Рандеву: Варшава-Краков

Мезгил:


Апрель, Май, Июнь, Июль, Август, Сентябрь, Октябрь

Варшава Польшанын борбор шаары жана европадагы туристтер эң көп каттаган шаарлардын бири. Варшава өзгөчө  ар түрдүү, мында орто кылымдагы бозоргон эскилик заманбап шаарды курууга болгон ритм менен айкалышып турат.

 

Краков – орто кылымдагы, барокка, ренессанс жана кайра куруу боюнча таланттар жана чеберлердин мууну тарабынан жаралган кайталангыс, суктанарлык шаар. Краков – Польшанын жандуу жүрөгү, укмуштуу Вислы жээгиндеги бул даңазалуу шаар өзүнүн миңдеген жылдарында, королдук резиденциянын борбор шаары, королдордун таажы кийүү салтанаты жана өлүк узатуу тажыясы өткөрүлгөн шаар болгон. Бул даңктуу королдук шаар Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда жакырдануудан качкан жана бүгүнкү күнү кымбат баалуу архитектуралык жана маданий баалуулуктары менен Краковду алгач көргөндө эле жактырып каласыз… 

от 32000 KGS (384€)

Күн: 5 / Түн: 4

Турду брондоо
close

Варшавага учуп келүү. Трансфер – отель. Отелге жайгашуу.

Варшавага обзордук жөө экскурсия кылуу. Варшаванын Эски шаары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген. Экскурсиянын программасына: Эски шаар, Сепил аянты, Королдук тракт, Ыйык Яна жыйыны, Барбакан, Сирен статуясы.

2010-жылы композитордун 200 жылдыгына карата курулган Шопен музейине экскурсия (факультативдик). Фредерик Шопен музейи Варшавадагы оңдолуп-түздөлгөн жана интерьер менен модернизацияланган  Острожский сепилинде жайгашкан.

Бул дүйнөдөгү эң заманбап жана таң каларлык биографиялык музей. Заманбап технологиянын жардамы менен музейдин коноктору варшавалык композитордун үйүн гана эмес, XIX кылымдагы Железова-Воля айылындагы Шопендин бөлмөсүнүн жасалгаларын көрө алышат, ошондой эле улуу композитордун музыкаларын угуп ал тургай, композитор абдан жакшы көргөн жана Париждеги үйүндө өстүргөн фиалканын, гүлдөрдүн жытын сезе алышат. Каалоочулар үчүн Sabat театрында факультативдик варьете спектакль (кечки тамагы менен). Варшаванын эң белгилүү театрларынын бири – «Сабат» театры. Театрдын репертуарлары – булар мюзиклдер, варьете шоусу, комедиялар. Театрдын актерлеру – белгилүү ырчылар, музыканттар, бийчилер, эстрада жылдыздары. Бул театрда ар дайым өзгөчө атмосфера – майрамдык жагымдуу маанай. Мында жеңил, бийик музыка, сахнада темпераменттүү бийчилер бийлешет.

Таңкы тамактануу. Бош убакта шаардагы белектерди, сувенирлерди алса боло турган «Алтын террасалар» же «Аркадия» соода борборлорун кыдыруу жана факультативдик экскурсия кылуу.

Вашаванын Ордо-парктык ансабли (факультативдик). Королдук Лазенки жана Вилановедеги ордо – польшалык королдун бардык баалуктарынын эпохун чагылдырган тарых эстеликтери. Вилановедеги Ордо ансамбли – барокко стилиндеги польшалык Версаль. Королдук Лазенки (XVII в) жайкы резиденцияда польшалык жумушчулар кызмат кылышкан. Эски ордолор, каналдар, живопистик аллеялар жайкы убакта өзгөчө кооз. Отель-вокзал трансферу. Варшава-Краковдон өтүү. Вокзал-отель трансферу. Краковадагы отелге жайгашуу.

Таңкы тамактануу.

Краковго обзордук жөө экскурсия кылуу: Эски шаар жана Вавель Король сепилине орус тилдүү гид менен. Базар аянты – чиеленишкен уламыштар жана көптөгөн тарыхый окуялар, Мариац костели, Сукеннице тарыхый соода катарлары, Королдук жол, Королдук сепил ренессансы менен Вавел адыры жана Кафедралык жыйын.

Белекке!  «Краков сувенири» - Краковдо эсте каларлык сейилдөө.

Краков көчөсү менен өтүүгө, улуттук польшалык сувенирлердин өзгөчөлүктөрү менен таанышууга чакырабыз.

Сейилдөө учурунда гид менен биргеликте Краковдогу популярдуу дүкөндөрдү кыдырасыз, жергиликтүү кондитерлерде конокто болосуз жана алардын ишине баа бересиз, байкап, даамын татып көрөсүз, каалооңуз менен эң белгилүү «краков сувенирлерин» сатып алсаңыз болот: чыныгы краков колбасасы жана быштактары, дааамдуу краков печеньеси, жер-жемиш ичимдиктери, настойка же польша арагы. Кечинде бардык каалоочулар үчүн «Эски шаардагы ресторанда кечки тамактануу» (факультативдик).

Таңкы тамактануу.

Величкада автобус-жөө экскурсияга чыгуу (факультативдик). Величка – Краковдон 13 километр алыс чоң эмес шаар, анда Еврпадагы эң чоң жана эң байыркы туздуу шахта  жайгашкан. Шахтанын тереңдиги  340 метр, ал эми жалпы жолдун узундугу 350 километрден ашык. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан туристтер жер алдындагы шахтанын кооздугуна суктануу үчүн келишет. Мындан тышкары, шахтанын ичиндеги аба дарылоо касиетине ээ жана жер алдында санатория негизделген. Величка Туздуу шахтасы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Освенцимга автобус менен экскурсияга чыгып келүү (факультативдик). Краковдон 60километр батышта чоң эмес шаар Освенсум жайгашкан, ал 1940-жылы немец концлагерь комплекси болуп түзүлгөн. Освенсим – Экинчи Дүйнөлүк согушта 1,5 млн ашык туткун кыйналган эң чоң гитлердик концлагерь. Освенсим – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген – адамдарга каршы кылмыш болгондугу жөнүндө эскерүү катары кол тийбестиги сакталып калган. Музейдин курамына крематорий урандылары, газ камералары, темир жол платформа жана башка концентрациялык лагердин мурунку объектилери кирет. Кечинде бардык каалоочулар үчүн «Казимежа ресторанында кечки тамактануу. Европалык музыка концерти» (факультитивдик).

Таңкы тамактануу. Эртең менен отель-вокзал трансферу. Варшавага сапар алуу. Варшавадан т/ж – а/у трансферу. Варшавадан учуп кетүү.

Тейлөөнүн наркына төмөнкүлөр кирет

отелге жайгашуу: 1 түн Варшавада, 3 түн Кракавда;

тамактануу – таңкы тамак;

Варшавада жана Краковда орус тилдүү гид менен обзордук экскурсиялар;

шаар аралык каттамдарга т/ж билеттери;

программа боюнча топтук трасферлор;

медициналык коопсуздандыруу;

кабыл алуучу компания  баасы бирдей болгон экскурсияларды алмаштырууну жана аларды жүргүзүүнүн убактысын өзгөртүүнү өзүнө калтырат.

Турдун наркына төмөнкү кирбейт: экскурсиянын объектисине кирүү билеттери.

Тейлөөнүн наркына  кирбейт:

орус тилдүү гид, унаа тейлөөлөрү жана кирүү билеттери менен факультативдик экскурсиялар;

программа боюнча өз алдынча трансферлор

 

Кошумча төлөнөт:

авиаучуу 

программа боюнча кирүү билеттери (жеринде төлөнөт).

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.