Австрия - Швейцария – Германия

Сезон:


Июнь, Июль, Август, Сентябрь

Адамдар ар дайым саякатты жакшы көрүшчү. Сиздерди алдында жаңы, тааныш эмес нерселер жана окуялар, саякаттар күтүп жатканда, жүрөгүнор кубанычка толуп баштайт. Бирок, биз каалаганнерселерди ар дайым өзубуз бере албайбыз. Ал ар кандай себептер менен байланыштуу.

Алардын бири - акча. Тилекке каршы, көп учурда алардан көз карандыбыз.

Биз шаарлардын жана курорттор көрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган программасны атайын сиздерге ойлоп таптык. Биз ушул үчүн үч өлкөнү алууга чечтик - Швейцария, Аргентина жана Германия. Ошондой эле, сиздерге дүйнөнүн бардык бай кишилери келген жерлерди тандап көрсөтүүнү чечтик.

Ошентип, кыялдар орундалат !!!

Маршрут: Вена (1-түн) – Мюнхен (1-түн) – регион Цюрих (2-түн) – Юнгфрау жана региону Берн (2-түн) –Монтре жана Интерлакен региону (2-түн) –Женева региону (1-түн) 

от 88000 KGS (1035€)

Күн: 10 / Түн: 10

Турду брондоо
close

Вена

Венага учуп келүү.

Вена шаарына учуп келген туристтер үчүн бекер трансфер. Операны көрүш үчүн бир күн эрте учуп келүүнү сунуштайбыз.

Мейманканага трансфер. Жайгаштыруу.

Күндүн экинчи жарымында шаар боюнча жөө түрүндө экскурсия.

Вена - Мюнхен

Мейманканада тамактануу

Мюнхен шаарына бара жатканда – кошумча төлөм үчүн Зальцбургбоюнча экскурсия.

Мюнхенге автобус же поездменен көчүү.

Шаар ичинде экскурсия.

Мейманканада жайгаштыруу.

Бош убакыт.



Мюнхен - Замок Нойшванштайн

Мейманканада тамактануу.

Цюрих шаарына эртең менен эрте чыгуу жана көчүү, жолдон Нойшванштайн сарайын көрсөк болот (сыртынан).

Нойшванштайн сарайыдын жанында тыным, ал Европадагы атактуу сарайларынын бири, Бавария падышасы Людвиг II тарабынан курулган (XIX кылымда).

Нойшванштайн сарайы Париждеги Диснейлендтин жомок сарайынын прототиби болгон.

Цюрих шаарына келер менен шаар ичинде экскурсия. Мейманканада жайгаштыруу.

Цюрих - Штайн Ам Райн – Рейн шаркыратмасы

Штайн-ам-Райнге көчүү

Штайн-ам-Райн боюнча сейлдөө (Германия менен чектешкен орто кылымдардагы шаар), Райнфаль шаркыратмасынын жанында тыным, ал Европадагы ири шаркыратмасы болуп саналат (шаркыратмалары кирүү билеттери турдун баасына кошулат). Рейн дарыясынын сол жээгинде, Шафхаузен шаары жайгашкан, ал шаркыратманын уламынан пайда болгон жана дарыясынын жээгинен көрүнөт.

Кошумча на Лихтенштейн Княздыгы жергиликтүү шарапты татып мүмкүнчүлүк. Европа бүткүл ажылык жайга экскурсия, Айнзидельн шаарындагы монастырда "кара Мадонна" жайгашкан. Биз дүйнөдөгү Барокко архитектура чеберлерине барабыз (15кылым) жана айыктыруу суусун иче алабыз.

Кечинде бош убакыт.

Цюрих - Люцерн - Интерлакен-Регион Юнгфрау

Мейманканада тамактануу.

Люцернге көчүү.

Люцерн боюнча жөө түрүндө экскурсия.

Интерлакен шаарына көчүү.

Интерлакен келери менен шаар ичинде сейлдөө. «Кирххофер» дүкөнүндө эстеликтерди жана сааттарды 15% га чейин арзандатуу менен сатып алууга болот. Юнгфрау аймагындагы мейманканада жайгаштыруу.

Кечинде бош убакыт.

Юнгфрауйох – Долина Водопадов

Мейманканада тамактануу.

Бош күн.

Альпыга кошумча экскурсия. Жылуу кийингенди унутпагыла, анткени, биз Аяз ханышагаконоко барабыз. Кар жолдо толгон күтүлбөгүздүктөр бар. Аба ал жерде кысылгандай болот, бирок ойлорунар ачык бойдон калат: Ура! Биз болжол менен 3600 м.бийиктиктебиз. Бул жерде өтө суук ... ( жай менен кышы дагы).

Же болбосо, Базелге кошумча экскурсия (жай менен кышы дагы).

Жай мезгилинде Альпыга барбагандар үчүн кошумча Бринц көлдүн жана шаркыратмалар өрөөнүнө экскурсия. Сиз белгилүү болгон Райхенбахский шаркыратмасын көрө аласыз, аны Шерлока Холмсстун өлгөн жери деп Конан Дойль белгилүү кылган.

Ошондой эле, сиз Швейцариянын жогорку Штауббах шаркыратмасы менен таанышасыздар жана Европадагы жалгыз туристтер келген Трюммельбах тоосунун ичиндеги шаркыратмага бара аласыздар.

Регион Юнгфрау - Интерлакен - Берн - Грюйер - Регион Монтрё

Мейманканада тамактануу.

Берн шаарына көчүү.

Берн тарыхый борборуна тур жана Аюу ордосуна, Саат мунарасына, өкмөт имараттары, эски шаардын архитектура жайларына баруу жана башкалар.

Грюйерге көчүү.

Орто кылымдагы айыл-кыштактарды аралап, Грюйер сарайына барабыз. Жергиликтүү, улуттук – фондю тамагын жеп көрүүгө мүмкүнчүлүк бар жана жаңы швейцар сырын сатып алууга болот.

Кошумча Брок шаарындагы шоколад комбинатына экскурсия.

" Он кишинин ичинде тогузо шоколадты жакшы көрүшөт, бирок онунчу киши алдап жатат", - швейцарлар ушинтип айтууну абдан жакшы көрүшөт. Экскурсия учурунда сиздер жон гана шоколадтын жасалмасын коро албастан эле, ошондой эле, шоколадты тойгончо жеп аласыздар.

Монтрё шаарына көчүү.

Мейманканада жайгаштыруу.

Бош убакыт.

Термальный Центр - Франция

Кошумча Lavey-Les-Bains - жылуулук борборуна экскурсия.

(Эскертүү! Борбору техникалык себептерден улам жабык болушу мүмкүн)

Булактар сиздерди стресстен арылуудан жардам берет.

Суу алдындагы массаж жаштыкты жана сулуулукту кайтарып берет, белдин оорушун арылууга жардам бере алат. Ысык суу ванналар энергетикалык түрткү берет. Эвкалипт мончолору сиздердин өпкөңүздү тазалайт.

Процедурадан кийин – бир чыны ысык шоколад же тоо чөптөрдөн жасаоган жыпар чай ичиңиздер.

Же болбосо:

Каалоо боюнча –Франция – Анси, Ивуар кошумча экскурсия (жайында), Анси, Шамони-Мон Блан (кышында)

Кечинде юош убакыт.

Mонтрё - Лозанна - Женева

Мейманканада тамактануу.

Швейцар ривьерачына сапар.

Шильон сарайына баруу (кирүү билеттери турдун баасына киргизилген).

Веве шаарына көчүү, ал Чарли Чаплин туулуп өсүп жана каза тапкан жер.

Лозаннага көчүү.

Лозанна шаардын кооз жээгиндеги, Олимпиада кыймылынын музейинин жана Олимпияда паркы жанында кыска тыным.

Женевага келери менен шаар боюнча эл аралык уюмдардын жаатына, женева фонтанына, Гүл саатына, Роза бакчасына, эски шаарга жана башкаларга экскурсия.

Мейманканада жайгаштыруу.

Бош убакыт.

Женева

Мейманканада тамактануу.

Аэропортко трансфер жана учуу.

* 1 адамды 2 орундук жайга жайгаштыруу баасы көрсөтүлгөн

Турдун баасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

Бекер трансфер Вена шаарына учуп келип кайра Женевадан учуп кетүүчүлөргө.

Программа боюнча жагымдуу автобустардын ичинде орус тилин билген гид менен экскурсиялар.

3*-4* категориясындагы мейманканалар

Тамактануу «швед столу».

Медициналык камсыздандыруу

Кошумча төлөмдөр:

Виза  (80EUR)

Авиабилеттер

Кошумча пикир:

Каалагандар үчүн жеке программаны көрсөтө алабыз.

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.