Тур на Гавайи

Мезгил:

Гавайи аралы – бейиштей эс алууну ассоцияциялоону борбордоштурулушу. Ар бир адам өзүнүн жашоосунда жок дегенде бир жолу барып көрө турган – планетадагы кооз жерлердин бири.

Бул жерде майрам жана көңүл ачуулар өкүм сүрүп турат. Аэропорттон эле таң калычтуу жарык боёкторду жана гүлдөрдү көрөсүз. Эгерде сиз жыл сайын өтүүчү Алоха фестивалына туш келсеңиз, ар кандай көркөм иш-чараларга, жергиликтүү жашоочулардын бийлерине, ырларына жана  конокторду гавайинин ырым-жырымдары менен тосуп алуусуна күбө болосуз. Келген туристтерди жергиликтүү салт боюнча – Лей (гүлдөн жасалган түрмөк) берүү менен тосуп алышат. Белекти алып келген адамдын көзүнчө белекти ачуу керек – антпесе бул ак пейилдүү жергиликтүүлөрдү таарынтып аласыз.

 

от 209400 KGS (3000 USD)

Күн: 11 / Түн: 10

Турду брондоо
close

«Гавайи вулканы» улуттук коругу

Улуттук парктын территориясында жайгашкан Мауна Лоа вулканынын өсүмдүктөрү  азыркыга чейин чындыгында уникалдуу. Эс алуучулар укмуштуудай кооз вулкан образын, чоң жалбырактуу өсүмдүктөрдү жана экзоитикалык тропикалык гүлдөрдү көрө алышат. Корукта эс алуучулар үчүн вулканга арналган кызыктуу музей,  экспозиция ачылган, музейде күн сайын илимий-популярдуу фильмдер акысыз көрсөтүлүп турат.

Бул жерде суу астындагы жана суу жээгиндеги дүйнө ар түрдүү жана кооз. Дайвинг үчүн популярдуу орун – Мауи аралындагы суу каптоочу Молокини кратери. Ал топтук жүктөм үчүн абдан ыңгайлуу. Кораблда сууга чөгүүнү сүйүүчүлөр үчүн Оаху аралы кызыктуу болот. Негизги дайв-борбор болуп Гонолола шаары саналат. Чоң аралдардан батыш жээктеги Кона Кост ордун бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул жерден «Угорь үңкүрүн», «Таш бака ийинин» көрүүгө жана «Манат менен кечки жолугушуу» кылууга болот. Манта – чоң скат, бирок, бул аралда алар көбүрөөк коркунучсуз. Абдан тажрыйбалуу дайверлер аз калктуу жерлердитандашат жана Кауаи аралынын түштүк жээгиндеги суу алдындагы дүйнөнү баалашат. Акулалар кездешкен «Шератон Үңкүрү», «Люкенбах» чөгүүчү корабли, лавка үңкүрлөрү сыяктуу жерлер аблан кызыктуу.

Курорттук отелдердин территориясы менен чектешкен Гавайи аралындагы бардык кум жээктер муниципалдык болуп саналат. Саякатчылар эс алуу үчүн  жээктеги каалаган учатокту тандап алууга болот. Гавайиде ар түрдүү көптөгөн кум жээктер бар, ар ким өзүнө жакканын тандап алат.

Гавайи Тынч океандын вулкан атырылган түндүк суусунун ири очогу болуп саналат. Гавайи аралы вулкандын боорунан атырылып чыгып түзмө-түз деңизге куйган көптөгөн жана палуба кораблинин жаркыраган күмүш ленталары, боорунан бир түстүү жашыл жабуулары жаркырап көрүнүүчү шаркыратмалары менен даңкталат. Аларын ичинен эң бийиги – Акака шаркыратмасы – жүз кырк метр бийиктиктен түшөт!

Аралдын жээгине укмуштуудай кооз талаа бар. Гавайи аралындагы токойдон коркпостон жүрүүгө болот, анткени, мында ири да, майда да жырткычтар кездешпейт. Бул жерде жылан да, сүлүк да, чиркейлер да желимчи да жок, тропикалык райондогу саякатчынын жашоосуна аттанасыз. Архипелага жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрү аз. Бирок бул жерде жашага көпчүлүк жаныбарлар ушул аралда гана кездешет. Негизинен алар кырып-жоюудан кереметтүү сакталып калган сейрек кездешүүчү канаттуулар гавайи казаркалары же латынамерикалык колибри турпаттуу жана гүлдөрдүн нектарына өзүнүн ичке ийилген тумшугу менен жетүүчү  орхидея жыттанган кичине гавайи гүл сатуучу.

Гавайиден көл жээгинде эс алган тюлендерди, көптөгөн таш бака жана башка жаныбарларды көрүүгө болот, муну менен бирге алар менен табигый чөйрөдө кызыктуу жолугушуу кыла аласыз.

Эң чоң толкунду кармап калууну максат кылган кайсы гана серфер болбосун белгилүү Түштүк жээкке сейилдөөнү кыялданбасын?  Ваймеа-Бэй, Сансет-Бич, Банзай-Пайплайн, Халейва – бул аталган укмуштуу кум жээктердин баары миңдеген серфер-сүйүүчүлөрүн жана кесипкөйлөрдү жыл сайын өзүнө тартып турат. Гавайи – серферлердин бейиши.

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.