Өзбекстан-Кыргызстан-Казакстан менен биргелешкен тур.

Баанын ичинде:

  • Экскурсилар

Мезгил:

middle of June - September

Мүнөздөмөлөр:

0

Бул турдун алкагында силер Борбор азиянын 3 өлкөсүнө барасыңар: Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан. Шаарлар: Ташкент, Букара, Самарканд, Фергана, Ош, Токтогул, Бишкек, Чоң-Кемин, Ысык-Көл, Каракол, Алматы.


от 118590 KGS (1770$)
МЫКТЫ БАА

Күн: 16 / Түн: 16

Турду брондоо
close

Ташкент шаарына кечки рейс менен учуп келүү. Гид менен жолугуу жана мейманканага трансфер ( убактысынан эрте жайгаштыруу камтылган). Эртең мененки тамак жана эс алуу. Өзбекстандын баш калаасы  – Ташкентти кыдыруу. 2.4 миллион эли бар Ташкент шаары “Таш шаары” деп которулат. Борбордук бөлүктө жайгашкандыгы үчүн VIII кылымда арабдар келгенге чейин согдий жана түрктөрдүн таасиринде калган. 1219-жылы Чыңгыз хан шаарды кыйроого учураткандан кийин Ташкент кайрадан курулуп, Жибек жолунун негизги борбору болуп калган. Шаар 1865-жылы орус армиясы тарабынан басылып алынган, ал эми Совет мезгилинде болсо демографиялык өзгөрүүлөргө дуушар болуп, өнүгүү болгон. Азыркы күндө Ташкент өлкөнүн баш калаасы катары ири мегаполиске айланып, укмуштай кооз музейлер, опера жана даамдуу ашканалардын үйү болуп калды. Андан сырткары Ташкент Борбордук азия жана Өзбекстанды дүйнө жүзү менен байланыштырган тарнспорт борборуна да айланды. 1966-жылдагы катуу жер титирөөдөн кийин Ташкенттин эски бөлүгү көптөгөн тарыхый имараттарды сактап калган. Бул жакта көптөгөн базарлар, медресе, музейлер, кол өнөрчүлүк борборлору, эс алуу бактары, аянттар жана театрлар бар. Ташкент метросу укмуштай системага ээ жана станциялары арт-галереяга айланган.

Турдун ичинде:

-   Алишер Навои атындагы опера жана балет театры. Театрдын жапон эли үчүн мааниси чоң, анткени Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде  камактагы жапон аскерлери тарабынан курулган. Алардын театрга кошкон салымы жөнүндөгү маалымат жазылган такта театрдын бир бөлүгү болуп саналат.

-   Кайраттуулук  эстелиги – 1966-жылы чын куран айынын 26да болуп өткөн жер титирөөдөн кийин тургузулган. Шаар кыйрап, майдаланып калган, кийин жаңы Ташкент пайда болгон.

-   Амир Тимурдун эстелиги – Ташкенттин борборунан орун алган. Амир Тимур ат минип  курал-жаракчан отурат да сол колу менен аттын жүгөнүн кармап, оң колу менен элге салам айтып турат.

-   Мустакылык (Көз карандысыздык аянты) – Өзбекстан Республикасынын саясий борбору. Бул жакта Сенат жана башкаруу имараттары жайгашкан. Көз карандысыздык эстелиги 1991-жылы өлкөнүн суверенитетинин символу катары тургузулган. Ал алтын глобусту жана Өзбекстанды чагылдырып турат.

Жергиликтүү кафеде кечки тамактануу.

Эртең мененки тамактан кийин Букарага учуу үчүн аэропортко жол тартуу.

Букара – ыйык шаар! Букара шаары мусулмандар үчүн ыйык жер болуп келген, андан сырткары шаар Жибек жолунда негизги аялдама болуп саналган. Орто кылымдарда шаар гүлдөп турган учурда ислам өлкөлөрүнүн окумуштуулары дүйнөнүн төрт бурчунан келип билим алышкан, алардын ичинде Ибн Сина жана Фирдауси болгон. Шаардын көркөм-маданий жерлерин бир күндө көрүп чыгууга болот, бирок бул жер орто кылымдардан бери анча деле өзгөрүүгө учурабаган жер. Тарыхый жерлерди жай кыдырып, буюмдарды карап жүрсөң укмуштай атмосферага туш болосуң. Букаранын тарыхый борбору ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасы катары тизмеге киргизилген.

Букара шаары боюнча турдун ичинде:

-   Регистан аянты – байыркы убактардан бери Пайгамбар кемеси (ковчег) Букара башкармалыгынын резиденциясына катылган . Ал жерден – кеңсе, тыйын короосу, сарайлар, кампа, казарма, сыйынуучу жерлер, чеберканалар, аткана жана абакты да көрүүгө болот.

-   Исмоил Сомони мавзолейи – Исмоил Сомонинин эс алуучу жайы катары 9- кылымда курулган. Исмоил Сомони – Борбордук азияны башкарып турган персид династиясынын бири Саманид династиясынан чыккан күчтүү, таасирдүү эмир. Алар IX жана X кылымдарда шаарды ээлеп турушкан. Архитекторлор кыш менен куруу салтын колдонушкан, бирок мурункуга салыштырмалуу сапаттуу стандарттар менен кура башташкан.

-   Пойкалон комплекси – Минорай Калон, Масжиди Калон жана Араб медресесинин Мири деп аталган үч структурадан турат. Мунара 1127-жылы Карахандардын башкаруучусу Арслан Хан тарабынан курулган. Мечит 1514-жылы курулган, ал эми медресе 1536-жылы бүткөн.

-   Ляби-хауз – Эски шаардын борбору болуп саналат. Аты “бассейндин жанындагы ансамбль” дегенди түшүндүрөт. “Ляби-хауз” ансамблинде 3 монумент бар. Алар: Абдулла 2 тарабынан салынган, Борбордук азиядагы эң ири ислам мектеби катары саналган Күкөлдөш медресеси (16-кылым). Надир Деванбеги медресеси (16-кылым) кербен сарай куруу максатында курулган, бирок башкаручу Имам Кулимхандын буйругу менен медресе болуп оңдолгон. Надир Деванбеги Ханака (кышкы мечит) Ляби-хауз менен бир убакта курулган (16-кылым).

-   Маггоки Аттар мечити – тогузунчу жүз жылдыкка таандык, 16-кылымда кайра оңдолгон Орто азиядагы эң эски мечиттердин бири. Медреседе кечки тамак жана фольклордук кече.

Эртең мененки тамактан кийин Гидуван аркылуу Самарканд шаарына баруу. Жолдон керамика чеберканасына кирип чыгабыз. Кечинде жетип, конок үйгө  жайгашуу.

Биздин кылымга чейин 329-жылы Улуу Александр: “Самарканд тууралуу мурун уккандарымдын бардыгы туура чыкты, мен элестеткенден да кооз экен” деп айткан. Самарканд шаары Жибек жолунун бермети болуп саналат. Анын борбору Регистан аябай дыкаттык менен кайра тургузулган. Ортоңку кылымдардын маданий борбору аталган Самарканддын борбор шаары Регистанда бири-бирине карама-каршы турган үч медресе бар. Бул медреселерди кыдыруу үчүн атайын бир күн кечке жүрүү керек. Андан сырткары Темирландын небереси тарабынан салынган өзгөчө Улукбек обсерваториясына жана Гур Эмир-Темирландын мавзолейине да кирип чыккыла.

Самарканд боюнча турдун ичине:

-   Гур-Эмир мавзолейи. Азыркы күндө анын мүрзөсүн кайра оңдолгон мавзолейден көрүүгө болот. Эң ири нефрит ташына карап отуруп анын жашоосу жөнүндө ойлонууга болот. Жергиликтүү кафеде кечки тамак.

Эртең мененки тамактан кийин кечке чейин Самарканд шаары боюнча экскурсия:

-   Тимурдун небереси Улукбектин обсерваториясы. Улукбек астроном, окумуштуу жана архитектор болгон. Анын илимий иштери жана астрономиялык ачылыштары бул чөйрөнү бир аз алдыга жылдырды. Обсерваторияда жалгыз ири астрономиялык аспап секстанттын бир бөлүгү эле сакталып калган.

-   Пайгамбар Даниилдин күмбөзү. Шаардагы көптөгөн маданий жерлердин арасында  Даниил пайгамбардын күмбөзү Афросиабдагы мүрзөдө жайгашкан. Ал жерде узундугу 18 метр болгон маркумдарды көмүүчү камера бар. Сирияны басып алгандан кийин Амир Темирдин буйругу менен күмбөз Самаркандга жеткирилген.

-   Афросиаб-байыркы жана орто кылымдагы Самарканддын түндүк тарабындагы кыйраган жер. Бул жер эл жашаган аймактар үчүн жакшы шарттарды түзүп берип турган. Ал жакта калдыктардын арасында музей да бар.

-   Шахи-Зинд комплекси (9-14-кылым,19-кылым), Афросиабдын түштүк-чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Бул архитектуралык комплекс 20 мавзолейге тең келген 44 күмбөздөн турат. Шахи-Зинда Мухаммад пайгамбарыбыздын  (с.а.в) аталаш/энелеш бир тууганы болгон жана ага аябай окшош болгон.

-   Регистан ансамбли Афросиабда жашоо токтоп калганда шаар аянты болуп калган. Андан бери Регистан бир нече жолу оңдолгон. Бүгүнкү күндө ал Улукбек, Шердор жана Тилля-Кари аттуу үч медресе менен курчалып турат. Жергиликтүү үй-бүлөнүн үйүндө палоо  менен кечки тамак.

Эртең мененки тамактан кийин Самарканд шаары боюнча тур уланат.

-   Биби-Ханым мечити – Тимурдун жубайынын урматына аталган, 1399-1014-жылдары курулган жана Орто азиянын эң эле белгилүү архитектуралык курулушу болуп саналат. Мечит Тимурдун Делидеги жеңишинен кийин анын буйругу менен курулган. Базар кыдыруу жана Ташкентке баруу. Кечинде келүү жана конок үйгө жайгашуу. 

Жергиликтүү ресторанда кечки тамактануу.

Эртең мененки тамактан кийин Кокон аркылуу Ферганага баруу. Шаар боюнча экскурсия. Риштанга, керамика чеберканасына барабыз. Келгенден кийин Ферганада конок үйгө  жайгашуу. Конок үйдө кечки тамактануу.

Эртең мененки тамактан кийин Маргиланга жол тартабыз жана “Йодгорлик” атлас даярдоо ишканасына барабыз. Андижандан кийин Кыргыз-өзбек “Достук” чек арасынан өтөбүз. Кыргыз тараптагы гид менен жолугуу, ал конок үйүнө чейин коштоп барат. Кечки тамак жергиликтүү үй-бүлөнүн үйүндө болот. Конок үйүндө түнөө.

Эртең мененки тамактан кийин Ош шаары боюнча экскурсия:

- ыйык Сулайман-Тоо тоосу жана Бабурдун мавзолейи. Андан ары “Токтогул” суу сактагычына баруу. Жолдон байыркы шаар Өзгөнгө экскурсия болот. Кечки тамак жана түнөө Токтогулда конок үйүндө болот.

Бүгүн да узун жол жүрөбүз, бирок жолду катар ак мөңгүлүү тоолорду жана жашыл талааларды көрө аласыңар. Эртең мененки тамактан кийин Бишкек шаарына жол тартуу. Узун туннель аркылуу өтүп, тоо боорундагы ийри-буйру жол менен кетебиз. Кечки тамак Бишкектеги жергиликтүү кафеде. Мейманканада түнөө.

Эртең мененки тамактан кийин борбордо экскурсия:

- Ала-Тоо жана Жеңиш аянты;

- Фрунзе жана көркөм өнөр музейи;

- Панфилов жана Эмен багы;

- Чыңгыз Айтматов жана Курманжан Датка музейи. Эгер убакыт жетиштүү болсо Ош базарын кыдырып ал жактан сувенир алабыз. 

Түштөн кийин Чоң-Кемин өрөөнүнө жол тартабыз. Жолдон тарыхый “Бурана” мунарасына экскурсия. Калмак-Ашуу айылына келгенден кийин үй-бүлөлүк конок үйүнө жайгашуу. Конок үй тынч айылда жана Калмак-Ашуу тоосун карап жайгашкан. Кечинде үйдүн даамдуу тамагы менен тапчанда кечки тамактануу. Кечки бош убакыт жана айылда сейилдөө. Жергиликтүү калк менен жана алардын күнүмдүк тиричилиги менен тааныша аласыңар.

Эртең мененки тамактан кийин Ысык-Көлгө сапар алабыз. Тамчы айылына  токтоп жергиликтүү кыргыз үй-бүлөдө түшкү тамак ичебиз. Чолпон-Ата шаарына келип, Петроглиф музейине барабыз. Кошумча суроолор боюнча Рух-Ордо көркөм маданият борборуна барабыз. Кечки бош убакыт. Кечки тамак жана түнөө мейманканада.

Эртең мененки тамактан кийин Каракол шаарына жол тартабыз. Жолдон токтоп Семенов капчыгайына экскурсия кылабыз. Каракол шаарына келгенден кийин жергиликтүү базарга, жыгачтан жасалган орус чиркөөсүнө, Дунган мечитине, Пржевальскийдин музейине чакан экскурсия уюштурулат. Пржевальский- Борбор жана Чыгыш Азияны изилдеген орус изилдөөчүсү. Ал Борбордук азияны изилдөө ишине чоң салымын кошкон жана биринчи жолу жапайы жылкынын жалгыз сакталып калган түрүн сүрөттөп жазган жана ал анын атынан Пржевальскийдин аты болуп аталып калган. Андан кийин жергиликтүү “Бир айыл-бир продукт” дүкөнүнө барабыз. Бул дүкөндү жергиликтүү аялдар ассоциациясы башкарып келет жана жапайы мөмө-жемиштерден кыямдарды, чөптөн жасалган самындарды, түрдүү сувенирлерди жасап сатышат. Жергиликтүү кафеде кечки тамактануу. Конок үйүнө түнөө.

Эртең мененки тамактан кийин Жети-Өгүз өрөөнүнө бир күнгө экскурсия. “Жети өгүз” жана “жарылган жүрөк” жарларын көрөсүңөр. Андан кийин Көк-Жайык жайлоосуна трансфер. Ал жактан жергиликтүү көчмөн малчылар менен жолугуп таанышуу. Кайра Каракол шаарына келүү. Жергиликтүү кафеде кечки тамактануу. Конок үйүндө түнөө.

Эртең мененки тамактан кийин Кыргыз-Казак “Кеген” чек арасы аркылуу Алматы шаарына барабыз. Жолдон жапайы жана кол тийбеген жаратылышка көз чаптырасыңар жана Чарын каньонуна жөө экскурсия болот. Кечки бош убакыт. Жергиликтүү кафеде кечки тамактануу.

Бүгүн кечке Алматы шаары боюнча экскурсия. Панфилов эс алуу багына, Зенковский чиркөөсүнө жана музыкалык аспаптар музейине барабыз. Базар кыдырууну сүйүүчүлөр  Жашыл базарга барсаңар болот. Ал жактан тиричилик каражаттарын сатуучу жана сатып алуучу жергиликтүү калктын жашоосу менен тааныша аласыңар. Андан сырткары ал жакта жергиликтүү шоколад ишканасы бар. Андан ары Казакстан жөнүндө кенен айтып бере ала турган Борбордук мамлекеттик музейине барабыз. Ал жерде өлкөнүн улуу археологиялык  мурастарынын кичинекей көчүрмөлөрү да бар, алардын арасында 4000 алтындан жасалган Алтын Кишинин костюму бар. Андан кийин Чымбулак капчыгайына экскурсия. Жергиликтүү ресторанда кечки тамактануу.

Учуп кетүү үчүн аэропортко трансфер

Топтогу киши саныБаасы сом менен (долл)/киши башына
2174 535 (2605 Долл)
3-4150 415 (2245 Долл)
5-6118 590 (1770 Долл)
Бир кишилик жатакана үчүн кошумча төлөм23 450 (350 Долл)

*Доллар менен төлөө учурунда КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт

Төлөмдүн ичине камтылган кызматтар
Эки кишилик жатаканаТашкент - мейманкана 3* (3 түн) 
Букара -  мейманкана 3* (1 түн) 
Самарканд -  мейманкана 3* (2 түн) 
Фергана -  мейманкана 4* (1 түн) 
Ош - конок үй (1 түн) 
Токтогул - конок үй (1 түн) 
Бишкек - мейманкана 3* (1 түн) 
Чон-Кемин - конок үй  (1 түн) 
Чолпон-Ата - мейманкана 3* (1 түн) 
Каракол - конок үй (2 түн) 
Алматы - мейманкана 3* (2 түн)
Транспорт1-2 киши болсо кондиционери менен седан, 3төн ашык болсо мини минибус
Гид кызматтарыАр бир шаарда экскурсия убагында англис тилинде сүйлөгөн гид
Тамак-ашПрограммада камтылган
Кирүү төлөмдөрүКамтылган
Суу1 литр/киши башына/бир күнгө
Төлөмдүн ичине камтылбаган кызматтар
Эл аралык учуулар
Кыргызстанга виза аркылуу чакыруу/виза
Казакстанга виза аркылуу чакыруу/виза
Өзбекстанга виза аркылуу чакыруу/виза
Камсыздандыруу
Жеке чыгымдар
Программадан сырткары тамак-аш

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.