен боорсок дасторкондун көркү болуп эсептелет жана ар кандай аш-тойлордо, майрамдарда жасалат.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.