РОССИЯНЫН АЛТЫН ШАКЕГИ

Сезон:


Март, Апрель, Май, Июнь, Июль, Август, Сентябрь, Октябрь, Ноябрь

Шаарлар: Сергиев Посад - Переславль Залесский - Ростов Великий - Ярославль - Кострома – Юрьев-Польский - Владимир – Суздаль

от 9600 KGS (140$)

Күн: 3 / Түн: 2

Турду брондоо
close

Саат 07:45 Москвада жыйын, «Комсомольская» станция метросу, Ленинград темир жол бекеттин имаратты, биринчи кабаттын күтүү бөлмөнүн ортосунда, лифттин жанында (Россиянын Алтын Шакеги 3 күн /2 түн).

Сергиев-Посадка жөнөө. Ал байыркы шаары, Москвадан 52 км аралыкта жайгашкан. Шаар өзүнүн эң негизги белгилүү болгон жери бул - Троица-Сергиевой Лавре, ал ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Лавре боюнче экскурсия, ибадатканаларга кирүү менен.

Биздин жол Переславле-Залесскомго уланууда. 1220-жылы канзаада Александр Невский туулган. XV кылымдан баштап, Переславль-Залесский ири кол өнөрчүлүк жана соода борбору катары иштеп келе жаткан. XV жана XVI кылымдарда, падышанын ак сарайында балык жеткире милдеттүү болчу, ошондуктан, ал шаардын гербинин чагылдырылган балык болуп калган. 1688-жылы падыша Пётр I Переславле-Залесскийде курулуш күлкүлүү курамдагы куруп баштаган, ал ийгиликтүү 1692-жылы курулуп бүткөн.

Экскурсиялык программа: шаар ичинде таанышуу тур, Кызыл аянтта ансамблине жана Николь монастырына баруу.

Түшкү тамак.

Ростов Великий шаарына сапар. Бул жагымдуу шаар, кичинекей бир аймакта (шаардын узундугу 6 км гана эле) өткөн кылымдардагы кайталангыс тарыхый жана архитектуралык эстеликтери жайгашкан. Шаар кол өнөрчүлүк боюнча жакшы белгилүү, анын ичинде белгилүү болгон финифть саналат, ал сүрөттөмө сырдалган миниатюралар.

Ростов финифтити Россиянын, чынында эле, өзгөчө көрүнүш болуп саналат.   Россиянын финифти боюнча ири жыйнактарды бири, XVIII-XX кылымдагы  2,5 миң миниатюра түзгөн, Ростов Кремлдин аймагында жайгашкан.

Экскурсиялык программа: Ростов Кремли – мурдагы митрополит жашаган Ростов епархиясы. Кремлдин архитектуралык ансамблинин жана көптөгөн музей көргөзмөлөрүн карап чыгуу.

Переславлга кайтып келүү. Мейманканада жайгаштыруу.

Тамактануу.

Россиянын алтын шакегинин боробору Ярославлга баруу.

Экскурсиалык программа: таанышуу экскурсиясы, Волж жээктери, улуу бир бөлүгү – Волга менен Которосли дарыяларынын жебеси, Ярослав Акылдууга эстелик, ал шаардын негиздөөчүсү болгон. Спасо-Преображен монастырина сапар, ал жерде атактуу «Слово о полку Игореве» чыгармасы табылган, Илья пайгамбардын чиркөөсү.

Түшкү тамак.

Кострома шаарына көчүп баруу.

Биз комплекстүү соода катарларды, борбордук аянтты, Иван Сусанинге эстеликти, өрт мунараны, Н.Островсккийдин беседкасын жана башкаларды көрөсүздөр. Ипатьев монастырина сапар алабыз.Тарыхый маалыматтар боюнча, монастырь 1330-жылы салынып, аны иш жүзүнө таасирдүү Алтын Ордонун татар мырзасы Чета тарабынан негизделген, ал бул аймак аркылуу Москвага Улуу Иван Калит падышасына кызмат өтү үчүн бара жаткан. Эс алуу учурунда, Кудай энеси менен апостолом Филипп жана ыйык Ипатий түшнө кирген, ошондон кийин ал оорудан айыгып кеткен.

Кудайга ыраазычылык кылуу менен, ал татар мырза тарабынан монастырь жакында негизделген.

Монастырдын кооз аймактарын изилдейбиз, Ыйык соборун көрөбүз, ал Ипатьев монастыринын негизги ибадатканасы. Башында жыгач, анданкийин XVI кылымдын орто ченинде собор таштан курулган Годунов боярдын каражаттарынан камсыздандырылган, ошондуктан аны кээде «Годунов» деп аташат. Романов боярлардын турак-жайына барабыз. Бул жерде бир убакытта Михаил Романов энеси менен жашаган. Жана ушул жерден Романовтордун династиясынын падышалыгы башталган.

Мейманканага кайтып келүү.

Тамактануу.

Юрьев Польскийге көчүү, ал Владимир облусунундагы шаар, эски орус рухун арналган. Бул Москва салынганып, беш жыл өткөндөн кийин Юрий Долгорукий тарабынан түзүлгөн. Так ушул жерде Липицк согушу болгон, Кийинчирек бул жерде монголдор болгон, бүт баарын талкалашкан, бул жерге поляктарда келишкен, тек толугу менен шаарды жок кылышкан.

Экскурсиялык программа: Таанышуу экскурсиясы, Михайло-Архангельский монастыринын жанында тыным. Бул монастыр 13 кылымда эле негизделген. Көптөгөн сандаган душман басып өткөн учун, анын сырткы келбети көп өзгөргөн, эми азыр болсо эски курам мунаралары батыш дубалдыры болуп саналат, үч кылым мурун салынган.

Суздалга көчүү. Суздаль –бул шаар-музей, себеби ал жерде Россиянын тарыхый эстеликтери көп, жана ошондой эле, биздин күндөргө чейин өзгөрүүсүз байыркы имараттар сакталып калган, уникалдуу чиркөөлөр жана жыгач архитектура объектилери эч бир жерде жок. Кызыгы, Суздал шаарында эч кандай өнөр жай ишканасы жок, ошондуктан, бул аны экологиялык жактан таза жер кылат.

Анын жери, пландары, эски имараттарды уникалдуу болуп саналат. Суздалдын имараттарынын көпчүлүгү ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Экскурсиялык программа: Таанышуу экскурсиясы, Суздаль Кремелинин улуу архитектурасы, курулуш иштери X кылымда башталган, биз укмуш Рождество соборун, Спасо-Евфимиев монастырин, 1350г жылы негизделген, Спасо–Преображен собору Гурия Никитин чегилгеси менен жана Покров монастыринын архитектурасын көрө алабыз. Бул кооз монастырь Каменка дарыясынын жээгинде жайгашкан жана уятка калган орус ханышаларынын, ошондой эле, тектүү үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрүнүн кыздарынын туткун жайы болгон (Василия III аялдары Соломония Сабурова, Петра I аялдары Евдокия Лопухина).

Владимир шаарына көчүү.

Экскурсиялык программа: Таанышуу экскурсиясы. Собор аянттынын ансамбли 12-кылымдагы ак таш соборлорунун панорамасы менен. Тышкы сыртын көрүү: Алтын дарбаза, Успен собору, Дмитриев собору уникалдуу 12 кылымдагы орустардын ак таш ою архитектурасынын үлгүсү. Жөө жүрүүчү көчөдө сейилдөө.

Түшкү тамак.

Москва шаарына баруу.

Жолдо Покров шаарында чакан техникалык тыным кылабыз.  Бүгүнкү Покрова шаарынын ордунда жөнгө салуу жөнүндө биринчи жолу 1506 жылы айтылган. Е. И. В. Илимдер академиясынын мүчөсү Петру Строев боюнча,  бул жерде  «Покровская Антониева чөлүнүн монастыри» болгон, 1516-1506 жылдары анын башчысы игумен Елисей болгон. Чөлдүн борбору – Ыйык Покрова Богородицанын жыгач чиркөөсү саналат. Шаар укмуштуудай пряниктери менен белгилүү.

Кечинде Москвага келүү, убакыт жол кырдаалга көз каранды.

Турдун баасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

Стандарт бөлмөлөр;

Программа боюнча тамактануу;

Экскурсиялык программа;

Гидтин кызматы;

Күн сайын транспорт кызматтары.

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.