Муми-Троллдор + Стокголм өрөөндөрүндө жайды өткөрүү

Мезгил:


Июнь, Июль, Август

от 76000 KGS (1 114$)

Күн: 5 / Түн: 4

Турду брондоо
close

Хельсинги шаарына келип конуу

Бош убакыт. Саат 14:00 дон 16:00 го чейин Хельсинги боюнча автобус менен Сити-Турга чыгуу. Башталышы Holiday Inn City center ден т/ж Вокзалына чейин.

Хельсинки - европа борборлорунун эң жашы, 1550-жылы гана негизделген. Шаардын борбору тумшугунда жайгашып, деңиз менен курчалган. Автобустук экскурсия 2 саатка чейин созулат, жана шаардын тарыхый борборуна жөө серептик экскурсия ошончолук убакытты алат. Кафедралык жана Успендик жыйындарды, Александр II ге жана Маннергейм маршалына арналган эстеликтерди,  Эспланада бульварын, белгилүү балык базарын, Хевис Асмандеге жана композитор Ян Сибелиуска коюлган эстеликтерди, ошондой эле атактуу Темпелиаукуо таш үстүндөгү чиркөөнү көрө аласыздар.

16:00 до мейманканага жайгашуу. Бош убакыт.


Мейманканада эртең мененки тамактануу.

Саат 11:37 де Туркуга поезд менен баруу. 13:30 да Туркудагы темир жол вокзалына келүү. Орус тилинде сүйлөгөн Гид менен мейманканага келүү. Жүктү мейманкананын сактоо камерасында калтырып койсо болот. Турку шаарынын орто кылымдарда курулган сарайына “Рыцарьлык агартуу” экскурсиясына баруу.

Сарай ар түрдүү стильдерге жана кылымдарга карата калыбына келтрилген. Архитектор Эрик Бюргман калыбына келтирип жатканда сарайдын негизги бөлүмүндө орто кылымдык атмосфераны сактап калган. Сарайдын орто кылым бөлүгүндө топ килейген, эндүүлүгү 2-3 метр болгон, боз таштардан курулган, эң зор дубалдуу бөлмө жана залдардан саякат кылып өтүшөт. Адатынча экскурсияларды, ошол эле санда “Жаш рыцарларды агартуу” экскурсиясы да орто кылымдар убагындагы залдардан башташат.

Маскарапоздун кийимин кийген экскурсиячы топ менен таанышып, жаш рыцарлардын сыноосунан өтүү үчүн жигиттерге кемзирчелерди кийгизет жана тапшырмаларды айтып турат. Жигиттер саякаттап жүргөн учурда ар кайсы жерде катылган үч кенч табуулары керек. Экскурсия кылдыруучу рыцарлар ким экендиги, мурда кантип рыцарь болушкан жана рыцарлардын маданияты, үрп-адаттары жөнүндө айтып берет. Кенчтер табылгандан кийин сепилдеги пландалган багыт өтүлгөн болот, сепилде саякаттоонун жыйынтыктоочу этабы башталат: Группа Рыцарьдык залга жөнөтүлөт, Хан менен Ханышага -Улууларды урматтоого жана кичүүлөрдү ызаттоого салтанаттуу ант бергенден кийин гана жаш рыцарьдык агартуудан өтүшөт.

Экскурсиянын аягында Падыша жана анын Ханышасы өткөрүүчү жаш рыцарьлыкка салтанаттуу агартуунун толкундантуучу учуру келет. Жигиттер агартууга катышкандыгы жөнүндө Турку сепилинин символу менен желекчени эстеликке алышат. Мейманканага өз алдынча кайтуу.


Мейманканада эртең мененки тамактануу

Саат 10.00 до Мейманкананын киреберишинде гид менен жолугушуу (11-августтан баштап Гид менен жолугуу саат 12.00 го жылдырылат). Мумми Ленд өлкөсүнө Мумми автобусу менен баруу.

10.30 да “Мумми-Трольдор Өлкөсү” Наанталиге  жетип келүү.

“Мумми-Трольдор Өлкөсү” - бул бир жомокко арналган бүтүн арал. Бул жердеги баардык нерсе Муми-Трольдор жөнүндөгү окуяларга байланышкан: алардын укмуштуу окуялары жөнүндө айтып берүүчү театр, Муми-Апа жасаган тамактар менен кафе, арал жашоочуларынын сурөттөрү жабыштырылган ачык каттарды жана маркаларды сатып ала турган почта. Паркка кирип баратканда, ар бир адамга аралда болгон бүт бардык кызыктуу жерлер түшүрүлгөн, карта колдоруна берилет. Анын ичинде Көк Мунара, Хемулдун Үйү, Укмуштуу Окуялар Кемеси, чыныгы Лабиринт, Жомоктуу Чыйыр Жол, Эс алуучу Жээк жана башкалар. Жана, албетте, Балдар үчүн сылоого, кучактаганга жана кучакташып сүрөткө түшүүгө мүмкүн болгон чыныгы тролдор менен эстен кеткис жолугушуу. Топ өз алдынча суктанып, көз чаптырып алуусу үчүн бош убакыт берилет жана аларды коштоочулар эшиктин алдында күтүп турушат.

“Мумми-Трольдор Өлкөсү”нөн кийин топту дагы бир кызыктуу, бирок кыскача “Каракчылар Аралы”на  деңиз саякаты күтүп турат. Ал жакта Балдарга жана алардын ата-энелерине татаал, бирок кызыктуу сыноолордон өтүүсүнө туура келет. Өз алдынча мелдешип, катылган белгилерди табуу үчүн жана көбүрөөк упайларды чогултуу үчүн топ командаларга бөлүнүшөт. Ким көп тапса, ошол утат.

18:00 до “Мумми-Трольдор Өлкөсү”нөн кайтып келүү жана  Силья Лайн кемесине трансфер.

20:15 те Түнкү кеме менен Швециянын борбору - Стокгольга баруу.

Кемедеги каютада түнөө.


Саат 6:05 те Стокгольго келип жетүү. Скандик Ариадне мейманканасында эртең мененки тамактануу. 3 жылдыздуу мейманканага трансфер. Жуктөрдү мейманканага жайгашууга чейин сактоо камерасында калтырып коюга мүмкүн.

Саат 9:30 да Юнибакенге баруу

Юнибакен - бул Стокгольдун борборунда Юргорден аралында жайгашкан чыныгы жомок үйү. Юнибакен жылы бою ачык, жана бардык аттракциондор имараттын ичинде откөрүлөт. Юнибаккернде Астрид Линдгрендин китептер дүйнөсүнө кабыл болосуздар: “Лённебергилик Эмиль”, “Чатырдагы шок Карлсон” жана дагы башкалар. Сиз Узун байпакчан Пеппинин үйүндө ойной аласыз, ошондой эле башка щвед китептеринин баатырлары менен жолугуша аласыз: Альфонс Обергти, Муми-Трольду, Петсон жана анын мышыгы Финдусту жана башкаларды. Юнибакен - ошондой эле Швециядагы эң чоң балдар театры. Бул жакта Ресторан да, китепкана да бар. Ресторанда өзүнүн ашканасы жана наабайканасы бар, Чоң дүкөн балдар үчүн китептер жана сувенир, оюнчуктар сатылат.  

Саат 15.00 до Юнибакенге кайтып келүү

Мейманканага жайгашуу

Бош убакыт


Мейманканада эртең мененки тамактануу

12.00 гө чейин Мейманканадан чыгып кетүү

Кошумча төлөмгө аэропортко чейин трансфер.


Баага камтылган:

Хельсинки шаарындагы 4* мейманканага бир тундук жайгашуу,

Топ Сити туру Хельсинки шаарында,

Хельсинки-Туркунун поезд билети,

1 кун 4* мейманканада Туркуда жайгашуу,

Мейманканага Турку поезд / темир жол бекетинде жана Турку терминалына мейманканасында которуулар,

Турку хан сарайындагы рыцарьга арналган экскурсия,

Мумиленд мейманканадан кирүү төгүмдөрү жана которуулар,

паромдору Турку үчүн билеттер - Стокгольм Б класс кабинада,

Келгенден кийин Стокгольмдогу  Скандик Ариадне мейманканасында эрте мененки тамактануу,

Бир тун 3* мейманканада эрте мененки тамагы менен Стокгольмдо жайгашуу

Күлкү үчүнЮнибакен паркына баруу, кириш акысын жана коштоо боюнча тейлөө кызматтарда

Баага камтылган эмес:

Учуу

Визага кошумча акча төлөнөт (80 EUR)




Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.