Красоты Италии с посещением Карнавала

Мезгил:


Февраль

Римге учуп келүү 10.02.2018  14.00 чейин

Рим, Венеция, Веронa, Монтекатини, Флоренция, Виареджио*, Пизa* , Сиенa жана Сан

Джиминьяно* , Рим, Неаполь жана Помпеи*

25475 KGS 299 EUR

Күн: 8 / Түн: 7

Турду брондоо
close

Рим аэропортуна келүү, компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу жана Риминеге жөнөп кетүү үчүн Рим т/ж трансфер. Риминеге келүү, отелге жайгашуу жана түнөө

Отелде таңкы тамактануу. Венеция-порт кайык станциясына чейин трансфер. Ыйык Марк аянтына чейин катерде жөнөп кетүү (Ыйык Марк аянтына чейин катерге билет берилет жана кайра келүү кошулган эмес).

Венецияда болу  менен туристтер Венеция карнавалындагы сонун маскаларга жана кайталангыс атмосферага суктанышат. Бир нече маанилүү эскерүүлөр: 12.00 дө туристтер «Бүркүттүн учуусу» аталышындагы үркүт учуу шоусуна күбө болушат – коңгуроолуу Ыйык Марк мунарасында эң сонун учуу. 15.00дө маскачан жана костюмчан өз ишин билген калыстар аталыш боюнча эки жеңүүчүнү жарыялайт: Мыкты маскарад костюму жана Мыкты тематикалык маскарад костюму (карнавалдын темасына ылайык). Финалдык тандоодо 8,9,10-февралда парадда биз, жеңип чыккан мыкты маскаларды жана костюмдарды  көрөбүз. 17.00дө туристтер Венециялык Карнавал менен коштошуп, жабылуу аземинин ырыс-жырымдары менен ырахаттанышат: Арстанга сый-урмат катары Ыйык Марк аянтында – шаардын символу – чоң, абдан зор тартылган картинада, аянттагы көрүүчүлөрдүн көзүнчө Арстан коңгуроолуу учат. Аны Ыйык Марк аянтындагы сахнада кезиктирүү үчүн Венециядан 12 киши желекти тосуп алышат.

 Венеция портуна өз алдынча трансфер. Отелге кайтып келүү.

 

Веренага баруу жана Ремео жана Жульетта шаарына орус тилдүү гид менен кошумчаэкскурсия кылуу мүмкүнчүлүгү (төлөөнүн наркына кирбейт). Монтекатиниге баруу. Монтеканиде бош убакыт же Пизада факультативдик экскурсия кылуу (кошулган эмес). Монтеканидеги отелге жайгашуу жана түнөө.

Отелде  таңкы тамактануу. Андан кийин Флоренцияга өтүү. Санта Кроче аянтына орус тилүү гид менен жолугушуу. Флоренцияда обзордук жөө экскурсиянын башталышы (кошулган). Бош убакыт же Питти Ордосуна же Уффици Галереясына  орус тилдүү гид менен факультативдик экскурсия кылуу (кошулган эмес). Күндүн экинчи жарымында Виареджиого сапар алуу жана 1873-жылы түзүлгөн Виареджо Карнавалына баруу (Карнавалга кирүү билети кошулган эмес). Эгерде суук аба-ырайы болуп калса, Виареджонун ордуна Сиена жана Сан Джимиьяного кошумча экскурсия сунуш кылынат (кошулган эмес). Флоренцияда бош убакыт өткөргөн туристтер Монтекатиниге чейин өз алдынча барышат (поезд менен). Монтекатиниге кайтып келүү жана отелге түнөө.

Отелде таңкы тамактануу. Римге баруу. Римдин борборунан 3-4 км отелге жайгашуу (Рим борбордук районундагы Термини т/ж жайгашуу мүмкүнчүлүгү бар) же «Христиандык Рим» факультативдик экскурсия (наркына кирбейт) же «Императордук Рим» факультативдик экскурсия (наркына кирбейт). Күндүн экинчи жарымында орус тилдүү гид менен, байыркы Римдин таң калычтуу ажайып жерлерине баруу аркылуу Римге жөө экскурсия кылуу (наркына кирбейт). Кечинде Римде жүздөгөн оттор жанып турганда, Түнкү Римге факультативдик экскурсия кылуу (наркына кирбейт). Римдеги отелге түнөө.

Таңкы тамактануу. Римде бош убакыт өткөрүү же Неаполдо (Помпеи) күн бою факультативдик сапар кылуу (наркына кирбейт). Отелде түнөө.

Отелде таңкы тамактануу. Эртең менен Трансвер байыркы районуна факультативдик экскурсия кылуу (наркына кирбейт), каалоочулар типтүү Рим тамактарынан тамактануу мүмкүнчүлүгү бар. Күндүн экинчи жарымында Ватикан музейине жана Ыйык Петр Храмына орус тилдүү гид менен 3 сааттык экскурсия кылуу (кирүү билеттери баага кошулган эмес). Отелде түнөө.

Отелде таңкы тамактануу. Рим аэропортуна трансфер.

Төлөө наркына төмөнкүлөр кирет:

  • Автобустагы тейлөө жана орус тилдүү коштоп жүрүүчүнүн кызматы;
  • Римге учуп келүү жана учуп кетүү боюнча трансфер;
  • Римде орус тилдүү гид (6 саат – обзордук экскурсия жана Ватикан музейине экскурсия), Венеция (1,5 саат) жана Флоренция (1,5 саат);
  • 3* отелде тандалган тамак-ашы менен жайгашуу: Риминининайланасында – 1 түн; Венето – 1 түн, Монтекатини Терме – 2 түң, Рим (борбордук эмес отель, борбордон 3-4 км) – 3 түн.

 Төлөө наркына төмөнкүлөр кирбейт:

  • Кошумча тамак-аш, суусундук жана чайлык
  • Кирүү билеттери, программа боюнча «Төлөө наркына төмөнкүлөр кирет» бөлүмдө көрсөтүлбөгөндөр
  • Факультативдик экскурсии
  • Экскурсия үчүн кулакчындар тур бүткөнгө чейин € 15,00 бир адамга –  жеринде туристтер тарабынан жеринде төлөнөт
  • Отелдеги шаардык салык *** - CITY TAX
  • Венециядагы Ыйык Марко аянтындагы катерге чейин баруу жана кайра келүү тарнсферу
  • Эки тарапка авиаучуу  
  • Виза(80EUR)

                                            

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.