Күн чыгыш өлкөсүндө тур

Сезон:


Байыркы тарыхын жана новатордук технологияларды айкалыштырып Жапонияны ачыныздар. Өлкөнүн каада-салтын көрүп, гүлдөп турган сакуранын назик жытын сезип, сонун пляждарына барып, реалдуу жапон суши тамагын жеп көргүлө.Эми Жапонияга визаны жөнөкөй жол менен алууга болот!

от 117300 KGS (1700 USD)

Күн: 8 / Түн: 7

Турду брондоо
close

Токио шаарына келүү (Нарита аэропорту). Аэропортто жапон айдоочусу менен жолугушуу. Шаттл-бас менен мейманканага башка туристер менен трансфер (аэропорттон мейманканага чейин а коштоо кирет).

Мейманканада өзүн алдынча жайгашуу (саат 15:00 / 16:00 кийин).

Кошумча төлөм үчүн мейманканага координатор ээлесе болот: координатор шаардын ичинде туура багыттты корсотуп берет жана коомдук транспортту кантип колдонуу керектигин түшүндүрөт.

Кавагоэге орус тилинде экскурсия

Сиздер артка кылымдар бою бир нече көчүп, Токио көчөлөрү илгери кандай болгон экенин көрө аласыздар, ал учурда ал дагы эле Эдо деп айтылчу. Өнөр жай борборлорунун тараптан алыс болгодуктан, Кавагоэ шаары 17-19 кылымдардын атмосферасын сактап калган, ал соодачылар үчүн транзиттик пункт болгон, алар буюмдарды Токио шаарына алып барышчу. Сиздер Китаин ибадатканасына барасыздар, ал жака Эдо сарайынын бөлмөсунун бир бөлүгү кочурулгон. Ал жалгыз сакталып калган сёгундардын сарайынын бөлүгү, ал Токиодого бүгүнкү императордун сарайынын жайгашкан жеринде болчу. Түшкү тамак. Сиздер шаардын символун коро аласыздар – бул Токи-но-канэ эски жыгач коңгуроо мунарасы, ошондой эле, курадзукури - кара кампа дүкөнүнун үйлөрунун түзулушу менен таанышасыздар, алар шаардын биричи бети болуп саналат. Сиздерди  Кавагоэ майрам музейи кутуп жатат - бул жыл сайын болгон майрам, ал 360 жылдан ашуун убакытты карытып келе жаткан майрам болуп саналат. 2016 жылы ал майрам ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кошулду. Силер байыркы көчөлөрдө сейилдеп, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн салттуу азыктары менен көптөгөн дүкөндөргө барып, акыйкат эстеликтерди сатып ала аласыздар. Мейманканага кайтуу.

Токио боюнча орус тилинде экскурсия

Токио шаарынын бизнес борбору - Синдзюки бийик имараттар районуна сапар, ал жакта Токионун мэриясы жана Жапониянын белгилүү парктарынын бири Синдзюку-Гёэн паркы жайгашкан, ал өткөн жылы, 110-жылдыгын белгиледи. Император сарайынын аянттында тыныгуу. Асакуса районуна көчүү, ал эски Токионун рухун сактап туруучу жерлердин бири. Токио аймагында байыркы будда ибадатканасы Сэнсодзиге сапар. Накамисэ соода көчөсүндө сейлдөө, ал жакта Токио боюнча эң көп сувенир дүкөндөрү бар. Түшкү тамак. SkyTree (634 метра) - дүйнөдөгү эң бийик телемунарага сапар, байкоо аянттына чыгуу. Мейманканага кайтуу.

Токиодо бош убакыт. Кошумча төлөм үчүн экскурсияларды алууну сунуштайбыз.

Мейманканада өзүн алдынча чыгуу. Жапон айдоочусу менен мейманкананын залында жолугушуу. Шаттл-бас менен Нарита аэропортуна трансфер. Учуу.

* 1 адамды 2 орундук жайга жайгаштыруу баасы көрсөтүлгөн

1. Эскертүү, эгер туристер Ханеда аэропортуна учуп келишсе, анда алдын ала айтуу керек, себеби шаттл-бас менен трансфер Нарита аэропортунда гана эле кызмат кылат жана кайра турдун баасын эсептөө керек.

2.Ошондой эле, эгер туристер Ханеда аэропортуна учуп кетүүгө тийиш болсо, анда алдын ала айтуу керек, себеби шаттл-бас менен трансфер Нарита аэропортунда гана эле кызмат кылат жана кайра турдун баасын эсептөө керек.

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.