Мюнхен жана Бавария менен таанышуу

Мезгил:

Таңкы тамактануу. Аэропортко трансфер.

Бавария

Бавария борборунун расмий девизи – «Мюнхен сизди жакшы көрөт». Чындыгында бул жакка келүү менен бул түштүк-герман шаарынын ак ниеттүү жаркылдаган атмосферасы дароо сезилет. Бавариянын федералдык жеринин борбору – бул алыс гана эмес, андай зөөкүр эмес Окторберфестте, даңазалуу футбол командасы жана мыкты автоунаа сүйүүчүлөрү үчүн бейиштин жери. Изар дарыясынын жээгинде жайылган, Германиянын түштүгү, Альп тоосунун этеги болгон Мюнхен  өзүнүн бийик коңгуроолуу даңазалуу храмдары, чоң жайылган параддык аянттары, бет маңдайы жана терезеси гүлдүү корзиналар менен  абдан кооздолгон байыркы үйлөрү менен  тартып турат.

45595 KGS (550 EUR)

Күн: 6 / Түн: 5

Турду брондоо
close

Мюнхен аэропортунда болуу.

Отелге жайгашуу, отелге катталуу учурунда айдоочу же отелдин орус тилдүү кызматкери жардам көрсөтөт.

Экскурсияга чогулуу ордуна барууну трансфердун орус тилдүү айдоочусу же орус тилдүү отелдин кызматкери түшүндүрөт.

Отелде таңкы тамактануу.

Мюнхенде обзордук экскурсия

Мюнхенге обзордук экскурсия жана и Хофбройхаус сыра ичүү үйүнө экскурсия кылуу.

Сиз Мюнхен менен Бавариянын эң башкы ажайып жерлерин көрөсүз: Карлсплатц (Штахус)  белгилүү аянты жана Карлстор дарбазасы, ыйык Михаил храмы, ыйык Петр храмы, Байыркы ордосу – бавариялык королдун орто кылымдагы резиденциясы. Ар түрдүү доордун стили аралашкан Мюнхен шаарынын кайталангыс ансамбли:  готики -  «Фрауенкирхе» Кафедралык храмы, ренессанс - Ыйык Михаила чиркөөсү (Michaelskirche), барокко –  Мюнхен шаарынын динасиясын башкаруучусу Виттельсбаховдук королдун резиденциясы жана – Мюнхен -  Мариенплатц борбордук аянтындагы жаңы стилдеги Жаңы Ратуша.

Мюнхен XIX жүз жылдыктагы - Максимилианштрассе – грециялык эмес стилдеги бавария улуттук опера театрынын имараты, Максимилианеум – Бавариянын парламенти отурган имарат, ошону менен бул Мюнхен жана Бавариядагы эң узун көчө.

Виттельсбах королдук династиясындагы Одеонсплатц (Odeonsplatz) жана Резиденция (Residenz) Театинеркирхе (Theatinerkirche) – мыкты Мюнхен храмдарынын бири, бавариялык аскерлердин эстелиги – Аскер башчысынын сүрөтү (Feldherrnhalle). 

Экскурсия 1607-жылы бавариялык герцогдорго сыра кайнатуу максатында ачылган Хофбройхаус белгилүү сыра кайнатуучу жайына баруу менен аяктайт. Хофбройхауска ар жылы белгилүү саясий жана маданий ишмерлер Вольфганг Амадей Моцарт, Елизавета Баварская, Владимир Ленин жубайы Надежда Крупская менен барган.

*Хофбройхаус сыра үйүндө же Шпатенде түшкү тамактануу  –  турдун наркына кирбейт. Катышуу каалоо боюнча.

Отелде тамактануу.

Бош күн же Людвига II - Нойшванштайн жана Линдерхоф бавариялык королдордун сепилдери, Обераммергау шаарчасы жана Этталь монастыры.

Кирүү билеттери кошумча жеринен төлөнөт (25 € жакын). Экскурсия бир күн бою ~ 10 саат.

Нойшванштайн (Neuschwanstein) сепили – бул королдун фантазиясынын ишке ашуусу, өзүнүн көккө жеткен мунарасы жана Альпзее көлүнүн көрүнүшү жана Бавария Альп токойлуу тегереги менен жомоктогудай сепил курулган.  Өзгөчө сулуу жана атайын ойлонулган жана жасалгасы ишке ашырылган сепил: саймаланып жана оймо менен жасалган кооздуктардын молдугу, византиялык стилде жасалган кооз Трон залы, жумуш бөлмөсү жана королдун уктоочу бөлмөсү суктандырып турат…

Линдерхоф (Linderhof) ордосу. Бавариялык Людвига IIнин төрт сепилинин бири. Королдун Версалга баруусунда көңүлүнө жагуу менен идея жаралган.   Венера Үңкүрү (Venus Grotto) – шаркыратма жана көлү менен жасалма үңкүр. Үңкүрдүн дубалы вагнер Тангейзери менен шөкөттөлгөн, көлдө ак куу формасындагы кайык сүзүп жүрөт…

Обераммергау   (Oberammergau) – бул өзүнүн сүрөт тартылган үйлөрү менен укмуштуу шаарча. Алардын дубалдарында немец жомокторунун, Библиянын сюжеттери, рыцарлардын баатырдыгы жана дыйкандардын тиричилиги тартылган. Бул жерде көптөгөн үйлөрдүн өзүнүн аталышы бар. Шаарча Германиядагы мыкты өзүнүн жыгач кесүүчү чеберлери менен даңкталат. Алардын үйүндө негизинен диний темадагы укмуштуу жыгач скульптуралар сатылат. Шаарчада өзүнүн ювелирлери, сүрөтулөрү, корзина токуучулары жана карапачылары бар. Мында чеберлердин иштерине байкоо салып жана дароо ар кандай жасалган буюмдарды сатып алууга болот. Шаарчанын ар бир жашоочусу – сахнага он жылда бир чыгуучу актер. Эмнеге? Бул суроого жоопту экскурсия учурунда ала аласыз.

Отелде таңкы тамактануу.

Бош күн же Нюрнбергге экскурсия.

Нюрнберг — Германиянын эң белгилүү шаарларынын бири, дүйнө жүзүндө «Германия империясынын кенч сактоочусу» же «Германиянын эң немец шаары» деп аталат. Экскурсия учурунда Нюрнберг байыркы шаары калейдоскоп катары Германиянын бардык тарыхын чагылдырат. 12-кылымда императордук сепил курулган. 14-кылымда Алтын булла б.а. Ыйык Рим империясы ар бир немец королу өзүнүн биринчи башкаруу күнүндө шаарды дароо Европанын ири шаарына айландыруу жөнүндө мыйзам актысын чыгарган. 15-кылымдан 18-кылымга чейин асыл императордук таажы Нюрнбергде сакталган. Нюрнберг өзүнүн миң жылдык тарыхында 30 император жана королду, 30 жылдык согушту, инквизия, чума, реформа жүргүзүү, Веймар республикасы жана эки Дүйнөлүк согушту башынан өткөрдү.

Орто кылымдагы Нюрнберг –  эркин империялык шаар, соода жана кол өнөрчүлүк өнүккөн ири борборлордун бири. Асманга көтөрүлгөн готикалык храмдар, жергиликтүү соодагерлер өзүнүн товарларын таратуучу шаар аянттары,  ак сөөктөрдүн таш үйлөрү – ал учурдагы милиционерлер, кол өнөрчүлөрдүн жагымдуу көчөлөрү фахверк стилиндеги үйлөрдүн тынбай курулушу – орто кылымдагылардын бардыгы байкалат. Шаарда 12-кылымдагы улуу Фридрих Барбаросс өзү курулушун баштаган сепил үстөмдүк кылат. Шаар тез-тезден рейстаг жүргүзүү орду болуп калган жана бардык императордук ордолор бир жерге токтош керек эле. Улуу таланттар ошол мезгилде Нюрнбергге жашоону тандап алуусуна шаардын байлыгы өбөлгө болгон – бул "немец Микелеанджелосу" Файт Штосс жана түндүктүк ыйыктарды эң мыкты сактоону жараткан Альп Адам Крафт жана албетте, германдык кайра жаралуунун генийи, немец жеринин улуу сүрөтчүсү Альбрехт Дюрер. Анан албетте, Сизде Нюрнбергдин кулинариясы менен таанышууга, дүйнөдөгү эң даамдуу  сосискаларды жегенге мүмкүнчүлүк болот, баса эмне үчүн сосикалар мынча кичинекей болорун ошондо билесиз, «живой» сырасынын ар кандай сортун татып көрүүгө жана бүгүнкү күнгө чейин эски рецепт менен грамм да ун кошпостон жасалган даамдуу нюрнберг пряниктерин алып кетүүгө болот! 

Отелде таңкы тамактануу.

Бош күн же «Кимзее көлүндөгү Херренкимзее сепилине» экскурсия. Кирүү билеттери кошумча төлөнөт – 17 € тегереги.

Херренкимзее сепили, «бавар Версалы», Херренхимзее аралындагы Людвиг II ордосу, "Король көлү".

 Херренкимзее сепили (Schloss Herrenchiemsee) бавария королу Людвиг IIнин шаар сыртындагы резиденциясы, ал Кимзее көлүндөгү Херренинзель аралында  жалгыз гана суу жолу менен жетүүгө мүмкүн болгон.

Бүгүнкү күндө Прин-ам-Кимзее курорттук шаарчасынан Херренхимзее аралына теплоход менен жөнөгөндөрдүн ар бири Кимзее көлүнүн сулуулугуна суктанышат. Херренхимзедеги «бавария Версалы» бавария королу  Людвиг IIнин табити менен жасалган чебер жан дүйнө табигыйлыгы жана анын кумири – француз королу "Күн Королу“ Людовик XIVкө болгон сый-урматы берилген.

Чиркөөдөгү арал конфискация болгондон кийин бир нече ээлик кылуучулар алмашкан, Людвиг анны 1873-жылдын сентябрында сатып алган. Ал өзүнүн Франциядагы сапарынан бир жыл өткөндөн кийин, байлыктарынан жана ири Версаль ордосунан ажырап калган. Людвигде ушундай эле монументалдык ордону өзүнө салуу каалоосу пайда болгон, Парижден Баварияга кайтып келип, долбоорду иштеп чыгууга жана жаңы ордону курууну баштоого буйрук берген.

Херренкимзее сепилине экскурсия кылуу учурунда, Күн Королу Людовик ХIV элесине арналган  параддык залдардын анфиладасын (эшиктери бир сызык боюнча салынган комнаталардын узун катары) көрөбүз. Биз Посолдук Тепкич менен Король гвардиясынын залына өтөбүз, андан кийин бизге аудиенция салтанатына күтүү үчүн биринчи жана экинчи бөлмөлөр, Людовик уктоочу бөлмөсү, Күзгү залы, согуш жана тынчтык залдары көрүнөт...

Людвиг II музейине королдун жеке буюмдары коюлган.

Херренкимзее сепили — «бавария Версалы» Бавария королу Людвигдин башкаруу тарыхындагы эң ири жана кымбат баалуу долбоор болгон.

 

Отелде тамактануу. Мюнхен аэропортуна трансфер.

Тейлөөнүн наркына төмөнкүлөр кирет

- Мюнхендин борбордук бөлүгүндөгү 3*, 4* же 5* тандалма отелге жайгашуу;

-тамак-аш – таңкы тамактануу (таңкы тамак-буфет);

- Мюнхен аэропортуна трансфер – отель – Мюнхен аэропортуна каалаган каттам менен;

-экскурсиялык пакет: – 1 экскурсия: Мюнхенге 3 саат жөө экскурсия

-шаардын картасы;

-12 жашка чейин – Мюнхенге жөө экскурсия кылуу АКЫСЫЗ!

*Баа 1 адамга эки кишилик орунга жайгашуу үчүн көрсөтүлдү.

Виза өз алдынча төлөнөт (80EUR)

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.