Вьетнамга тур (Хошимин - Кантхо - Нячанг - Далат - Муйне)

Мезгил:


Бул өлкө ар түрдүү маданияттын сонун айкалышы жана  табигый байлыктарынын ар түрдүүлүгү менен өзүнө тартат: аппак кумдуу жээк, чоң аскалары, тропикалык токойлору жана тоолуу өрөөндөрү, деңиз жээгиндеги кумдуу дөбөлөрү жана жапайы жунгли, өзгөчө өсүмдүктөр жана ачык канаттуулар, жыпар жыттуу кофе жана албетте, изумруд тунук суусу менен жылуу Түштүк-Кытай деңизи.

от 138000 KGS (2000 USD)

Күн: 14 / Түн: 13

Турду брондоо
close

Кош келиңиздер! Гид менен жолугушуу. Отелге трансфер.

Вьетнам мегаполисиндеги эң заманбап жана ири Хошимин ш. отелге түнөө. 

Хошимин (таңкы, түшкү тамактануу)

Бүгүн биз Воссоединения ордосуна барабыз, бул жер Вьетнам согушу учурунда Түштүк Вьетнам президентинин резиденциясы болгон. Ушул жерден 1975-жылы апрелде вьетнамдык түштүк аскерлер дарбазаны коргогондо Сайгон капитуляциясы болгон.

Алыс эмес жерде Нотр Дам белгилүү храмы жайгашкан, анын курулушуна материалдар Франциядан  алынып келинген.

Ошол учурдагы колониялык стилде салынган Башкы почтамт көңүлдүн тышында калбайт.

Программанын акырында – Бентань базары, шаардын борборундагы эң атактуу базар, ал жерден жер-жемиштен баштап, сувенир жана кийим-кечеге чейин тапса болот.

Хошиминге түнөө.

Дельта Меконг – Митхо – Кантхо (таңкы, түшкү тамактануу)

Митхо Хошоминден 70 км алыс жайгашкан. Ал жерге баруу абдан кызыктуу, анткени, Меконг жээгинде эң ири базар жайгашкан. Туристтердин көз алдында жашыл кокос пальмасынын картинасы, чексиз  күрүч плантациясы, жер-жемиш багы жана канал ачылат.

Митхого чейинки жол абдан кооз көркөм: өзөндүн жээгинде айылдар, бакчалар жана анча чоң эмес шаарлар.

Митходо болобуз жана ал жерден кайыкка отурабыз жана өзүлөрүн балык кармоо, жер-жемиш жана жашылча өстүрүү менен камсыздаган жергиликтүү айылдарды көрүүгө жөнөйбүз.

Жолдон Таш бака аралынды тыныгуу болот, ал жерден калың өскөн жунглиге сейилдейбиз жана орхидея бакчасына түшкү тамактануу менен ырахаттанабыз.

Андан кийин жолубузду Анькхан жерине баруу менен улайбыз – Меконг району анчалык деле туристтик жана белгилүү эмес. Бул жерде биз салттуу сампан-кайыкка отурабыз жана Меконг каналына сейилдейбиз. Бул өзөндөгү эң кызыктуу сейилдөө болот: өзөндүү жунглиде шашпай саякаттоо, сонун сүрөттөргө кепилдик берилет!

Андан кийин бал жана мезгилдик жемиштер менен таттуу чай күтөт. Бул мезгилде жергиликтүү тургундар салттуу аспаптары менен элдик ырлардан өзүлөрүнүн көрсөтүүсүн тартуулашат.

Программанын кийинки пункту – жергиликтүү каада-салт жана таттуу бизнес менен таанышуу үчүн айылдардын бирине токтойбуз: кокос конфетин чыгаруу.

Андан ары Кантхо шаарына жөнөйбүз жана түнөө үчүн токтойбуз. Кантходо отелге түнөө.

Кантхо – Хошимин – Нячанг (таңкы жана түшкү тамактануу)

Отелде таңкы тамактануу.

Бүгүн биз саякаттоону Меконг каналынан улантабыз жана сүзүп жүрүүчү базарды көрөбүз.



Жаңы айылга токтойбуз, жергиликтүү ашкананын даамын татабыз жана аларды даярдоонун сырларын көрөбүз. Бул күн сейилдөө жана туристтик троптон алыскы мыкты жерлерге барууга арналат.



Аэропортко трансфер жана Нячангга учуу.

Аэропорттон гид менен жолугушуу жана отелге трансфер.

Нячанг ш. отелге түнөө.

Нячанг – эс алуу (таңкы тамактануу)

Бош убакыт.

 

Нячанг аралына круиз (таңкы, түшкү тамактануу)

Отелде таңкы тамактануу.

08:00-08:30 Отелден пирске трансфер.

08:30-08:45 Пирсте болуу. Кораблда учурашуу суусундугу. Коопсуздук жөнүндө кыскача нускама. Саякаттын башталышы.

08:45-09:15 Программанын биринчи пункту – Mieu аралы, бул жерден балык фермасын изилдөө үчүн жергиликтүү кайыктарга отурабыз.

Кораблге кайтып келүү, бул жерден кокос таттуулары берилет.

Там, Мот жана Мун аралдарына саякаттоону улантуу. Бул жерден биз живопистик лагуна менен ырахаттанабыз. Каалоочуларга кошумча төлөө менен дайвинг уюштурулушу мүмкүн.

09:15-11:30 Сырдуу кум жээкке келебиз, бул жерден сноркелинг, сууда сүзүү жана кайякинг менен ырахаттанабыз. Каалоо боюнча чоң бактын көлөкөсүндө Манго барында убакыт өткөрүүгө болот.

11:30-12:30 Мындай активдүү күн башталгандан кийин кораблдин бортунда даамдуу тамактануу, жергиликтүү суусундуктарды тандоо менен: вино, сыра жана алкоколсуз суусундуктар берилет. Бул убакта корабль живопистик Хон Тре аралында токтоп турат.

12:30-14:00 Түшкү тамактан кийин жеке менчик кум жээкте эс алсаңыз болот, кайяки алуу же сейилдөө жана сууда сүзүү.

14:30-15:00 Саякаттоо жыйынтыкталат. Сиз пирске кайтып келгенде сүзүүчү айылдын көрүнүшүнөн ырахат аласыз.

Эскертүү:

Ноябрдан апрелге чейин же шамалдуу чоң толкун учурунда саякаттын программасы өзгөрүшү мүмкүн. Мындай учуруда Мот аралына токтойбуз жана андан ары сырдуу кум жээкке чейин спидбоут колдонулат.

Саякаттын программасы башталганга чейин жарым саат мурда өзгөрүшү мүмкүн.

Нячанг – Грязевые  Тхап Ба ваннасы (таңкы тамактануу)

Сиз үчүн ыңгайлуу учурду тандоо (таңкы 8 же 13.30) гид сизди отелден жолуктурат жана трансфер менен Тхап Ба ваннасына чейин коштоп барат.

Баткак ваннасынан кийин биз Понагар мунарасына барабыз.

Отелге кайтып келүү.

Нячанг – Далат – "Париж Вьетнама" (таңкы, түшкү тамактануу)

Таңкы тамактануу, отелден чыгуу жана Далат ш. трансфер.

Далат – Вьетнамдагы эң романтикалуу шаарлардын бири. Расмий эмес түрдө жаштардын бал айын өткөрүү үчүн вьетнамдыктардын арасында мыкты шаар болуп саналат.

Жолдо бара жатып Далаттан 10 км алыс Пренн шаркыратмасына, Чук Лам  храмына жана Туйен Лам живопистик көлүнө туш болосуз.

Түшкү тамак. Шаардын борборундагы даңазалуу Сюан Хыонг көлүнө ат менен келебиз, ал жерден Гүлдөр Бакчасына барабыз.

Жергиликтүү ресторанда кечки тамактануу.

Кечинде бош убакыт, бирок, Вьетнам боюнча мыкты деп таанылган жергиликтүү тандыр жана кофени сөзсүз сунуш кылабыз.

Далатта түнөө.

Далат (таңкы, түшкү тамактануу)

Гид менен жолугушуу жана шаарга обзордук экскурсия кылууну улантуу.

Кофе плантациясын, тоолорду, жергиликтүү гүлдөр жана жашылча фермасына барабыз. Жибек чеберканасына ж.б. баруу.

Далатта түнөө.

Далат – (таңкы тамактануу)

Таңкы тамактануу, отелден чыгуу жана трансфер (4 саат).

Муйне (таңкы тамактануу)

Кум жээкте эс алуу.

Муйне отелине түнөө.


Муйне – Хошимин (таңкы тамактануу)

Үйгө кайтып келүү үчүн аэропортко трансфер.

2 орундууга 1  адамды жайгаштыруу.

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.