Шри Ланка төрт бурчунан

Мезгил:


Табышмактуу Шри-Ланка бардык сырдуу жана таң калычтуулугу менен адамдарды өзүнө тартат. Бул өлкө кумдуу пляжды, эркелеткен деңиз толкунун жана күн нурун гана эмес, дүйнөлүк маданияттын сырларын жана табышмактарын дагы тартуулай алат. Эгерде Шри-Ланкага болгон тур сизди экскурсиялык программасы менен кызыктырса, анда Коломбо, Кандия, Галле, Сигирия урандысы жана башка укмуштуу  шаарлары жана объектилери сиздин күтүүлөрүңүздү актай алат.

от 48860 KGS (700 USD)

Күн: 9 / Түн: 8

Турду брондоо
close

Аэропорт – Коломбо

Коломбо (Colombo) Эл аралык аэропортунда болуу.

Отелге баруу.

Күндүн экинчи жарымында Коломбого обзордук экскурсия.

Коломбо көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн борбор шаарындай эле өзүнүн жүзүн баттан алмаштырат. Бир саат мурда эле эскирген курулуштун ордун асман тиретип күнгө жаркылдатканга умутулушат. Бирок, Сизди алыс калган өткөнкү колонияга алып баруучу укмуштуу эски үйлөрдүн жана кварталдардын айрым бөлүктөрү сакталып калган. Мисалы, англичандар тарабынан салынган 100 жылдык мунара сааттары жана бир нече курулуштары менен. Башка ажайып жерлердин арасында – атактуу Петтах (Pettah) базары, индуист жана буддист храмдары, жетиштүү жашоочулар үчүн өзгөчө үйлөр менен району, С. Бандаранаике (BMICH) атындагы Эл аралык Конференц-борбор – Шри-Ланка элине Кытайдын белеги.

Кечки тамактануу жана тандалган отелде же ага категориялары жана кызмат көрсөтүү топтому боюнча тең келген жерге түнөө.

Коломбо – Анурадхапура – Маданий үч бурчтук

Отелде таңкы тамактануу.

Маравила (Marawila), Чхилау (Chilaw) жана Путталам (Puttalam) аркылуу Анурадхапурага жөнөп кетүү.

Анурадхапура – шриланкалык мамлекеттин алгачкы бобор шаары (б.з.ч. IV к.  – б.з. XI к.) дүйнөлүк мурастардын эстелиги болуп саналат. Бул жерде  жаш чырпык кезинен баштап принц Сиддхартха жашылдандырууга жеткирген кадимки Бо дарагына чейин өскөн Шри Маха Бодхи (Ыйык дарак Бо – анжыр жыгачы) бар. Бул даракка 2200 жыл болду жана ал дүйнөдөгү расмий түрдө эскирген дарак болуп саналат. Бал сарайы Brazen Palace, б.з. II к.) – андан 1600 таш түркүктөр сакталып калган жана качандыр бир кезде анда 1000ге жакын буддист монахтар жашаган. Руванвелисея (Ruwanveliseya, II к. б.з.ч.) белгилүү дагоба (дагоба – купола формасындагы буддалардын монументалдык курулмасы) болуп саналат. Эң алгач ал көбүк формасында болгон, заманбап реставрация аны бузуп салган. Будда статуясы “самадхи” абалында (терең медитацияга жеткирүү үчүн жаркылдатуу). Исурумуния храмы (Isurumuniya, III к. б.з.ч.) эски жазуу түрүндөгү сүрөттөрү менен белгилүү.

Маданий үч бурчтук районуна катып келүү.

Кечки тамактануу жана тандалган отелде же ага категориялары жана кызмат көрсөтүү топтому боюнча тең келген жерге түнөө.

Сигирия жана Полоннарува

Отелде таңкы тамактануу.

Сигирияга (Sigiriya – Lion’s Rock) жөнөп кетүү.

Б.з. V  к. Касьяпо королу (477 – 495 жж.) курдурган жана дүйнөлүк эстеликтер мурасы болуп саналган Сигирия (Арстан Аскасы) тоолуу сепилине көтөрүлүү. Арстан Аскасы – эки жүз метрлик бийиктикте жунглинин үстүңкү кабатына көтөрүлгөн, сүрөттөп бере алгыс сулуулук “булуттагы бекемдик”. Аска чыңдалган аянты 70 га чапчыган шаардын борбору болуп саналат. Арык суусу, сепил валы, кеңейтилген бакча, уникалдуу суу бакчасы биригип асканын негизин курчап турат. Бурамалуу тепкич менен көтөрүлө турган жердеги мыкты аска жасалгасынын дүйнөлүк-белгилүү “асман кызы” фрескалары менен таанышуу. Бул фрескалар табигый негизде шыбак менен сырдалган.

Дүйнөлүк мурас эстеликтеринин тизмесине кирген Шри-Ланканын экинчи борбор шаарына экскурсия кылуу. Бул жерден аска таштан жасалган медитациянын ар түрдүү позасында турган 4 даңазалуу чоң Будда статуясы, ауденция үчүн зал,  Улуу Паракрамабаху I (Parakramabahu I the Great) королдун статуясы, Паракрама Самудра жасалма көлү жайгашкан жерде Вихарайя (Gal Viharaya)  падыша сарайынын урандыларын көрүүгө болот. Мындан тышкары, Шива, Храмы сыяктуу даңазалуу храмдардын бүлүндүлөрүн, Ланкатхилаке (Lankathilake), Ватадаге (Watadage), Галпотха (Galpotha) дүйнөдөгү эң чоң таш китептерди, Кири Вехера (Kiri Vehera) курулмасын жана мурдагы Ыйык Зуба Буддасынын бүлүндүлөрүн көрүп кайтасыз.

Кечки тамактануу жана тандалган отелде же ага категориялары жана кызмат көрсөтүү топтому боюнча тең келген жерге түнөө.

4-күн. Маданий үч бурчтук - Дамбулла - Матале - Канди

Отелде таңкы тамактануу.

Дамбуллага (Dambulla) жөнөп кетүү.

Дамбулладагы Үңкүр Храмына баруу. Ал Валагамбаху (Walagambahu) королу тарабынан б.з. I к. курулган жана бүткүл дүйнөлүк мурастардын объектиси болуп саналат. Храмдын өзү беш үңкүр комплексинен турат. Үңкүрдүн дубалдары жана шыптарынын жалпы аянты 2 миң м2 боёк жана сүрөт менен жабылган. Бул дүйнөдөгү эң чоң сүрөтчүнүн колу менен тартылган аянт. Ал Будданын 150 сүрөтүн камтыйт, ал эми эң чоң монолит ташынан кесилип жасалган статуя бүтүндөй 14 м. чейин жетет.

Матале аярламасы аркылуу Кандиге жөнөп кетүү.

Шри-Ланканын даңкын чыгарган специйлердин ар кандай түрлөрү менен таанышуу үчүн Маталедеги специй бакчасына баруу. Мында саякатчылар аларды көрүп гана койбостон, чыгаруу жана өндүрүү технологиялары менен таанышат. Кулинардык рецепттерди көрсөтүү жана акысыз укалоо.

Маталеден Кандиге (Kandy) жөнөп кетүү

Канди – шриланкалык королдун акыркы борбор шаары жана бүткүл дүйнөлүк-тарыхый мааниге ээ болгон жер. “Канди” аталышы жасалгалуулук жана даңазалуулук картинасын элестетет. Көптөгөн легендалар, салттар жана элдик оозеки чыгармачылык бүгүнкү күнгө чейин көздүн карегиндей сакталып турат. Шриланканын акыркы королу Шри Викрама Раджасингхе  тарабынан 1798-жылы түзүлгөн Канди көлүнүн тегерегине саякат кылуу. Шаар ичине жана базарга сейилдөө, искусство жана кол өнүрчүлүк, асыл таш жана огранка (баалуу таштарды формага келтирүү) музейлерин кыдыруу. Ошондой эле, Ыйык Зуба Будда Храмына баруу. Андан кийин жергиликтүү театрга барып белгилүү кандий бийин көрүү.

Кечки тамактануу жана тандалган отелде же ага категориялары жана кызмат көрсөтүү топтому боюнча тең келген жерге түнөө.

Канди – Перадения – Пиннавела – Нувара-Элия

Отелде таңкы тамактануу.

Пераденияга жөнөп кетүү (Peradeniya).

Перадения – сингалдык королдун ырахаты үчүн ботаникалык бакча, кийинчерээк ангичандар тарабынан кеңейтилген. Ал 60 га территорияны ээлейт жана Азиядагы эң бай тропикалык өсүмдүктөрдүн катарын толуктайт.  

 Пиннавелге жөнөп кетүү.

Пинниавелдеги (Pinnawela) пилдер питомниги кичинекей жетим-пилдерди багуучу жер катары 1975-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө кичинекей кезинен келип түшкөн пилдер чоң ата жана чоң эне болушуп, питомниктин территориясында неберелери менен сейилдеп жүрүшөт. Эң алгач питомник туристтик аттракцион катары ойлонулган, бирок, ал пилдерди сактап калуу боюнча илимий-билим берүүчү борборго айланган. Пиннавелдеги жергиликтүү жана чет элдик адистердин жардамы менен Пиннавелде пилдерди эрксизден бөлүү боюнча лаборатория түзүлгөн. Питомниктин территориясында эркин кыймыл жүргүзүүэки жыныстагы пилдердин жолугушуусуна шарт түзөт, муну менен бирге бул процессте чоң мааниге ээ болгон чоң көлөмдөгү өзөн бар. 1984-жылы бул жерде биринчи пилдин баласы туулган. Бул жетишкендик менен дүйнөдөгү окумуштуулардын көнүлүн өзүнө бура алган. Пиннавелдеги пилдер питомнигине арналып  ар түрдүү дүйнөнүн тилдериндеги көптөгөн китептер жана илимий макалалар жазылган жана фильм тартылып, чексиз сүрөттөр кесипкөй сүрөтчүлөр тарабынан тартылып жарыяланган.   

                                                    

Нувара-Элияга жөнөп кетүү (NuwaraEliya).

Жолдо чай плантациясына жана дүйнөдөгү эң мыкты чай чыгарган фабрикага баруу. Сизге чайды өндүрүүнүн сырларын ачып берет. Сиз чайды кантип өстүрөрүн көрөсүз. Фабриканын өзүнөн чыныгы чайдын даамын татыңыз.

Нувара-Элига баруу – ал сергек климаты жана ырахат берүүчү пейзажы менен Шри-Ланкадагы эң популярдуу тоолуу курорт. Нувара-Элияда дагы дүйнөдөгү мыкты чайларды чыгаруудагы үлүшү бар. Бул жерде Шри-Лангадагы бийик чоку Пидуруталагала (Pidurutalagala, 2524 м) жайгашкан. Нувара-Элияда Азиядага эң мыкты 18 айга гольф үчүн талаа жайгашкан.

Кечки тамактануу жана тандалган отелде же ага категориялары жана кызмат көрсөтүү топтому боюнча тең келген жерге түнөө.

Нувара Элия - Яла

Отелде таңкы тамкатануу.

Түштүк-чыгыш аралынын аягына живопистик тоолуу обласстар жана Бандаравела (Bandarawela) жана Элла (Ella) шаркыратмалары аркылуу сапар алуу.

Күндүн экинчи жарымында – Яла (Yala) улуттук паркына джип менен сейилдөө.

Яла – Шри-Ланкадагы эң белгилүү жана эң ири улуттук парк. Ал ар түрдүү образдагы жаныбарлардын жана канаттуулардын үйү болуп саналат: пилдер, кабыландар, аюулар, буйволдор, бугулар, камандар, крокодилдер, чымчык-керик, тоостор ж.б.

Отелге катып келүү.

Кечки тамактануу жана тандалган отелде же ага категориялары жана кызмат көрсөтүү топтому боюнча тең келген жерге түнөө.

Яла – Галле –  куум жээктеги же Коломбодогу отель

Отелде таңкы тамактануу.

Галлеге (Galle) сапар алуу.

Галлеге экскурсия кылуу. Качандыр бир кезде Галле өлкөнүн башка порту жана Ост-Индской компаниянын атайын кошулмалар соодасындагы форпосту болгон. Азыркыга чейин шаар «атайын кошулмалардын шаары» деп аталат, ошондой эле, колго жасалган кружевалар менен даңкталат. Эски голландиялык фортко, ошондой эле, XVII кылымда типтүү голландиялык колониялык курулуш эң сонун сакталып калган Кичинекей Амстердам районуна баруу. Галле шары бүткүл дүйнөлүк мурастардын эстелиги болуп саналат.

Галледен кум жээктеги же Коломбодогу отелге кайтып келүү.

Учуусуз, 1 адам 2 орундууга жайгашуусу 

Программанын наркына төмөнкүлөр камтылат:

- Алматы-Шарджа-Коломбо-Шарджа-Алматы (а/к Air Arabia) авиаучуу.

- отелдин концепциясына ылайык, тамак-ашы менен отелде жашоо: а/п Коломбо – отель – а/п Колом

- бардык каттамдар боюнча орус тилдүү гид менен топтук трансфер:

 

Программанын наркына төмөнкүлөр камтылбайт:

 · Ар бир адамга 75 АКШ $ чогултуу (12 жашка чейинки балдарга – акысыз)

· Пиннавалдагы пилдер питомнигине видеосъемка кылууга уруксат алуу (5 АКШ $ – өзгөрүүсү мүмкүн)

· Кандидеги Зуба Будданын Ыйык Храмына видесъемкага уруксат алуу (5 АКШ $ – өзгөрүүсү мүмкүн)

· Жолдогу ресторандардан 7 түшкү тамактануу: бир адамга 70 АКШ $

· Рождество жана Жаңы жылдык кечки тамактануу

· Программада көрсөтүлбөгөн ажайып жайларды көрүү үчүн, кирүү билеттери

· Суусундуктар жана кошумча тамактануу

· Жеке чыгымдар

· Чайлык жана жүк ташуучунун кызматтары

· Нарк бөлүмүндө көрсөтүлбөгөндөрдүн баары программага кирет.

Башка кызматтар:

· Кошумча экскурсиялар жана кызматтар кошумча төлөө шарты менен көрсөтүлөт

· Жапайы табигый парктарга саякатчылар өзүнүн коркуу жана тобокелдиги менен барат

· Джиптер бардык учурларды жаба албаган базалык коргоо менен берилет; бул болсо программа боюнча кыймыл жүргүзүү үчүн колдонулуучу транспорттук каражатка тиешелүү.

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.