"Кыргызстан оймо-чиймелери" 7 күндүк тур

Баанын ичинде:

  • Экскурсилар
  • Фольклор шоу

Мезгил:

middle of June - September

Мүнөздөмөлөр:

0

Бул тур Кыргызстандын кооз жерлерин көрөм жана кыргыз элинин салты, маанияты жана тарыхы менен жакындан таанышам дегендер үчүн эң ыңгайлуу тур.

Бишкек шаарына чакан экскурсиядан кийин дүйнөдөгү альпы көлдөрүнүн ичинен чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Ысык-Көлгө барабыз. Андан сырткары "Бурана" мунарасын, Каракол шаарын, Жети-Өгүз өрөөнүн жана кийиз кол өнөрчүлүгү менен таанымал Кочкор айлына барабыз.


от 39530 KGS (590$)
МЫКТЫ БАА

Күн: 7 / Түн: 6

Турду брондоо
close

Бишкек шаарына келүү жана жергиликтүү гид жана айдоочу менен таанышуу, шаарга трансфер.

Шаарга экскурсия: Ала-Тоо аянты, ачык асман алдындагы сүрөт галереясы, Эмен багы, Панфилов эс алуу багы, Эркиндик бульварында сейилдөө, Жаштар аллеясы, “Манастын” эстелиги. Ош базарын кыдыруу. “Супара” этно-комплексинде фольклордук кече жана манасчынын коштоосунда кечки тамактануу. Мейманканага жайгашуу. Кечик бош убакыт.

Тамак-аш: түшкү жана кечки тамактар.

Эртең мененки тамактан кийин Кочкор айылына жол тартабыз. Жергиликтүү кыргыз үй бүлөсү менен бир күн кечке жүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Кыргыздын салттары жана маданияты менен таанышуу: тандырда нан жабуу, уй саап жана тамак жасоо иштери. Кийизден оюнчук же сувенир жасоо салтанатына катышуу. Түшкү жана кечки тамак жергиликтүү үй бүлөнүн үйүндө. Кечинде айыл ичинде сейилдөө.

Тамак-аш: үч маал.

Эртең мененки тамактан кийин Ысык-Көлдүн түштүк тарабы менен Жети-Өгүз өрөөнүнө сапар алабыз. Ысык-Көл – кыргыз элинин бермети. Деңиз деңгээлинен 1609 м бийиктикте жайгашкан жана дүйнө жүзү боюнча бийик тоолуу көлдөрдүн ичинен экинчи орунду ээлейт (Түштүк Америкадагы Титикака көлүнөн кийин). Көлдүн жалпы аянты – 6300 кв/м. Көл агып чыкпайт. Ага 50 дарыя келип куят бирок бири дагы агып чыкпайт. Бийик тоолуу Күнгөй жана Тескей тоо кыркалары менен курчалып турат, көл кышында тоңбойт. Көлдүн суусу аз өлчөмдө туздуу жана начар минералдашкан. Жолдон Манжылы-Ата жана Жомок каньонуна экскурсия. Каньон көп жылдар аралыгында шамалдын таасири астында ар түрдүү формага айлангандыгынан ушундай аталышты алган. Каньондогу кээ бир формалар белгилүү обьекттер менен окшошуп кетет жана ошого жараша атап коюшкан. Мисалга алсак бир тоо кыркасын “Кытай Дубалы” деп атап коюшкан, анткени ал “Улуу Кытай дубалы-сепилине” окшош. Андан сырткары ажыдаар, бегемот, жылан, уктап жаткан алп жаныбарга окшош статуяларды жана көптөгөн чептерди көрө аласыңар. Бул статуялар укмуштай формасынан сырткары ар кандай түскө да ээ. Түшкү тамак боз үйдө. Жети-Өгүзгө келүү жана боз үйлөргө жайгашуу.

Тамак-аш: үч маал.

Эртең мененки бош убакыт. Түшкү тамактан кийин Каракол шаарына сапар алабыз, жолдон “жарылган жүрөк” жана “жети өгүз” жарларын көрө кетебиз.

Каракол шаарына экскурсия: жыгачтан жасалган орус чиркөөсүнө, дунган мечитине (дунгандар – Батыш кытайдан келген мусулман кытайлардын аралашмасы), Пржевальскийдин музейине . Пржевальский Борбор жана Чыгыш Азияны изилдеген орус изилдөөчүсү. Ал Борбордук Азияны изилдөө ишине чоң салымын кошкон жана биринчи жолу жапайы жылкынын жалгыз сакталып калган түрүн сүрөттөп жазган жана ага Пржевальскийдин аты ыйгарылган. Андан кийин жергиликтүү “Бир айыл-бир азык” дүкөнүнө барабыз. Бул дүкөндү жергиликтүү аялдар ассоциациясы башкарып келет жана жапайы мөмө-жемиштерден жемдерди (варенье же кыям), чөптөн жасалган самындарды, түрдүү сувенирлерди жасап сатышат. Конок үйүнө жайгашуу.

Тамак-аш: үч маал

Эртең мененки тамактан кийин Ысык-Көлдүн түштүгү менен Чоң-Кемин өрөөнүнө сапар алабыз. Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо көркөм маданият борборуна жана ачык асман алдындагы Петроглиф музейине саякат кылабыз. Неолит дооруна таандык болгон байыркы ташка чегилген жазуулар, сүрөттөр жана Петроглифтер Чүй өрөөнүнүн көчүлүк аймактарынан табылган: Токмок шаарынын жанынан, Ысык-Көлдүн жээгинен, Нарын жана Талас облустарынан жана ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын жанынан ташка чегилген 10 миңге жакын жазуулар табылган. Калмак-Ашуу айылына жетүү жана Ашуу конок үйүнө жайгашуу. Кечки тамак жана түнөө конок үйүндө.

Тамак-аш: үч маал.

Эртең мененки тамактан кийин ат араба менен айылда сейилдөө. Түшкү тамактан кийин Бишкек шаарына трансфер, жолдон “Бурана” мунарасына кирип чыгабыз. Шаарга келгенден кийин мейманканага жайгашуу жана бош убакыт. Ресторанда коштошуу кечки тамагы.

Тамак-аш: үч маал.

Эртең мененки тамактан кийин аэропортко тарнсфер.

Мейманканадан түшкү саат 12:00го чейин чыгып кетүү керек.

Тамак-аш: эртең мененки тамак

*Доллар менен төлөө учурунда КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт

ТОПТОГУ КИШИ САНЫ

бААСЫ СОМ МЕНЕН (ДОЛЛ)/КИШИ БАШЫНА

272 360 (1 080 Долл)
3-460 300 (900 Долл)
5-645 895 (685 Долл)
7-839 530 (590 Долл)
Бир кишилик жатаканага кошумча төлөм5 695 (85 Долл)

*Доллар менен төлөө учурунда КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛГАН КЫЗМАТТАР

Эки кишилик жатаканаБишкек - 3* мейманкана ( 2 түн)
 Кочкор - жеке конок үй (1 түн)
Жети-Огуз - боз үй (1 түн)
Каракол -конок үй (1 түн)
 Чон-Кемин - конок үй (1 түн)
Эскертүү:Кочкордогу конок үйдө жашоо шарттары жөнөкөй,   экологиялык жактан таза жер-жемиштерден даярдалган үйдүн тамагы.   Даараткана жана жуунучу бөлмө бардыгына бир.   Башка бөлмөлөр бош болгон учурда бир кишилик бөлмө берилет,  бир бөлмөгө 3 же 6 киши жатат.  Жети-Өгүздөгү боз үйдө эч кандай шарттар жок, даараткана сыртта, бир боз үйгө 3төн 6 кишиге чейин жайгашат.
ТранспортКондиционери бар ыңгайлуу унаа (минибус)
Гид кызматтары (англ/орус)Камтылган
Тамак-ашБардык күндөргө толук камтылган
Музейлерге кирүү төлөмдөрүКамтылган
Суу1 литр киши башына/бир күнгө

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛБАГАН КЫЗМАТТАр

Эл аралык учуулар
Чакыруу/Кыргызстанга виза
Мейманкана: эрте жайгашуу/кеч чыгуу
Жеке чыгымдар
Чоң-Кеминде ат менен сейилдөө

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.