Кудайлардын дүйнөсүнө тур

Мезгил:


Январь, Февраль, Март, Апрель, Октябрь, Ноябрь, Декабрь

Эӊ чоӊ пилдердин, назик жибектин, жыпар жыттуу чайдын жана специялардын ѳлкѳсүнѳ кызыктуу сапар…

Кочи-Муннар-Перияр-Кумараком-Ковалам.

от 118660 KGS (1700 USD)

Күн: 10 / Түн: 9

Турду брондоо
close

Кочиге келүү

Кочиге келгенден кийин биздин өкүлүбүз сизди тосуп алып  мейманканага коштоп барат, ал жакта 2 түнгѳ токтойсуз.

Кочин же Кочи, ошондой эле "Аравия деӊизинин ханышасы" деп таанылган арал, дүйнөдөгү кооз жаратылыш портторунун бири болуп саналат. 17-кылымдан бери Индиядагы европалык  колониялык аймагы болуп, биринчи голланддар үчүн андан кийин португал жана англистерге кызмат кылган.

Каалоӊуз менен кошумча акыга  - салттуу Керала үйүндө кечки тамакта: Бул кечте коноко барып салттуу Керала үйүндө кечки тамактанууда жергиликтүү жашоо жана маданияты тууралуу көбүрөөк билүүгѳ, мүмкүнчүлүгүӊүз бар. Кожоюндар менен баарлашып, убакыт өткөрүӊүз,  алардын жашоосу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн. Бул жерде Индия ашканасына барууга жана Керала байыркы кулинардык көркөм сырларын билүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кожоюн (акыга) тамак даярдоо боюнча силер менен рецептери жана кеӊештери менен бөлүшүүгө кубанычта болот.



Кочи менен танышуу

Эртеӊ мененки тамактан кийин, шаардын эски тарыхый бөлүгү, Форту  Кочинге сейилдѳѳгѳ жѳнѳйсүз. Бул жерден 1555-жылы Раджа Веера Керала Вармага , португалиялыктардын өкүлүнөн белек катары курулган Маттанчери сарайына (Голландия сарайы) барасыз. Анын фрескалары  жана дубалдагы сүрѳттѳрү, аларды жараткан сүрөтчүлөрдүн өнөрүнѳ жана чеберчилигине суктантат. Андан кийин, еврейлердин байыркы синагогасына жана Индиядагы байыркы католик чиркөөсүнѳ – 1503-жылы курулган  Ыйык Франциска чиркөөсү, бир убакта бул жерде Васко да Гаманын сөөгү коюлган. Ошондой эле, 14-15 кылымдарда бул жерде пайда болгон белгилүү кытай балык кармаган торлорун көрѳсүз бул кызыктуу балык кармоо технологиясы азыркыга чейин жергиликтүү балыкчылар тарабынан пайдаланылат.

Каалоӊуз менен кошумча акыга  - шаардын эски району – Форту Кочи боюнча велосипед менен сейилдѳѳгѳ болот: Кочи соодалык  портунун тарыхый району, эзелки сыйкырдуулук жана заманбап жашоонун темптерин айкалыштырган  аймак болуп саналат. 16-кылымдын башында португалдардын аркасы менен балыкчылар кичине кыштагы акырындыктан шаарга айланып , бүгүнкү күндө заманбап Кочи мегаполисинин тарыхый бөлүгү  катары белгилүү. Анын эски төшөлгөн көчөлѳрүндѳгү жайлуу кичинекей ресторандар жана жээгиндеги романтикалык көрүнүш, күн сайын ал жээкте, таң алдында жергиликтүү балыкчылардын кытай балык кармаган торлору менен чогулушу, силерге унутулгус  көңүлгө из калтырат.

Кечинде, Катхакали кооз кѳрсѳтүүсү сизди күтѳт – Индиянын  байыркы театралдык -бий искусствосу. Бул драма, бий, музыка жана ырымдардын -симбиозу. Түрдүү түскө боёлгон жүздѳрү, татаал барпайган жана жаркыраган кийимдери менен, Махабхарата жана Рамаяна индус поэмасынан окуяларды аткарган актерлордун оюнун кѳрѳ аласыздар.

Ошондой эле, сиз жергиликтүү маданий музейге барасыз, ал жактан ар кандай скульптураларды кѳрѳ аласыз, алар  классикалык Керала бийинин уникалдуу формаларын, этникалык жыгач кайыктын чоӊ көчүрмөсү, ошондой эле салттуу Керала кол өнөрчүлүгү  жана салттуу сари токуу ыкмалары менен тааныша аласыз.

Кочи мейманканасында түнѳѳ.



Эртеӊ мененки тамактан кийин кѳрктүү жол менен  Муннарга жѳнѳйсүз. Mуннар, түштүк Индиянын популярдуу тоо курорттордун бири болуп саналат. Индияда британиялыктар башкаруу учурунда Mуннарды, "Индиянын Швецариясы" деп аташкан, анын кооз тоолуу пейзаждары жана салкын климаты үчүн. Аймак токойлор менен жана чай плантацияларына бай. Mуннар анын токой балы, жыпар жытту чайы жана ар бир 12 жылда  гүлдөгѳн сейрек кездешүүчү Нила Курунджи көк гүлү менен белгилүү.

Муннарга келгенде - мейманканага жайлашып, ал жерге эки түнгѳ токтойсуз.

Каалоӊуз боюнча кошумча акыга: Mуннардын кооз адырларына жөө сейилдѳѳ-трекинг:  Сейилдеп, сиз убакытты жагымдуу өткөрѳ аласыз, маршрут жашыл адырлардан Мисапулимала (2 640 м) бийиктигине чейин. Жолдо сиз пилдерди, самбара, илендилерди, сейрек кездешкен нилгирий тара жана ар кандай тропикалык канаттууларды көрө аласыз. Тоонун чокусуна чыгууда, өзүнө тартып ала турган Тамилнадуга кѳрүнүш жана чексиз жашыл чөптөргѳ чѳккѳн Сахьядри тоо кыркаларын  көрүүгө болот (кошумча акыга).



Mуннар менен танышуу

Эртеӊ мененки тамактан кийин сиз Индия чай плантацияларын жана Тата корпорациясынын чай музейине (Tata Tea Museum) барып, чай өстүрүү  жана ар кандай сортторун кайра иштетүү өнөр жөнүндө биле аласыз. Андан кийин Муннардагы инициативдүү кайрымдуулук уюмуна барасыз, бул уюм балдардын жашыруун таланттарын өнүктүрүүгө багытталган, ѳзгѳчѳ балдардын,  алардын көбү Муннардагы чай жыйноочулардын балдары.

табигый боёкторду колдонуу менен атайын билим берүү программасы кездемелерин даярдоо борборунда жана кол менен кагаз программасын басып жана андан буюмдар: Бул жерде үч программалар менен таанышып  алар балдардын шык-жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган жана алардын татыктуу келечек куруусуна кепилдик бере алат: балдар тарабынан жасалган буюмдар, жакын арадагы калктуу конуштарга сатууга, ошондой эле Япония жана Eвропага экспорттолот. Мындай уюм мисал катары билдирет: энтузиазм- адамдардын рухий ден соолугунун белгиси жана дене кемчиликтер адамдагы жакшы нерселерди ачат.  

Кечинде - бош убакыт.

Каалоӊуз боюнча кошумча акыга: Кулинария демострациясы: бул кечеде сиз кулинария демонстрациясына катышып, кесиптик ашпозчу,  кээ бир атактуу Индия тамактарынын сырын айтып берет, ошондой эле сизди кулинарияда специяларды туура колдонууну үйрѳтѳт (кошумча акыга ).



Кѳчүү Муннар-Перияр (100 км / 4с)

Эртеӊ мененки тамактан кийин, кооз жол менен специялар мекени - Пермярга  барасыз. Периярна келгенден кийин - мейманкана жайгашуу жана бир аз эс алуу.

Күн ичинде сизди специя плантациялары тууралуу маалыматтуу экскурсия күтөт, ал жактан  экзотикалык жыпар жыттуу заттар, алардын тарыхы, колдонуусун, иштетүү жана даярдоосу менен  таанышасыз. Белгилүү гвоздика, кардамон, имбирь, калемпир жана куркума менен бирге көптөгөн специялардын  түрлѳрүн көрө аласыз.

Каалоӊуз боюнча кошумча акыга:

Пилдердин үстүндѳ сафари: специя плантациясы боюнча экскурсияда- пилге мингенге уникалдуу мүмкүнчүлүк бар. Ызы-чуу жолдордон алыста, ритмикалык изинин дабышында, ачык тропикалык асмандын жана жыпар жыттуу специялар менен, ѳзүӊүздү чынында Кералада сезүүгө мүмкүнчүлүк берет! (Кошумча акыга)

Каларипаятту- байыркы согуш өнөрү менен танышуу: Каларипаятту – чыгыш бириме-бирге урушуунун  ата-бабасы болуп саналат, ошондой эле айыктыруу жана Aкробатика элементтерин камтыйт. Каларипаятту дүйнөдөгү байыркы өнөр болуп эсептелет жана 3000 жылдан ашуун тарыхын дүйнѳнүн абдан мыкты согуш чебери ыйык Парашурамадан алып келет. Индиянын түштүгүндө пайда болгон, Каларипаятту өнѳрү  Кытайдын белгилүү Шаолинь ийбадатканасына, белгилүү түштүк индиялык кечил жана чебер Бодхи-Дхарма алып барган. Кийинчерээк бул искусство, чебер тарабынан иштелип чыккан медитация системасы менен айкалышып, Шаолинь  буддист монахтар аркылуу ѳсүп жана кийин бардыгына белгилүү Ушу (Кунг-Фу) искусствосуна айланган (акыга).



Кѳчүү Перияр - Кумараком (130 км / 4с)

Эртеӊ менен силерди Перияр Улуттук жапайы жаратылыш коругунун натуралисти коштолгон бир кызыктуу сейилдѳѳ, күтүп турат. Субтропикалык жана тропикалык өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн ошондой эле канаттуулардын ар кандай түрлѳрүн байкоого мүмкүнчүлүк бар.  Эгер жолуӊуз болсо, жапайы пилдердин үй-бүлөсүн кѳрѳ аласыз.

Күндүзү сиз Кумаракомго жѳнѳйсүз, Вембанад Каяль тузсуз көлүндѳ жайгашкан. Келгенде – мейманканага  2-түнгѳ жайгашуу.



Kумараком менен танышуу

Kумараком Азиядагы ири тузсуз көлдөрдүн бири болуп саналган - Вембанад Каяльда жайгашкан. Керала сыйкырдуу жашыл чѳпкѳ жайылып, көл теӊдеме резервуары катары кызмат кылат. Ошондой эле ири экологиялык ресурсу катары  ар түрдүү өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүн анын жээгинде жашаган адамдардын албетте маданиятын жана жашоо мүнөзүн  камтыйт.

Вембанад Каялянын  мүнөздүү пейзажы - бул тропикалык чѳптѳргѳ жана кокос пальмаларына чѳккѳн жээктер,  салттуу саман шляпачан жергиликтүү балыкчылар жана таза кичинекей сууларда моюнуна чейин сууга баткан аялдар «каримин» даамдуу балыгын издеп жаткандары.

Бул күнү, сизди мейманканада эс алууга  чакырабыз , Кумаракомдо жашаган жергиликтүү калктын жайбаракат өмүрүн байкап.

Каалоӊуз боюнча кошумча акыга:  күн батып жаткан маалда Кумаракомдун агын суулары боюнча  саякатка: Кералы агын суу булуңдары, бул тузу ачуураак бир нече кѳлдѳр жана лагуналар, дайра-каналдар жана лимандар Аравий деӊизинин жээгине чейин созулган.  Табигый суу каналдарынан сүзүп баратып, кокос жана Мангр бактарынын коюу жалбырактарынын астынан жээктеги кичине кыштактардын күнүмкү жашоосун байкап , жапжашыл кокос бактарынын жана күрүч талааларына чѳккѳн, ошондой эле табияттын кооздугуна суктанасыз (акыга).

Каалоӊуз боюнча, кошумча акыга: бир күндүк круиз: Сиз «Кеттувалам» бортунда  түн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар- бул чоӊ салттуу кеме - үй-суу үстүндѳ, Кумаракомдун  агын суу булуңдарына  круиз жасаганда (үч маал тамактануу круиздин баасына кирет: иш-чара кошумча тѳлѳмгѳ уюштурулат).



Кѳчүү Кумараком - Koвалам (200 км / 5.5с)

Эртеӊ мененки тамактан кийин- Koваламга кѳчүү – бул район түштүк Индиянын абдан кооз пляждарынын бири жана аюрведикалык курорттордан болуп саналат.  Коваламга келгенде - мейманканага эки түнгѳ жайгашасыз.

Бул күндүк кечти эс алууга арнаӊыз. Кумжээгинде эс алып же аюрведикалык-СПАга барсаӊыз болот. Жыпар жыттуу майлар менен ѳзгѳчѳ жумшак аюрведикалык массаж күч калыбына келтирип  дем-күч берет жана маанайды кѳтѳрѳт. (СПА кызматтары кошумча акыга, Мейманкананын борборунда жеткиликтүү ).

Ковалам  мейманканасында түнѳѳ.



Коваламдагы күн.

Күн эс алууга арналган.  Кошумча акыга курорт сунуш кылган ар кандай кызматтар менен колдонсоӊуз болот.



Кѳчүү Ковалам – Тривандрум (20 км / 30 мин)

Эртеӊ мененки тамактан кийин  Тривандрумдун аэропортуна трансфер күтүп турат  анан үйгѳ учуу.


В стоимость тура включено:

-Размещение в отеле

-Ежедневные завтраки

-Экскурсии и мероприятия по программе

- Трансфер

* Виза и перелёт оплачиваются отдельно


Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.