Грузияда май майрамдары

Мезгил:


Май

Маршрут: Тбилиси – Мцхета – Батуми – Тоолуу Аджария- Тбилиси

от 56000 KGS (838$)

Күн: 6 / Түн: 6

Турду брондоо
close

Грузиянын борбор шаарына  келүү.

Мейманканага трансфер. Романтикалуу Тбилиси менен таанышуу.

«Самеба» кафедралык чиркѳѳ - архитектуралык  керемет жана борбордун сыймыгы.

Андан ары, Шарден жана Леселидзе кереметтүү көчөлөрүндө жөө сейилдѳѳ. Эски шаарчанын кереметтүү сулуулугу кѳӊүлгѳ жакпаганга, мүмкүн эмес.

Көптөгөндѳр, заманбап Тбилисинин жүзү деп аташкан Тынчтык  көпүрөсүндѳ сейилдѳѳ жана " Рика" сонун паркында.

Тбилисинин коргоочусу – «Нарикала» чеби,  анын короосундагы кооз чиркөө, шаарга болгон кѳрүнүш суктандырбай койбойт.

Борбор калаанын башкы жолдорунда  – Руставели проспектиси жана тарыхый кооз Марджанешвили көчөлѳрү боюнча -  сизди bus-тур күтѳт.

Бош убакыт. Тбилиси мейманканасында түнѳѳ.



Мейманканада эртеӊ мененки тамактануу. Батыш Грузияга чыгуу.

Mцхета биринчи аялдама. Бул шаар Грузия тарыхынын тирүү китеби, шаар - UNESCO мурасы.

Бул жерде биз «Светицховели» кафедралдык  ийбадатканага барабыз –бул сыйынуу жердин куруусу -  Грузиянын жаңы гүлдөгѳн этабына дал келет. Ал Грузия боюнча башкы архитектуралык курулуштардын бири гана эмес, ал эми Грузиядагы чиркөө борбору.

Джвари (V к) монастрына чыгабыз, байыркы аңгемелер боюнча Грузия агартуусучу Ыйык Нино тиленген жер. Бул жерден сонун  көрүнүш ачылат! 

Факультативдүү  формада: Мцхетада  Грузин дыйкан үй-бүлөсүнѳ барып  түшкү тамактанууга мыкты грузин даамдарын татыӊыз.

Вино жасоочу жердин ээси жүзүмдүк жөнүндө айтып берет жана аны менен Чача менен шарапты дегустация кылсаӊыз болот. Анан кожойкеден грузин тамактары жѳнүндѳ кызыктуу сабак күтѳт.

Тбилисиге кайтуу. Мейманканада түнѳѳ.



Мейманканада эртеӊ мененки тамактануу.

7:00 Тбилиси ж/д вокзалына трансфер.

8:00 Комфортабелдүү жогорку ылдамдыктагы поездде Тбилиси-Батумиге кѳчүү.

13:00 Батумиге келүү. Ж/д вокзалдан мейманканага трансфер. Мейманканага түнѳѳ.

15:30 Батуми боюнча жѳѳ тур. (2-3 саат)

Батуми,  кара деңиз жээгинде жайлуу созулуп, сиздин жүрѳгүӊүзгѳ эстен чыккыс таасир калтырат. Бул жерде баары грузин бийинин ритми менен, азыркы заманга ылайыктуу динамика менен жана бай маданияты менен жашайт. Батуми Григориан чиркөөсүнө жана Ыйык Николайдын чиркөөсүнѳ баруу.

Батуми Пиацасына барабыз- Европанын аянты, сулуулугу боюнча   белгилүү италиялык Пиацаларынан кем эмес ошондой эле бир сыйкырдуу маанай жаратат.

Ошондой эле «Орта Джаме» мечитине жана кызыктуу Батуми деңиз вокзалына баруу.

Ѳзүнүн сулуулугу менен Нептун эстелиги таң калтырат,  Батуми драмалык театры жана алтын мунарасындагы атактуу астрономиялык саат.

Баардыгы билишет  Алтын жүн жана Аргонавттар жѳнүндѳ уламышты, биз бара турган Аргонавттар аянты Медея эстелиги менен бирге  ушул уламышка арналган.

Батуми  боюнча кечки  экскурсия.

Биз лазердик шоуга барабыз - бийлеген фонтандар, атайын Франциядан алынып келинген, жарык-музыкалдуу, укмуштуудай болгон шоу сизди абдан кызыктырат.

Кечтин өзгөчөлүгү -Батуми сүйүү статуялары - абдан уникалдуу жана тайманбастык ой. Шекспирдин калемине татыктуу  жүрөктү элжиреткен бул уламышты, ошол жерден уга аласыз.

Батумидеги эӊ мыкты ресторандардын бирине трансфер, ал жакта сизди улуттук даамдуу кечки тамак жана атактуу грузин шарабы күтѳт. Жылуу жана жагымдуу атмосфера, укмуштай даамдуу грузин ашканасы жана шарап – күндү эӊ мыкты бүткөрүү.

Батуми мейманканасында түнѳѳ.



Мейманканада эртеӊ мененки тамактануу. Бош убакыт.

Факультативдик экскурсияларды сунуш кылабыз:

1. Кутаисиге экскурсия үңкүрлѳргѳ баруу менен: Сатаплия или Прометей.

2. Кутаисиге экскурсия + Каньон «Мартвили»

3. Экскурсия Трабзонго (  Турция чегарасынан өтүү + шопинг)

Мейманканада түнѳѳ


Мейманканада эртеӊ мененки тамактануу.

Тоолуу Аджара боюнча сырткы экскурсия. (3 саат)

Тоолуу Аджара -  Грузиянын укмуштуудай аймагы болуп саналат.

Аджарисцкали аттуу-Аджаранын эӊ узун дарыясын кѳрѳ аласыз, орто кылымдагы жаа өткөөл түрүндөгү көпүрө- Махунцети, XI кылымда  вулкандык тетиктеринин тоо- таштарынан курулган  жана Махунцети тоо шаркыратмасы кристалдуу таза суусу менен жыйырма метрден ашкан бийиктиктен түшѳт.

Жолдо баратып «Аджарис цкали»  шарап үйүнѳ кайрылып, Аджаранын сейрек кездешкен шарабтарын дегустация кылууга  мүмкүнчүлүк болот.

Кечтин өзгөчөлүгү -Батуми сүйүү статуялары - абдан уникалдуу жана тайманбастык ой. Шекспирдин калемине татыктуу  жүрөктү элжиреткен бул уламышты, ошол жерден уга аласыз.

Мейманканада түнѳѳ.


Мейманканада эртеӊ мененки тамактануу.

06:30 Батуми  ж/д вокзалына трансфер. 07:35 Кѳчүү Батуми -  Тбилиси поездде .

12:30 Тбилисиге келүү.

Тбилиси аэропортуна трансфер. Тейлөөнү аяктоо.

Мекенге кайтуу.


В стоимость тура входит:

Авиаперелет 

Встреча и проводы в аэропорт;

Весь трансфер в период тура;

Проживание в выбранной Вами гостинице в Тбилиси и Батуми  3*или 4*, на базе завтраков;

Стоимость  указанных в туре экскурсий;

Обслуживание профессионального  гида;

Входные билеты;

Подъемники на Нарикала;

Ж/д билеты Тбилиси-Батуми – Тбилиси;

Ужин в ресторане Батуми;

Презентики от принимающей стороны.

ВНИМАНИЕ: Экскурсия по вечернему Батуми возможна только при хороших погодных условиях

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.