Өзбекстанга группалык тур. Орусча сүйлөгөн гид менен.

Баанын ичинде:

  • Экскурсилар
  • Эртеменки тамактануу
  • Фольклор шоу

Мезгил:


Март, Апрель, Май, Июнь, Июль, Август, Сентябрь, Октябрь, Ноябрь

Мүнөздөмөлөр:

0

"Самарканддын базарлары жана куполдору". Силерди каникулда Өзбекстан өлкөсүнө чакырабыз. Өлкөнүн негизги маданий шаарлары болгон - Хива, Букара, Самарканд шаарларына барасыңар. Бул шаарлар Рим жана Вавилон шаарлары менен бир жашта. Тур бүткөнчө силер архитектуралык эстеликтер, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн иштери менен таанышасыңар, улуттук даамдан сызып, чыгыш базарынын атмосферасына чөмүлөсңөр.


от 32830 KGS (490$)
МЫКТЫ БАА

Күн: 7 / Түн: 6

Турду брондоо
close

Ташкент шаарынын аэропортуна конуу. Эртең мененки тамактануу үчүн ресторанга трансфер. Ташкентте калбайбыз.

Ташкент – убакыттын токтоп калган жериндей, Байыркы мезгил менен азыркы мезгил айкалышып кеткендей сезим калтырат. Укмуштай кооз бул шаардын дубалдары өзүнө керемет сырларды, ал эми жери болсо байыркы доордун улуу тарыхын катып тургандай. Саат 11:00дө Ташкент шаарына экскурсия. Шаар боюнча экскурсияда Эркиндик аянтына, Театр аянтына, Кафаль Шаши мечити жана Бараккана(хана) медресеси жайгашкан Хаст Имам аянтына жана тарыхтагы эң эски Куран китеби сакталган музейге барабыз. HY-57 рейси боюнча саат 18:40/20:20да Ургенчке учуу үчүн жергиликтүү аэропортко жол тартабыз (2017-жылдын күн тартиби боюнча). Мейманканага жайгашуу жана түнөө.

Хива- чыгыш маданиятынын 50гө жакын эстеликтерин камтыган жана шаардын кооз көчөлөрүндө катылган, ачык асман алдындагы музей. Аларды тапкан адам ата-бабаларыбыздын бизге калтырып кеткен кооздугун көрө алат. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастардын катарына киргизилген Ичан Кале боюнча жөө сейилдөө. Мейманканада түнөө.

Эртең мененки тамактануу. Кызылкум чөлү аркылуу Букарага жол тартабыз. Жолдон эң чоң дарыя – Амударыянын жанына токтойбуз. Шаарга келип, мейманканага жайгашуу. Букара- жомок жана поэзиянын шаары. Бул жакта уламыштар көчө тасмаларында зигзаг сыяктуу каалгып учат, мунаралардын узунунан адамдардын генийлиги жатат жана жердеги ар бир таш чексиздиктин чаңы менен капталып турат. Мейманканада түнөө.

Шаар ичинде экскурсия: Ляби-Хауз ансамбли, Кукөлдөш, ханка надира Диван беги медрсесеси,  Мири-Араб медресеси, Жума мечити, Улукбек медресеси, Чор-Минор мавзолейи, Магоки Аттори мечити, соода-сатык орундары(купол), Чашма Аюб мавзолейи, Боло Хауз мечити, Арк чеби, Пои-Калян ансамбли, Саманиддер мавзолейи, базар кыдыруу. Кечинде бизди бий, ыр фольклору жана өзбектердин улуттук кийимдеринин көргөзмөсү күтөт. Мейманканада түнөө.

Эртең мененки тамактануу. Самарканд шаарына  жол тартабыз. Шаарга келгенден кийин мейманканага жайгашуу. Самарканд – уламыштарга бай шаар. Шаардагы ар бир кыш өткөн мезгилдин күбөсү болгон. Ар бир район өзүнүн тарыхына, уламышына жана аңгемелерине бай. Булардын бардыгын ар бир Самарканд жашоочусунан угуп, билип, сезүүгө болот. Ак көнүл, меймандос эли жана маданий жайлары менен эсте кала турган унутулгус шаар.Самарканд шаары боюнча экскурсиянын башталышы. Экскурсияны эң алгач Гур-Эмир ( XV к) мавзолейинен баштайбыз.  Афросиаб ( Самарканддын пайда болгон жери) жана анын музейинен шаардын панорамалык көрүнүшүн көрүүгө болот. Мейманканада түнөө.

Эртең мененки тамактануу. Бир күн толугу менен шаар ичинде экскурсия. Регистан аянтына ( Борбордук Азиядагы эң кооз аянт), Улукбек, Шер-Дор, Тиля Кари медресеси, Биби-Ханым мечити, Сиаб базарын кыдырып бул жактан чыгыш таттуулары, таанымал самарканд нандары жана табияттын ар түрдүү даамдары менен тааныша аласыңар.Эски шаты менен өзүнө терең акылмандыкты катып турган Шах-Зинд (XI-XIXк) некрополуна чыгабыз. 15-кылымда эле жыл тартибин так айткан, 1.25 секундага гана ката болуп чыккан улуу астроном Улукбектин обсерваториясына барабыз. Байыркы жибек кагазын даярдоо борбору менен таанышып , ал жактан чеберкананын короосунда отуруп чай ичесиңер. Мейманканада түнөө.

Эртең мененки тамак. Ташкент шаарына сапар алабыз жана ал жактан аэропортко трансфер.

ТУРДУН БААСЫ СОМ МЕНЕН (ДОЛЛ)/КИШИ БАШЫНА
Сезон арасы
13.06-19.06.2018
15.08-21.08.2018
31.10-06.11.2018
05.09-11.09.2018
32 830 (490 Долл) киши башына/2 орундуу номерде 
 40 200 (600 Долл) киши башына/бир кишилик номерде
34 840 (520 Долл) киши башына/2 орундуу номерде 
42 210 (630 Долл) киши башына/бир кишилик номерде

Топто минималдуу кишинин саны 2*; максималдуу 20 киши*. Турдун төлөмүн доллар менен төлөөдөн мурда КР Улуттук Банкынын курсу менен төлөө керек.

ТУРГА КАМТЫЛГАН
2 кишилик жатакана Хива  -  3* мейманкана (2түн)       
 Бухара -  3* мейманкана(2 түн)                                                                                    
Самарканд - 3* мейманкана (2 түн)                                                                     
                                                                                                      
                                                                                 
ТранспортАйдоочусу менен, түзүлгөн маршрут менен ыңгайлуу унаа
Гид кызматтарыАр бир шаарда орусча сүйлөгөн гид (2-7 кишиден турган топтор үчүн).  Турда толугу менен коштоп жүрүүчү орусча сүйлөгөн гид ( 8 кишиден турган топтор үчүн)
Тамак-ашB&B (эртең мененки тамактар гана)
Кирүү төмдөрүПрограммага ылайык
Өзбекстанга туристтик таксаКамтылган
Ташкент-Ургенч өлкө ичиндеги учуу авиа билети / эконом классКамтылган
Өзбек кийимдеринин көргөзмөсү жана фольклордук кечеКамтылган
ТӨЛӨГӨ КАМТЫЛГАН ЭМЕС
Эл аралык учуулар
Өзбекстанда виза ачуу 
Камсыздоо
Жеке чыгымдар
Эстеликтердин жанындагы сүрөт жана видеолорго төлөмдөр
Гид жана айдоочуга кошумча акча (чаевой) каалоңуз менен

Если предложенные даты тура не совпадают с нужными для Вас, пожалуйста, обратитесь к нам на tours@concept.kg и мы организуем более персональный тур

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Расписание вылетов Бишкек-Ташкент-Бишкек

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.