АКШ (Нью-Йорк, Вашингтон, Орландо, Майами)

Мезгил:


АКШга саякаттоо – көбүн фильмден жана телеберүүлөрдөн гана тааныш болгон чыныгы Американы билүү үчүн эң мыкты шарт болуп саналат: реалдуу Нью-Йорк өзүнүн экрандагы образынан бир топ эле айырмаланат. АКШга турду дүйнөнүн бардык салттары аралашкан өлкөгө саякат деп салыштырууга болот! Кум жээгинде эс алуу  үчүн укмуштуу жерлери менен даңкталат, жаркын ажайып жерлер, асман тиреген мегополистер, эсте каларлык экскурсиялык программалар, ошондой эле укмуштуу сатып алуулар.

                                                        

от 124200 KGS (1800 USD)

Күн: 12 / Түн: 11

Турду брондоо
close

1-күн – Нью-Йорк аэропортунан орус тилдүү коштоочу менен тосуп алуу, отелге трансфер, жайгаштыруу.

Нью-Йоркко обзордук экскурсия, Top of the Rock көрүү аянтына чыгуу (5 саат - кошумча төлөө).


Экскурсия учурунда дүйнөнүн эң бир өзүнө тарта турган шаары, АКШнын финансылык жана маданий жашоосунун борбору болгон Нью-Йорк менен таанышуу күтүп турат. Манхеттенанын борбордук бөлүгү: Таймс-Сквер, Бродвей, 5-авеню, БУУнуун имараты, Рокфеллер-борборунда болосуз, асман тиреген шаарларды:  легендарлуу Эмпайр-Стейт-Билдинг жана 2011-жылдын 11-сентябрында кыйроого учураган Бүткүл дүйнөлүк Соода борборунун  территориясына жаңы курулган One World Trade Center - Freedom Tower асман тиреген борборлорду көрөсүз. Кичи Италия жана Кытай кварталы менен өтүп, Түштүк  Деңиз портун көрөсүз. Шаардын финансылык борборунда Уолл-Стрит белгилүү көчөсү менен нью-йортук биржа фондунун имаратынын жанынан өтөсүз, андан кийин Бэттери паркына туш келесиз, ал жерден Эркиндик статуясынын фантастикалык көрүнүшү ачылат. Экскурсия учурунда сиз Метрополитен музейин, Линкольн-борборун жана Метрополитен Операсын, 11-сентябрдагы трагедияга арналган белгилүү Борбордук паркты жана мемориалды (кошумча төлөө менен) көрө аласыз.

Бош убакыт

Нью-Йорк – Вашингтонго трансфер. Вашингтонго обзордук экскурсия (кошумча төлөө менен). Отелге жайгаштыруу. 

АКШнын борборунун негизги ажайып жерлери менен таанышасыз. Сиз Капитолий, Сенат имаратын, Конгрессти, Жогорку Сотту, Конгресстин Китепканасын жана Шекспир китепканасын көрөсүз, Пенсильвания проспектиси менен Мамлекеттик архивдин жана Ак үйдүн Почта башкармалыгынын жанынан өтөсүз, көбүрөөк маалымат алуу үчүн негизги резиденция жана АКШ президентинин иш ордуна тыныгуу жасайсыз. Андан аркы жол Ж.Вашингтондун жана Монументинин жанынан өтөт. Анын 170 метрлик бийиктигинен бардык шаар, ошондой эле, Мэриленд жана Вирджиния штатынын токой массиви көрүнөт. Монументтен алыс эмес жерде согуш учурунда каза болгондорду эскерүү жөнүндө Линкольн, Джефферсон жана Рувельттин ажайып эстеликтери жайгашкан. Мындан Пентагон жана Арлингтон күмбөздөрүнүн имаратына туш келесиз. Обзордук экскурсиянын акырында Массачусетс авеюсун нкөрөсүз, ал жерден көптөгөн элчиликтердин имараттарын, ошондой эле, еврейлик диний борборду, христиан храмдарын жана мечиттерди көрө аласыз. Экскурсия шаардын сыртындагы кооз Джорджтаунга анын жакшынакай ресторандары, кафелери жана дүкөндөрү менен бүтөт.  

Аэропортко трансфер. Орландого учуп келүү. Отелге трансфер, жайгашуу.

 

Өз алдынча парктарга баруу.

Орландо - "Львиное Сафари" паркына баруу менен Майамиге тарнсфер. Отелге жайгашуу.

Шаар ичинде катерде сейилдөө менен обзордук экскурсия (6 саат).

Шаар менен таанышуу түндүктөн түштүккө карай кеткен аралдан кесилишкен Майами Бич - Коллинз Авеню (Collins Avenue) башкы көчөлөрүнө башталат. Кийинки көчө Майаминин тааныштырбай өтүүгө мүмкүн болбогон: Ocean Drive – Ар-Деко белгилүү кварталы аркылуу өткөн ХХ кылымда курулган, миллиондогон туристтердин популярдуу жана сүйүктүү көчөсү. Бул шаардын эң, эң тынч эмес көчөлөрүнүн бири, мында Майамиге бүткүс кечки зоокторду алып келген көптөгөн ресторандар, барлар жана түнкү клубдар жайгашкан. Ондогон жылдар мурда Ocean Drive шоу-бизнес жылдыздары жакшы көрүшкөн, мисалы, экскурсия учурунда 1997-жылы июлда тепкичинде өлтүрүлгөн модельер  Джанни Версачинин вилласын көрөбүз. Майамини Бич менен байланыштырган шаардын материкалык бөлүгү Алты көпүрөдөн бирден өтүү, деңиз портунун (Port of Miami) панорамасында кезигип, кыймылдын негизги каражатынын монорельстик жолу болуп саналган шаардын иш бөлүгүнө (Down Town) туш келебиз. Брикель Авеню (Brickell Avenue) менен узунунан банк көчөсүнөн жүрүү менен Кичинекей Гавана (Little Havana) районунда болобуз, бул жерден белгилүү кубин кофелерин ичүүгө болот. Кичинекей Гавана байыркы Гавананын кайталангыс колоритин токтоосуз сактай алат. Катерде сейилдөө аркылуу шаар менен таанышуу миллионерлер аралынан аяктайт. Көп сандаган виллалардын ичинен Элизабет Тэйлор, Хулио Иглесиастын жана башка атактуулардын өзгөчө үйлөрүн көрөсүз.

Бош убакыт. Океанда эс алуу.

Отель - Майами аэропортуна трансфер

Баа  - учуусуз 1 адамга 2 орундууга жайгашуу үчүн көрсөтүлдү.

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.